Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 812
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылынын аймагында жайгашкан жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына индустриялык-логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 21-августундагы № 1037 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылынын аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчигинде турган, жалпы аянты 2,5 га болгон сугат айдоо жеринин жер участоктору индустриялык-логистикалык борборду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
1) Тавалдиев Али Тураталиевичтин жеке менчигинде турган, № 61 контурдагы аянты 0,24 га болгон, № 62 контурдагы аянты 1,76 га болгон жер участоктору;
2) Туратали уулу Рахимдин жеке менчигинде турган, № 62 контурдагы аянты 0,50 га болгон жер участогу.
2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунун аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу пайдаланууну;
4) жогоруда аталган жер участокторунун шаар куруу документтерин шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жер участокторунун менчик ээлеринин эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштурууну;
6) аталган жер участокторунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын;
7) пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участокторунун менчик ээлерине карата Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык баштапкы абалына келтирүү менен аталган жер участокторун алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кийет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |