Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 30-декабры № 207
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
("Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана
башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган
граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө",
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 220-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья "аткаруу бийлигинин органдары жана кызмат адамдары" деген сөздөрдөн кийин ", советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдар, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдар" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган төмөнкүдөй жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн айыптоо өкүмүнө карабастан, Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдар:
а) 58-статьянын 1-18-бөлүктөрүндө каралган контрреволюциялык кылмыштар үчүн;
б) 59-статьянын 1-7-бөлүктөрүндө, 10; 60-62, 69; 70; 72-73, 76; 82; 84; 91-92-статьяларда каралган башкарууга каршы кылмыштар үчүн;
в) 109-111-статьяларда каралган кызматтык кылмыштар үчүн;
г) 131-статьяда каралган чарбалык кылмыштар үчүн;
д) 162-статьянын "а-д" пункттарында каралган мүлктүк кылмыштар үчүн;
е) 182, 191, 192-статьяларда каралган элдин саламаттыгын сактоо, коомдук коопсуздук жана тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн.
Ушул статьянын жетинчи-он экинчи абзацтарында саналган кылмыштар боюнча саясий репрессиянын белгилери болуп бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актылардын мазмунунан жана маңызынан келип чыккан негизде кылмыш-жаза жана/же административдик тартиптеги колдонуудагы негиздемелер боюнча чечимдери саналат.";
3) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргызстандын аймагында аскер кызматына чакырылган жана аскер кызматчыларынын же командалык курамдын катарында Экинчи дүйнөлүк согушка жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын Мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн;";
4) 6-статьянын экинчи бөлүгү "ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн адамдар тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Реабилитациялоо боюнча комиссия) сунушу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 61 жана 62-статьялар менен толукталсын:
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча адам саясий репрессиялардын курмандыгы деп таанылышы мүмкүн.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишинин тартиби, милдеттери, ыйгарым укуктары, ошондой эле анын курамын түзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо менен аныкталат.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ар бир парламенттик фракциядан жана депутаттык топтон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бирден депутаты, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттардан бир өкүл;
- жарандык коомдун 5 өкүлү;
- Кыргызстандын совет мезгилиндеги тарыхын изилдеген 3 окумуштуу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, улуттук коопсуздук органдарынан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматынан 1ден өкүл.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын иши бюджеттен тышкаркы каражаттардын, анын ичинде тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Реабилитациялоо боюнча комиссия изилдөөчү катары жогорку билимдүү жана архивдик материалдар менен иштөө тажрыйбасы бар окумуштууларды, адистерди жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартат.
Илимий кызматкерлер жана Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен бардык архивдик мекемелерде 1917-1953-жылдардагы мезгилдерге тиешелүү архивдик материалдар менен тоскоолдуксуз таанышууга укуктуу.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жана изилдөөчүлөрүнө 1917-1953-жылдардагы окуялар жөнүндө архив фондун жана саясий репрессиялардын курмандыктарынын кылмыш-жаза иштеринин материалдарын пайдаланууга тыюу салууга же чектөөгө жол берилбейт.
Изилдөөчү ар бир репрессияланган адам боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия тарабынан бекитилген форма боюнча өзүнчө баяндама даярдайт жана Реабилитациялоо боюнча комиссиянын кароосуна сунуш кылган баяндамада берилген маалыматтын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик алат.
Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия репрессияланган адамды реабилитациялоо же болбосо реабилитациялоодон баш тартуу жөнүндө сунуштама менен материалдарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүү чечимин кабыл алат.
Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия репрессияланган адамды реабилитациялоо тууралуу баяндаманы жана ал жөнүндө маалыматты Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү китебине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы Реабилитациялоо боюнча комиссиянын чечимдеринин негизинде баяндаманын жалпыга жеткиликтүү электрондук формасын түзөт.
Реабилитациялоо боюнча комиссия расмий баяндаманын текстин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайттарына жайгаштырат жана аны жылына бир жолудан кем эмес жарыялоо аркылуу коомчулукка өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымдап турат.";
6) 10-статьянын биринчи бөлүгү "Акталгандар үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 3-статьясынын алтынчы абзацында көрсөтүлгөн реабилитацияланууга тийиш адамдарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
7) 11-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктүн биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 3-статьясынын алтынчы абзацында көрсөтүлгөн реабилитацияланууга тийиш адамдарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын курмандыгы катары реабилитацияланган, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин, агартуу, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн элеси жана алардын сөөгү коюлган жерлер түбөлүккө сакталууга тийиш.".
Эскертүү: Ушул Мыйзамда мамлекеттик тил менен расмий тилдин 1-берененин 7-пунктунун "а" пунктчасында айырма бар
2-берене
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 165-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 181-статья менен толукталсын:
"181-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия менен өз ара аракеттенүү
Архив фонддору жана башка документтер, анын ичинде ведомстволук архивдерде сакталып турган архивдик-тергөө иштери, алардын ачыкка чыгарылышына жараша, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдерине ачык сактоо үчүн өткөрүп берилүүгө тийиш.".
3-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
2. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын катчысына жана изилдөөчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, ошондой эле бюджеттен тышкары каражаттардын, анын ичинде тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен сый акы төлөнүшү мүмкүн деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн киргизсин;
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |