Загрузка документа…
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 8
Базар-Коргон шаар борборундагы “Үсөн Сыдыков” атындагы парк жөнүндө
Базар-Коргон шаар борборундагы “Үсөн Сыдыков” атындагы парк боюнча Базар-Коргон шаар мэриясынын 18.10.2021-жылдагы чыгарылган токтомдун негизинде түзүлгөн келишимдерди жана паркты текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын корутундусун карап чыгып, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын 18.10.2021-жылдагы № 708-Т сандуу токтомунун негизинде 25000,0 чарчы метр жер тилкеси, № 705-Т сандуу токтомунун негизинде 23000,0 чарчы метр жер тилкеси, № 706-Т сандуу токтомунун негизинде 27000,0 чарчы метр жер тилкеси, № 704-Т сандуу токтомунун негизинде 18200,0 чарчы метр жер тилкеси түзүлгөн келишимдер боюнча Х.Халмурзаевке ижарага берилип кеткендиктен, Базар-Коргон шаарындагы борбордук парктын жер тилкеси боюнча келишим толук аткарылбагандыгына байланыштуу Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссия аркылуу 4 лотко чыгарылган токтомдор жокко чыгарылып, ачык конкурс өткөрүү менен кайра берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Базар-Коргон шаарынын убактылуу милдетин аткаруучу мэрине жана шаардын вице мэрине милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Сулаймановага милдеттендирилсин.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
| Анарбеков К.К |