ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-январы № 1819-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичти Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция17.01.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 17-январы № 1819-VII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичти Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурланович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Сулайманов Эльдар Нурланович - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев