Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна) |
Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун күбөлөндүрүү, текшерүү, каттоого алуу жана маалыматтын купуялуулугун сактоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун күбөлөндүрүү, текшерүү, каттоого алуу жана маалыматтын купуялуулугун сактоо тартиби (мындан ары - Тартип) төмөнкүлөрдү жөнгө салат:
1) ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүнү жүргүзүүнү;
2) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ВИЧке милдеттүү текшерүүнү жүргүзүүнү;
3) текшерилүүчү адамдын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка ВИЧ жөнүндө маалыматтарды берүүнү;
4) санариптик технологиялардын негизинде ВИЧтин бардык учурларын мамлекеттик каттоону жана эсепке алууну.
2-глава. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
2. Мажбурлап текшерүү - сот жана тергөө органдарынын чечими боюнча жүргүзүлүүчү, адамдын макулдугусуз жугуштуу оорулардын жугушун медициналык текшерүү.
3. ВИЧ учурларынын электрондук системасы (мындан ары - ВИЧ УЭС) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан башкарылган жана ВИЧ менен ооруган адамдардын (мындан ары - ВОА) өмүрүнүн узактыгын жана сапатын жогорулатуу боюнча негизделген башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана медициналык ишти баалоо үчүн ВОА жөнүндө маалыматты сактоо, иштеп чыгуу, издөө, талдоо үчүн арналган маалыматтык системаны билдирет.
3-глава. ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүү
4. ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында (вирустук гепатитти жана ВИЧти диагностикалоо лабораторияларында) адамдын макулдугусуз, кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде, соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей негизде ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
6. ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүдөн өтүү фактысы жана жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жана ден соолукту коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык корголуучу купуялуулук мүнөзгө ээ.
7. ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүгө жиберүү:
1) адам Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келген, укукка каршы жосундарды жасаган же жасоого шектелген учурларда жүргүзүлөт;
2) кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде, соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Тартипте аныкталган тартипте жүргүзүлөт;
3) ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүү жолдомосунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адам жөнүндө маалыматтар;
- адамды ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүгө жиберүүнүн негиздери жана шарттары;
- жолдомону даярдаган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты, колу, даярдоо датасы жана убактысы.
8. ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүнүн алкагында медициналык текшерүү, анын жыйынтыгын тариздөө жана берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
9. Тестке чейинки маалымдоону жүргүзгөн медициналык кызматкерге ушул Тартиптин 4-пунктунда аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан даярдалган ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүгө жолдомо берилүүгө тийиш.
10. ВИЧтин болушун медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча медициналык корутунду (маалымкат-сертификат) ВИЧтин болушун мажбурлап медициналык текшерүүнү демилгелеген ыйгарым укуктуу кызмат адамына гана берилет.
4-глава. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ВИЧке милдеттүү текшерүү
11. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ВИЧке милдеттүү текшерүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында (вирустук гепатитти жана ВИЧти диагностикалоо лабораторияларында) адамдын жеке кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык иммунитеттен жана артыкчылыктардан колдонгон чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери алардын кайрылуусу менен ВИЧке текшериле алат.
13. ВИЧке милдеттүү текшерүүдөн өтүү фактысы жана жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык корголуучу купуя мүнөзгө ээ.
14. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жумушка орношууда же билим берүү мекемелерине тапшырууда ВИЧке милдеттүү текшерилүүгө тийиш.
15. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына ВИЧке кайрылганда аларга саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте ВИЧке текшерүү кызматтары көрсөтүлөт.
16. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ВИЧке медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аларга ВИЧтин болушуна медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча расмий медициналык корутунду (маалымкат-сертификат) берилет.
17. ВИЧтин болушуна медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча расмий медициналык корутундуну (маалымкат-сертификатты) берүү үчүн монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипте жана өлчөмдө акы алынат.
18. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жумушка орношкондо же билим берүү мекемелерине тапшырганда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюм тарабынан берилген ВИЧтин болушуна медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча расмий медициналык корутунду (маалымкат-сертификат) көрсөтүлөт.
19. ВИЧке текшерүүнүн жыйынтыгы ВИЧ менен ооруган адамдарды эмгекке тартууну жөнгө салуучу адистиктердин жана кызмат орундарынын атайын тизмегинде көрсөтүлгөн кесиптик иштин айрым түрлөрүнөн тышкары, билим алууга, иштин тандалган түрү боюнча эмгек ишине таасир этпейт.
20. Билим берүү, эмгек жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоого алууда аларда ВИЧтин болушуна медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча расмий медициналык корутундунун (маалымкат-сертификат) болушун контролдойт, ал эми ал жок болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын аймагында жумушка орношкондон же билим берүү мекемелерине тапшыргандан кийин 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ВИЧке текшерүү жүргүзүүнү контролдоону камсыз кылат.
5-глава. Санариптик технологиялардын негизинде ВИЧтин учурларын мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу
21. ВИЧтин бардык учурлары ВИЧ УЭСте адамдын идентификациялык жеке номерин, анын ичинде ретроспективдүү маалыматтарды көрсөтүү менен катталууга тийиш.
22. ВИЧ УЭСтин техникалык мүнөздөмөлөрү жана маалыматтардын коопсуздугу боюнча талаптар санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык регламенттелет.
23. ВИЧ УЭСтин маалыматтарын алуу мүмкүнчүлүгүнө санариптик коопсуздук чөйрөсүндөгү талаптарга ылайык авторизацияланган укуктары бар адамдар ээ.
24. Ушул Тартиптин 6-главасында аныкталган учурларды кошпогондо, ВИЧ УЭСтеги бардык маалыматтар купуя болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ачыкка чыгарылууга жана жайылтылууга тийиш эмес.
25. Маалыматтын көлөмү, маалыматтарды киргизүүнүн мезгилдүүлүгү, ВИЧ УЭСтеги маалыматтардын сапатына талдоо, мониторинг жүргүзүү, башка маалыматтык системалар менен маалымат алмашуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
26. ВИЧтин аныкталган жашыруун аныктоо учурлары (адамдын ким экендигин идентификациялоочу маалыматты бербестен), кийин зарыл болгон жеке маалыматтарды алууга мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, жалпы статистикалык маалыматтарда эсепке алынбайт.
6-глава. Текшерилүүчү адамдын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка ВИЧ жөнүндө маалыматтарды берүүнүн учурлары
27. Текшерилүүчү адамдын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка ВИЧ жөнүндө маалыматтарды берүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
1) абалына байланыштуу өз эркин билдире албаган жаранды текшерүү жана дарылоо максатында;
2) тергөө жүргүзүүгө же соттук териштирүүгө байланыштуу алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча;
3) 16 жашка чейинки курактагы жашы жете элек балага ата-энесин же мыйзамдуу өкүлдөрүн маалымдоо үчүн жардам берилген учурда;
4) жарандын ден соолугуна зыян укукка каршы аракеттердин натыйжасында келтирилген деп эсептөөгө мүмкүндүк берүүчү негиздер болгондо;
5) жыныстык кол тийбестикке каршы жыныстык катнашка барууга ыктыярдуулукту жокко чыгарган кылмыш жасалган 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электерге жардам көрсөтүлгөн учурда;
6) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан жеке маалыматтар массивин кармоочу катары жеке маалыматтарды мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго берүү Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды жана жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча мыйзамдары менен жөнгө салынат.