Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айылдык кеңештин 1- сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/3
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайды ѳткѳрүү жана
уюштуруу жѳнүндѳ
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ” №199 Жарлыгына жана үчүнчү Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Жарлыгынын негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 7-декабрында ишемби күнү Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаева орто мектебинде Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун;
2. Күнтуу айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (калк- 16600) өкүлчүлүктүү жыйынга 100 өкүл шайлансын;
3. Күнтуу айыл аймагынан жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2024-жылдын 4-декабрынан 5-декабрга чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн; (№2-тиркеме)
5. Күнтуу айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2024-жылдын 4-декабрынан 5-декабрга чейин белгиленсин; (№3 тиркемеге ылайык).
6.Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2024-жылдын 7-декабрь деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин;
8.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
9. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага: | Султанбеков Ж.Ж. |
| Тиркеме №1 |
| БЕКИТИЛДИ Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябры № 1/3 токтому менен Төрага___________Ж.Ж. Султанбеков |
Кунтуу айыл аймагынын жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү
боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | А.А.А
| Кызматы |
1 | Султанбеков Жолдошбек Жумабекович | Айылдык кеңештин төрагасы |
2 | Джумабаева Назира Кабылбековна | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
3 | Джумакадыров Арген Джолдошбекович | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары |
4 | Бакирдинов Назирдин Толубаевич | Аксакалдар сотунун төрагасы |
5 | Егембердиева Жаңыл Молдалиевна | Жарандык активист |
6 | Джузумалиев Сагынбек Адырович | Курултай тобунун мүчөсү |
7 | Садабаев Асанбек | Күнтуу айылынын айыл башчысы |
8 | Джумабаев Жаныбек Камилович | Исмаил, Токбай айылдарынын айыл башчысы |
9 | Маматкулов Кубанычбек Алмазбекович | Айылдык кеңештин депутаты |
| Тиркеме №2 |
| БЕКИТИЛДИ Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябры № 1/3 токтому менен Төрага___________Ж.Ж. Султанбеков |
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана
квотасы.
№ | Айылдардын
(чөлкөмдүн) аталышы | Калкынын саны | Берилүүчү квотанын саны |
1 | Кызыл-Туу, (Новь) | 2820 | 15 |
2 | Исмаил
| 2045 | 8 |
3 | Маловодное
| 2522 | 10 |
4 | Кара-Сакал
| 561 | 5 |
5 | Токбай
| 568 | 5 |
6 | Новое
| 710 | 7 |
7 | Күнтуу
| 4255 | 25 |
8 | Чоң-Жар
| 922 | 8 |
9 | Шалта
| 1574 | 12 |
10 | Кичи-шалта
| 385 | 3 |
11 | Достук
| 238 | 2 |
Жалпысы: | 16600 | 100 делегат | |
| Тиркеме №3 |
| БЕКИТИЛДИ Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябры № 1/3 токтому менен Төрага___________Ж.Ж. Султанбеков |
2024-жылдын 4-декабрынан 5-декабрга чейин Күнтуу айыл аймагында
жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын
жыйындарын өткөрүү ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Маловодное | Маданият үйүнүн асты | 04.12.2024-ж саат 9-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
2 | Кара-Сакал | Окуу борбор | 04.12.2024-ж саат 10-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
3 | Токбай | Эски мектеп | 04.12.2024-ж саат 11-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
4 | Кызыл-Туу (Новь) | С. Абдылдаева мектеби | 04.12.2024-ж саат 13-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
5 | Исмаил | Жаштар офиси | 04.12.2024-ж саат 14-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
6 | Новое | Г. Капарова мектеби | 04.12.2024-ж саат 15-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
7 | Күнтуу | Эски айыл өкмөтүнүн имараты | 05.12.2024-ж саат 10-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
8 | Чоң-Жар | Н. Рахманов орто мектеби | 05.12.2024-ж саат 11-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
9 | Кичи-Шалта | Калмырза көчөсү, трансформатордун жанында | 05.12.2024-ж саат 12-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
10 | Шалта | Д. Дооронбеков орто мектеби | 05.12.2024-ж саат 14-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
11 | Достук | Көп кабаттуу үйдүн асты | 05.12.2024-ж саат 15-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
| Тиркеме №4 |
| БЕКИТИЛДИ Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябры № 1/3 токтому менен Төрага___________Ж.Ж. Султанбеков |
Кунтуу айыл аймагынан Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
жергиликтүү курултайды өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Жыйын өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуучулар |
1 | Күнтуу айыл аймагы | Кызыл-Туу айылы, С. Абдылдаева атындагы орто мектеби | 07.12.2024ж саат 10-00 | Айылдык кеңештин депутаттары, курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |