Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 1819-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичти Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурланович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Сулайманов Эльдар Нурланович - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |