Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 18
Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө
(КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашыруу үчүн кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган, диний иш субъекттеринин статусун, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын ишине байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдар
Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан турат. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамга каршы келген ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жол берилбейт.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) диний багыттагы объекттер жана предметтер - диний ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ар кандай материалдык буюмдар жана объекттер (имараттар, мечит жана чиркөө буюмдары ж.б.);
2) сыйынуу бөлмөлөрү (намазкана жана башка сыйынуу бөлмөлөрү) - белгилүү бир диний уюм (конфессия) тарабынан сыйынуу максатында гана колдонулуучу жана жалпыга жеткиликтүү болгон, санитардык талаптар жана өрт коопсуздук эрежелери сакталган жайлар жана курулмалар;
3) миссия - уставдын негизинде иштөөчү жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөн чет өлкөлөрдүн диний уюмунун өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасында диний ишти жүзөгө ашыруунун уюштуруу-укуктук формасы;
4) миссионер - чет өлкөлүк диний уюмдун жолдомосу жана Кыргыз Республикасындагы диний уюмдун чакыруусу боюнча ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти убактылуу жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран;
5) диний насаатчы - тиешелүү диний уюмдардын борбордук башкаруу органынын макулдугу менен ар кандай ыкмалар аркылуу (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) жана Интернет тармагы аркылуу) динди жайылтуу менен алектенген диний ишмер, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөн жаран;
6) ажылык - динге ишенгендердин диний мааниге ээ ыйык жерлерге баруусу;
7) прозелитизм - башка диний окуулардын жолдоочуларын өз динине өткөрүүгө умтулуу;
8) диний иш - төмөнкүлөргө багытталган иш:
- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте динге ишенгендердин диний муктаждыктарын канааттандырууга;
- диний окууларды жайылтууга, диний билим берүүгө;
- коомдо салт катары түптөлгөндөрдү кошпогондо, диний ырым-жырымдарды жана чогулуштарды өткөрүүгө;
- диний багыттагы буюмдарды, диний адабияттарды жана материалдарды даярдоого жана жайылтууга, анын ичинде Интернет тармагында жана ЖМКда;
- ажылыкты уюштурууга;
9) диний ишмерлер (дин кызматчылары, сыйынуу кызматчылары) - дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний уюмдун атынан диний ишти жүзөгө ашыруучу, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу жүзөгө ашыруучу адамдар;
10) диний адабияттар жана материалдар - диний тексттер, ыйык жазуулар, ошондой эле диний ишти жүзөгө ашыруунун алкагында диний уюм тарабынан чыгарылуучу, жайылтылуучу, белгилүү бир динге тийиштүү болгон диний мазмундагы башка жарыяланган эмгектер, басма, электрондук, аудио жана видеоматериалдар;
11) диний уюм - диний ишти биргелешип жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлгөн, уставдын негизинде иштөөчү жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөн диний бирикменин уюштуруу-укуктук формасы;
12) диний кайрымдуулук фонду - негизги максаты диний багыттагы объекттерди, диний окуу жайларын, социалдык объекттерди курууну жана реконструкциялоону каржылоо жана диний уюмдарга, калктын түрдүү катмарларына, анын ичинде диний билим алуу максатында чет өлкөлөргө кетип жаткан адамдарга материалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле диний муктаждыктарды канааттандырууга багытталган башка каржылоону жүзөгө ашырган уюм;
13) секта -кандайдыр бир конфессиядан, негизги диний окуудан бөлүнгөн жана аны менен макул болбогон, коомдун кызыкчылыктарына кайдыгерлик жана карама-каршылык көрсөткөн диний агым (жамаат);
14) диний символ - белгилүү бир динге таандыктыгын көрсөткөн белги, атрибут же буюмдай белги.
4-берене. Дин тутуу эркиндигине болгон укук
1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасында ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укук кепилденет.
2. Ар кимдин кайсы динди болбосун эркин жана өз алдынча тандоо, тутуу укугу, анын ичинде өз динин же ынанымдарын өзгөртүү, өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбашы абсолюттук коргоого алынат.
3. Улуттук коопсуздукту, коомдук укук тартибин, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында, адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укугун чектөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен жол берилет. Мында конституциялык эркиндиктердин жана укуктардын маңызына доо кетпеши керек. Киргизилген чектөөлөр аталган максаттарга шайкеш болууга тийиш. Адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укугун чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
4. Жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун бардык тармактарында динге жана диний же болбосо башка ынанымдарга болгон мамилесине карабастан мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Расмий документтерде адамдын динге болгон мамилесин көрсөтүүгө жол берилбейт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей дин тутуу эркиндигинен пайдаланат жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарында же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
6. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) динге жана диний же болбосо башка ынанымдарга карата мамилесине жараша артыкчылыктарды, чектөөлөрдү же басмырлоонун башка түрлөрүн белгилөөгө;
2) басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган диний жек көрүүнү, диний артыкчылыкты пропагандалоого;
3) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга жана пропагандалоого;
4) диний ишмерлер жана диний уюмдар тарабынан кыргыз элинин каада-салттарынын жана үрп-адаттарынын ролун төмөндөтүүгө;
5) укуктук жана диний ченемдерди карама-каршы коюуга, коомдук мамилелерди жөнгө салууда укуктук ченемдерди басмырлоого жана, тескерисинче, диний ченемдердин илгерилөөсүн токтотууга;
6) психологиялык жана физикалык таасир көрсөтүү, коркутуу, зомбулук көрсөтүү жолу менен башка диний окуулардын жолдоочуларын, ошондой эле диний бейтарап адамдарды жана атеисттерди өз динине өткөрүүгө багытталган аракеттерге;
7) жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды өткөрүүгө, тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга, анын ичинде ЖМКда жана Интернет тармагында;
8) диний бирикмелерге мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын аткарууну жүктөөгө;
9) китепчелерди жана баракчаларды таратуу жолу менен динди жайылтуу же таңуулоо максатында, диний багыттагы объекттерди кошпогондо, турак жана турак эмес жайларды үймө-үй кыдырууга;
10) жашы жете электерди диний ишке, кызмат ордуна тартууга.
7. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, эч ким өзүнүн диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча мыйзамда белгиленген жарандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга укуксуз. Диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча бир милдетти башкасына алмаштырууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
5-берене. Мамлекет жана диний бирикмелер
1. Дин тутуу эркиндиги чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасы - дин аралашпаган мамлекет, анда диний уюмдардын жана диний сыйынуу кызматчыларынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт;
2) эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес;
3) диний уюмдардын диний окуусу жарандар үчүн милдеттүү катары белгилениши мүмкүн эмес;
4) бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында бирдей;
5) мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилелери алардын руханий, маданий, мамлекеттик жана улуттук каада-салттарды калыптандырууга тийгизген таасирин эске алуу менен мыйзам аркылуу жөнгө салынат.
2. Мамлекет динди тутунган жана динди тутунбаган жарандардын, ар кандай дин туткан диний уюмдардын ортосунда, ошондой эле алардын жолун жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулук жана урматтоо мамилелерин орнотууга өбөлгө түзөт.
3. Диний уюмдардын жана диний ишмерлердин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кандайдыр бир кысым көрсөтүү аракеттери кылмыш-жаза мыйзамдарына же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
4. Эгерде диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбаса, бир диндин же дин ишениминин башкаларга карата кандайдыр бир артыкчылыктарын белгилөөгө же чектөөгө жол бербесе, диний уюмдардын ишин жана атеисттик же башка диний ынанымдарды пропагандалоо боюнча ишти каржылабаса, мамлекет алардын ишине кийлигишпейт.
5. Диний ишмерлер мамлекеттик жана муниципалдык кызматка киргенде алардын диний иши ошол мөөнөткө токтотулуп турат.
6. Кудайга сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт.
7. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна же аны диний ишмерлердин каржылоосуна, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу;
2) өзүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жылдын ичинде диний ишмерлердин шайлоо аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер катары катышуусуна; шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды берүүсүнө; алардын үгүт жүргүзүүсүнө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгаруусуна жана таратуусуна;
3) диний багыттагы жайларда шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле диний тематиканы түздөн-түз жана кыйыр түрдө өздөштүрүүнү же шилтемелерди камтыган маалыматтарды (сүрөттөрдү) чагылдырууга жана башкача пайдаланууга;
4) диний ишмерлердин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иштерине кийлигишүүсүнө, анын ичинде аларга кандай формада болбосун кысым көрсөтүүсүнө;
5) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө диний бирикмелерди түзүүгө;
6) иши конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бузууга, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний араздашууларды козутууга багытталган диний бирикмелердин иштешине;
7) динди жайылтуу же болбосо диний ишке тоскоолдук кылуу жана дин тутуу белгилери боюнча басмырлоо максатында кызматын же кызмат абалын пайдаланууга;
8) диний ишмерлердин же диний иштин субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү же сунушталган эмдөөдөн баш тартууга багытталган маалыматтарды жайылтууга.
6-берене. Билим берүү жана дин
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ар кандай түрлөрүнө жана деңгээлдерине жеткиликтүүлүк адамдарга алардын динге болгон мамилесине карабастан берилет.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарында диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.
3. Диний уюмдардын борбордук башкаруу органы өзүнүн уставына ылайык жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дин кызматчыларын жана ага зарыл болгон диний персоналды даярдоо үчүн өз каражаттарынан каржылануучу диний окуу жайларын түзүүгө, күтүүгө укуктуу.
Диний окуу жайы билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кирбейт.
4. Диний билим берүү кесиптик атайын диний (руханий) билим берүү жана жашы жеткен жана жашы жете электер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар формасында жүзөгө ашырылат.
Атайын диний (руханий) билим берүү диний окуу жайлары тарабынан уюштуруучу (уюштуруучулар) бекиткен, мазмуну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу менен жактырылган окуу программаларынын негизинде ишке ашырылат.
Жашы жеткендер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар диний окуу жайынын уюштуруучусу (уюштуруучулары), диний уюмдардын борбордук башкаруу органы жана диний уюмдардын тиешелүү органдары тарабынан бекитилген, мазмуну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу менен жактырылган окуу программаларынын негизинде диний окуу жайлары, ошондой эле диний уюмдар тарабынан да ишке ашырылат.
Жашы жете электер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар билим берүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, кошумча билим берүү программалары боюнча окуудан тышкаркы убакта ишке ашырылат.
5. Жарандар жогорку жана орто диний окуу жайларына Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык милдеттүү билим алгандан кийин кабыл алынат.
Жалпы билим берүү сабактарынын минималдуу комплексин диний окуу жайларынын билим берүү программаларына киргизүү милдеттүү болуп саналат жана билим берүү жаатындагы жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
6. Диний окуу жайларында диний сабактарды окуткан адамдар тиешелүү документ менен ырасталган атайын орто жана жогорку диний (руханий) билимге ээ болууга жана өз ишин алар турган диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырууга тийиш.
7. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде жекече тартипте жана диний окуу жайынан тышкары диний сабактарды окутууга тыюу салынат. Ушул бөлүктө каралган талаптарды бузууга күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын билим берүү программаларына жалпы билим берүүчү мүнөздөгү дин таануу сабактары киргизилиши мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим алгандан (11-класс) кийин же диний билим алгандан кийин чет өлкөдө диний билим алууга укуктуу.
Кабыл алуучу диний окуу жайын эсепке алууну, ал жөнүндө маалымдоону жүзөгө ашыруу максатында чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлайт.
Диний билим алуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыкканда жарандар барган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык (консулдук) өкүлчүлүгүндө консулдук каттоого турат. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандар жөнүндө маалымдайт.
Дин иштери боюнча, билим берүү жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн сунушталган чет өлкөлүк диний окуу жайлары жөнүндө маалымат базасын биргелешип түзөт, аны түзүү тартиби аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен тескемеси менен аныкталат.
9. Диний окуу жайларында диний билим берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан белгиленет.
7-берене. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний бирикмелер менен өз ара мамилелерин координациялоо жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт. Анын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2-глава. Кыргыз Республикасында диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин укуктук абалы
8-берене. Диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер
1. Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти жүзөгө ашырууга укуктуу субъекттер (мындан ары - диний иш субъекттери) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) диний уюм;
2) диний окуу жайы;
3) диний насаатчы;
4) миссия;
5) миссионер;
6) диний кайрымдуулук фонду.
2. Диний иш субъекттери дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып диний ишти жүзөгө ашырууга укук алат.
3. Ушул Мыйзамга ылайык дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоосуз (кайра каттоосуз) Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти жүзөгө ашырууга жол берилбейт жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
4. Диний иш субъекттерин мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9-берене. Диний уюмдарды эсептик каттоо
1. Диний бирикменин уюштуруу-укуктук формасы болуп ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөндөн кийин диний муктаждыктарды канааттандыруу жана диний иштерди жүзөгө ашыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгы аркылуу, ыктыярдуу негизде Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан түзүлгөн диний уюм саналат.
2. Эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк колдонуу мөөнөтүн узартуу укугу менен он жылга чейинки мөөнөткө берилет.
3. Бир административдик-аймактык бирдиктин (Бишкек, Ош шаарларынын, облустун) аймагында туруктуу жашоочу Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү 500дөн кем эмес жараны диний уюмдун уюштуруучулары болуп саналат.
4. Диний уюмдун уюштуруучулары уюштуруу чогулушун чакырып, анда төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат:
1) диний уюмду түзүү, анын аталышын жана уставын бекитүү жөнүндө;
2) дайындоо же шайлоо жолу менен башкаруу органдарын түзүү жөнүндө.
5. Уюштуруу чогулушунун ар бир катышуучусу бир добушка ээ. Жарандар уюштуруу чогулушуна өздөрү катышат. Башка катышуучу үчүн же ишеним кат боюнча добуш берүүгө жол берилбейт.
6. Уюштуруу чогулушунда ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган маселе боюнча чечим чогулуштун бардык катышуучуларынын бир добуштан кабыл алынган чечими менен, ал эми ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маселе боюнча чогулуштун катышуучуларынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7. Диний уюмдар өз иштерин алар катталган административдик-аймактык бирдиктин чегинде жүзөгө ашырат.
8. Диний уюмдарды эсептик каттоо үчүн төмөнкү адамдар арыз ээлери боло алат:
1) уюштуруу чогулушунда ыйгарым укук берилген диний уюмдун уюштуруучусу;
2) диний уюмдун жетекчиси;
3) ишеним каттын негизинде иш алып баруучу башка жак.
9. Арыз ээси дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түзүлүп жаткан диний уюмдун аталышын алдын ала текшерүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
10. Диний уюмду эсептик каттоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча эсептик каттоо жөнүндө арыз ээси кол койгон арыз;
2) жарандардын, диний уюмдун уюштуруучуларынын жана уюштуруу чогулушунун катышуучуларынын фамилиясын, атын, атасынын агын (бар болсо), туулган датасын, жарандыгын, каттоо дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен, нотариалдык жактан ырасталган, тизмеси тиркелген, чогулуштун төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлган бир нускадагы уюштуруу чогулушунун протоколу;
3) диний уюмдардын уюштуруучуларынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн тизмеси.
Эскертүү. Мында жарандардын тизмелери бир гана уюмду түзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн, бир тизмени бир нече диний уюмдарды түзүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт. Бир жаран бир гана уюмдун ишине катыша алат;
4) көктөлгөн, диний уюмдун жетекчиси кол койгон жана тиешелүү дин тутуу башкармалыгынын борбордук органы менен макулдашылган диний уюмдун уставы;
5) диний окуунун негиздери жана ага тиешелүү практика жөнүндө, анын ичинде анын келип чыгуу тарыхы, анын ишинин формалары жана ыкмалары, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө карата мамиле жөнүндө, ушул динди жолдоочулардын ден соолугуна карата мамиленин өзгөчөлүктөрү, жарандык укуктарга жана милдеттерге карата уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн чектөөлөр жөнүндө маалыматтар;
6) ошол аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин ырастоочу документ (өзүнүн орун жайына болгон сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, орун жайды акысыз берүү келишими);
7) шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарга ылайык курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген диний уюм жайгашкан имараттын, курулманын ылайыктуулугун баалоо актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн же орун жайдын техникалык паспорту.
11. Диний уюмдун жайгашкан жери болуп аны эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн жер эсептелет.
12. Турак жайды диний ишти туруктуу жүзөгө ашыруучу жер катары пайдаланууга, ошондой эле турак жайдын дарегин диний уюмдун жайгашкан жеринин дареги катары көрсөтүүгө жол берилбейт.
13. Диний уюмдарды эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүү жолу аркылуу он жылдык мөөнөткө, ошол эле мөөнөткө узартуу укугу менен берилет.
10-берене. Диний уюмдун уставы жана ички актылары
1. Диний уюм уставдын негизинде иш алып барат.
2. Диний уюмдун уставы ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
3. Уставда төмөнкүлөр камтылат:
1) диний уюмдун аталышы жана түрү;
2) диний таандыктыгы, иштин предмети, максаттары, милдеттери жана негизги формалары;
3) жайгашкан жери, ошондой эле диний уюм өз ишин анын чектеринде жүзөгө ашыруучу аймак;
4) уюмдун түзүмү, анын башкаруу органдары, башкаруу органдарын түзүү тартиби, башкаруу органдарынын компетенциялары, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;
5) диний уюмдун жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
6) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
7) диний уюмдун акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн пайда болуу булактары;
8) диний уюмдун иши токтотулган учурда акча каражаттарын жана башка мүлкүн тескөө тартиби;
9) кайра уюштуруу жана ишин тоюшуу тартиби.
4. Диний уюмдун уставы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн, диний уюмдун иш өзгөчөлүктөрүнө тийиштүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана мыйзамдарга карама-каршы келбеген маселелерди аныктайт.
5. Диний уюмдун ички актылары диний уюмдун иш өзгөчөлүктөрүнө тийиштүү жана жарандык мыйзамдарга жана ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн маселелерди аныктайт.
11-берене. Диний уюмдардын борбордук башкаруу органы
1. Диний уюмдардын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн бир динди туткан диний уюмдар бир борбордук башкаруу органын (мындан ары - борбордук башкаруу органы) түзүүгө укуктуу.
Тиешелүү динди туткан диний уюмдар борбордук башкаруу органын түзүү үчүн уюштуруу чогулушун чакырат, ал башкаруунун жетектөөчү жана башка органдарын түзөт.
Борбордук башкаруу органынын тышкы байланыштары, анын ичинде чет өлкөлүк диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана эл аралык диний иш-чараларга катышуу, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардан каржы алуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Борбордук башкаруу органынын аталышы диний таандыктыгына карата көрсөтмөнү, анын ишинин негизги предметин жана "дин башкармалыгы" деген сөздөрдү камтууга тийиш.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын борбордук башкаруу органы болуп саналат.
3. Борбордук башкаруу органдары төмөнкү функцияларды аткарат:
1) конкреттүү калктуу конуштагы конфессияга ишенгендердин иш жүзүндөгү муктаждыктарынын жана сандык курамынын негизинде диний окуу жайларын жана диний багыттагы объекттерди курууну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат. Аталган объекттерди макулдашуусуз курууга тыюу салынат жана эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат;
2) диний окуу жайлары үчүн окуу куралдарын жана окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгат;
3) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга диний насаатчынын сүйлөп чыгуусуна уруксат берүү жана диний маселелер боюнча ЖМКга жана Интернет тармагына маалымат жарыялоо жөнүндө өтүнүч киргизет;
4) дин кызматкерлеринин, динге ишенгендердин сырткы келбети, маркумдун сөөгүн коюу жана жашыруу, эстелик тургузуу ж.б. жөнүндө динге ишенгендер үчүн корутунду берет;
5) диний жөрөлгөлөрдүн шарттары тууралуу чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат;
6) диний окуу жайларынын жана башка диний объекттердин жетекчилерин дайындайт. Борбордук башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган дайындоо жөнүндө чечимдер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
12-берене. Диний окуу жайын эсептик каттоо
1. Диний окуу жайынын уюштуруучусу болуп борбордук башкаруу органы саналат. Мындай орган жок болгон учурда уюштуруучу катары диний уюм өзү чыгат.
Диний окуу жайлары борбордук башкаруу органынын балансында гана болушу керек.
2. Диний окуу жайлары юридикалык жак катары мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
3. Диний окуу жайынын аталышында диний таандыктыгына карата көрсөтмө жана "диний окуу жайы" деген сөздөр камтылууга тийиш.
4. Диний окуу жайын эсептик каттоого алуу үчүн төмөнкү адамдар арыз ээси боло алышат:
1) уюштуруучу;
2) диний окуу жайынын жетекчиси;
3) ишеним каттын негизинде иш алын баруучу башка жак.
5. Арыз ээси дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга диний окуу жайынын аталышын алдын ала текшерүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
6. Диний окуу жайын эсептик каттоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча, арыз ээси кол койгон эсептик каттоо жөнүндө арыз;
2) уюштуруучу тарабынан бекитилген, көктөлгөн жана диний окуу жайынын жетекчиси кол койгон устав;
3) уюштуруучунун диний окуу жайын түзүү жөнүндө чечими;
4) уюштуруучунун уставынын уюштуруучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) уюштуруучунун диний уюм катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн уюштуруучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) окутууда колдонулуучу диний адабияттардын тизмеги бар окуу программасы;
7) уюштуруучу тарабынан бекитилген окутуучулардын сапаттык курамы жөнүндө маалыматтар;
8) тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык, өрт кызматтарынын корутунду маалым каты;
9) финансылык ресурстарынын бар экендиги жөнүндө ырастоо;
10) белгиленген аймакта диний окуу жайынын жайгашкан жерин ырастоочу документ (өзүнүн орун жайына болгон сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим, ижара жөнүндө келишим, жайды акысыз берүү жөнүндө келишим);
11) курулуп бүтүп пайдаланууга берилген имараттын, курулманын шайкештигин баалоо актысы же диний окуу жайы жайгашкан жайдын техникалык паспорту.
7. Диний окуу жайы жайгашкан жер болуп анын эсептик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн жай эсептелет.
8. Диний ишти туруктуу жүзөгө ашыруучу жай катары турак жайды пайдаланууга, ошондой эле диний окуу жайдын жайгашкан дареги катары турак жайдын дарегин көрсөтүүгө жол берилбейт.
13-берене. Диний насаатчыны эсептик каттоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары диний насаат айтуу ишин жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын жараны эсептик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Атайын жогорку же орто диний билими бар адамдар гана диний насаатчы боло алышат.
2. ЖМК, ар кандай интернет-ресурстар, социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу диний насаат айтуу менен алектенген диний ишмерлер насааттын мазмунун борбордук башкаруу органы менен макулдашууга тийиш.
3. Диний насаатчыны эсептик каттоо үчүн арыз ээси катары дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берген Кыргыз Республикасынын жараны чыгат:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз ээсинин колу коюлган эсептик каттоо жөнүндө арыз;
2) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз ээсинин колу коюлган диний насаатчынын анкетасы;
3) арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
4) диний билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
5) диний насаат айтуу ишин жүзөгө ашырууга тиешелүү борбордук башкаруу органынын макулдук каты.
4. Эсептик каттоодон өткөндөн кийин диний насаатчы Кыргыз Республикасынын аймагында бир жылдан ашпаган мөөнөткө насаатчылык иш жүргүзүү укугуна ээ болот. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин диний насаатчы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга диний насаатчынык иш жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
5. Каттоочу орган диний насаатчынын арызын анын дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузбагандыгы боюнча карайт, анын жыйынтыгы боюнча диний насаатчылык ишти жүзөгө ашыруунун мөөнөтүн узартуу же мөөнөтүн узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Диний насаатчыга эсептик каттоо күбөлүгүн берүүдө Кыргыз Республикасында насаатчылык иш жүргүзүү тартиби, анын ичинде диний насаатчылык иш жүргүзүү мөөнөтүн узартуу тартиби түшүндүрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.
7. Ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, диний насаатчы өзүнүн эсептик каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлгөн аймакта гана иш жүргүзө алат.
8. Эсептик каттоодон (кайра каттоодон) кийин диний насаатчы 5 жумуш күндүн ичинде өз ишин жүзөгө ашырган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү, өзүнүн жашаган жери, байланыш жана паспорттук маалыматтары жөнүндө кабарлайт. Аталган кабарлоону ырастоочу документ 5 жумуш күндүн ичинде диний насаатчы тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
9. Соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдарга диний насаатчынын ишин жүргүзүүгө тыюу салынат.
14-берене. Миссияны эсептик каттоо (кайра каттоо)
1. Бир административдик-аймактык бирдиктин (Бишкек, Ош шаарларынын, облустун) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү 200дөн кем эмес жараны миссиянын уюштуруучулары болуп саналат.
2. Миссияны эсептик каттоо үчүн төмөнкү адамдар арыз ээси боло алат:
1) миссиянын уюштуруучусу;
2) миссиянын жетекчиси;
3) ишеним каттын негизинде иш алып баруучу башка жак.
3. Арыз ээси дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түзүлүп жаткан миссиянын аталышын алдын ала текшерүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
4. Миссияны эсептик каттоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз ээсинин колу коюлган эсептик каттоо жөнүндө арыз;
2) миссиянын уюштуруучуларынын нотариалдык жактан ырасталган тизмеси тиркелген жана алардын фамилияларын, аттарын, атасынын аттарын (бар болсо), туулган датасын, жарандыгын, катталган даректерин, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу коюлган бир нускадагы уюштуруу чогулушунун протоколу;
3) диний уюмдарды уюштуруучулардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн тизмеси.
Эскертүү. Мында жарандардын тизмелери бир гана уюмду түзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Бир тизмени бир нече диний уюмдарды түзүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт;
4) миссиянын жетекчиси тарабынан кол коюлган жана көктөлгөн миссиянын уставы;
5) диний окуунун негиздери жана тиешелүү практика жөнүндө, анын ичинде анын пайда болуу тарыхы, иш формалары жана ыкмалары жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө карата мамилеси, ушул динди жолдоочулардын ден соолугуна карата мамиленин өзгөчөлүктөрү, уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн жарандык укуктарга жана милдеттерге карата чектөөлөр жөнүндө маалыматтар;
6) миссиянын кызматкерлери жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, жарандыгы, туруктуу жашаган жеринин дареги жана Кыргыз Республикасында жашаган дареги, билими жана мурдагы иштеген жери);
7) мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет өлкөлүк диний уюмдун уставынын көчүрмөсү;
8) реестрден көчүрмө же нотариалдык ырасталган мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк диний уюмду көрсөтүүчү юридикалык жактын статусун ырастоочу башка документ;
9) өзү дайындаган миссиянын жетекчисинин Кыргыз Республикасында жүрүү мөөнөтүн көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен жогору турган чет өлкөлүк диний уюмдун жолдомосу;
10) ошол аймакта түзүлүп жаткан миссиянын жайгашкан жерин ырастоочу документ (өзүнүн орун жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, орун жайды акысыз берүү келишими);
11) миссия жайгашкан шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн имараттын, курулманын шайкештигин баалоо актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же жайдын техникалык паспорту;
12) миссиянын өкүлүнө (ишенимдүү адамына) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
13) каржы каражаттарын түзүү тартиби жана каржылоо булактары.
5. Миссиянын жайгашкан жери болуп аны эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн жер эсептелет.
6. Турак жайды диний ишти туруктуу жүзөгө ашыруучу жер катары пайдаланууга, ошондой эле турак жайдын дарегин миссиянын жайгашкан дареги катары көрсөтүүгө жол берилбейт.
7. Эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк бир жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Бир жылдык мөөнөт өткөндөн кийин миссия ушул беренеде белгиленген тартипте дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра эсептик каттоодон өтөт. Миссия дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар жыл сайын ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө кабар берип турууга милдеттүү.
15-берене. Миссионерлерди эсептик каттоо
1. Диний ишти убактылуу жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келген миссионер эсептик каттоодон өтүүгө милдеттүү.
2. Миссионерди эсептик каттоо үчүн арыз ээси катары Кыргыз Республикасындагы диний уюм (мындан ары - чакыруучу тарап) чыгат, анын чакыруусу боюнча миссионер Кыргыз Республикасынын аймагына келет. Чакыруучу тарап дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча эсептик каттоо жөнүндө арыз ээсинин колу коюлган арыз;
2) арыз ээси кол койгон дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча миссионердин анкетасы;
3) миссионердин паспортунун көчүрмөсү;
4) миссионердин Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мөөнөтүн көрсөтүү менен чет өлкөлүк диний уюмдан жолдомо;
5) Кыргыз Республикасындагы диний уюмдун чакыруусу;
6) чакырылган миссионердин диний иши үчүн анын жоопкерчилиги жөнүндө чакыруучу тараптын кепилдик каты;
7) жарандыгы бар өлкөнүн миссионеринин соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым кат;
8) финансы каражаттарын түзүү тартиби жана каржылоо булактары.
3. Зарыл документтерди алгандан кийин дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда тиешелүү органдардын корутундуларын алуу үчүн кошумча маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
4. Миссионер эсептик каттоодон өткөндөн кийин бир жылдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти жүзөгө ашыруу укугуна ээ болот.
Аталган мөөнөт аяктагандан кийин чакыруучу тарап диний ишти жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылууга укуктуу, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөткө, андан ары узартуу укугу жок.
5. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган миссионерге карата анын дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузбагандыгы тууралуу арызын карайт, анын жыйынтыгы боюнча диний ишти жүзөгө ашыруу мөөнөтүн узартуу же мөөнөтүн узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Миссионерге эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүдө Кыргыз Республикасында болуу тартиби, анын ичинде диний ишти жүзөгө ашыруу мөөнөтүн узартуу тартиби жана Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги түшүндүрүлөт.
7. Миссионердин Кыргыз Республикасында эмгектенүүгө же жеке ишкердик иш жүргүзүүгө укугу жок.
8. Миссионер аны чакырган диний уюмдун иши жайылтылган аймакта гана иш жүргүзө алат.
9. Эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин миссионер 5 жумуш күндүн ичинде өз ишин жүзөгө ашырган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү, жашаган жери, байланыш жана паспорттук маалыматтары жөнүндө кабарлайт. Аталган кабарлоонун берилгендигин ырастоочу документ 5 жумуш күндүн ичинде миссионер тарабынан каттоочу органга берилет.
16-берене. Диний кайрымдуулук фонддорун эсептик каттоо
1. Диний кайрымдуулук фонддорун каттоого алуу үчүн арыз ээлери төмөнкү адамдар боло алат:
1) уюштуруу чогулушунда ыйгарым укук берилген диний кайрымдуулук фондунун уюштуруучусу;
2) диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси;
3) ишеним каттын негизинде иштөөчү башка жак.
2. Арыз ээси түзүлүп жаткан диний кайрымдуулук фондунун аталышын алдын ала текшерүү өтүнүчү менен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
3. Диний кайрымдуулук фондун эсептик каттоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча эсептик каттоо жөнүндө арыз ээси кол койгон арыз;
2) чогулуштун төрагасы жана катчысы кол койгон бир нускадагы уюштуруу чогулушунун протоколу;
3) диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси кол койгон жана көктөлгөн диний кайрымдуулук фондунун уставы;
4) түзүлүп жаткан диний кайрымдуулук фондунун ошол аймакта жайгашкан жерин ырастоочу документ (өзүнүн жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, жайды акысыз берүү келишими);
5) диний кайрымдуулук фонду жайгашкан, шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн имараттын, курулманын шайкештигин баалоо актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же жайдын техникалык паспорту.
4. Диний кайрымдуулук фондунун жайгашкан жери болуп анын эсептик каттоосу жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн жер эсептелет.
5. Диний ишти туруктуу жүзөгө ашыруучу жер катары турак жайды пайдаланууга, ошондой эле турак жайдын дарегин диний кайрымдуулук фондунун жайгашкан дареги катары көрсөтүүгө жол берилбейт.
17-берене. Диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо)
1. Диний багыттагы объекттер болуп диний иш үчүн пайдаланылуучу имарат, курулуш, курулма же курулмалардын комплекси саналат.
2. Диний багыттагы объект борбордук башкаруу органынын балансында гана турушу мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында диний багыттагы объект эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин гана пайдаланылышы мүмкүн.
4. Диний багыттагы объектти эсептик каттоо (кайра каттоо) борбордук башкаруу органынын арызы боюнча дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Борбордук башкаруу органы жок болгон учурда диний уюм дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет.
5. Диний багыттагы объектти эсептик каттоо (кайра каттоо) үчүн төмөнкү документтер берилет:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча эсептик каттоого (кайра каттоого) арыз;
2) диний багыттагы объектке менчик же убактылуу пайдалануу укугун ырастоочу документ (сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, ссуда келишими, расмий кат);
3) диний багыттагы объектти, имаратты, курулушту, курулманы пайдаланууга берүү талаптарына шайкештиги жөнүндө документ (пайдаланууга берүү актысы же техникалык паспорт).
6. Арызды кароо ушул Мыйзамдын 21-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
7. Диний багыттагы объекттин иштөөсү аны эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып башталат, ал жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүк берилет.
8. Эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде диний багыттагы объектти иш жүзүндө пайдалануучу диний объект жайгашкан жер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жүргүзүлгөн эсептик каттоо (кайра каттоо), диний объект жайгашкан жер жөнүндө кабарлайт жана менчик ээси жөнүндө маалыматтарды: анын аталышын, катталган дарегин, телефон номерин, электрондук почта дарегин, паспорттук маалыматтарын берет.
Көрсөтүлгөн кабарлоонун тапшырылгандыгын ырастоочу документ 5 жумуш күндүн ичинде диний багыттагы объекттин менчик ээси тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
9. Диний багыттагы объектти эсептик каттоого байланыштуу жеке мүнөздөгү маалыматты сактоо жана пайдалануу үчүн жоопкерчиликти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартат.
10. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз диний багыттагы объекттерди курууга, ошондой эле жеке аймактарда, короо жай участокторунда жана жарандардын үй ээликтеринде курууга, анын ичинде социалдык жана турак жайлардын профилин өзгөртүүгө тыюу салынат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн тыюу салууну сактабоо эсептик каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
11. Диний багыттагы объекттерди куруу, кайра конструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү тартибинин өзгөчөлүктөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
12. Калктуу конуштардагы диний багыттагы объекттердин саны Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган чектик сандан ашпоого тийиш.
18-берене. Диний иш субъекттерин эсептик кайра каттоо
1. Диний иш субъекттери төмөнкүдөй учурларда эсептик кайра каттоодон өтүүгө милдеттүү:
1) кайра уюштурулганда;
2) аталышы өзгөргөндө;
3) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө;
4) уставды жаңы редакцияда бекитүүдө;
5) диний уюмдун башкаруу органы кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алганда;
6) сот диний уюмдун субъектин мажбурлап кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алганда;
7) эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө белгиленген мөөнөт өткөндө.
2. Диний уюм ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн негиздердин жок дегенде бирөөсү болсо, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде эсептик кайра каттоодон өтүү үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга зарыл болгон документтерди берүүгө милдеттүү.
3. Эсептик кайра каттоо ушул берененин жоболорун эске алуу менен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан диний иш субъекттерин каттоого алгандай эле тартипте жана мөөнөттө гана жүргүзүлөт.
19-берене. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо
Диний иш субъекттери дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү:
1) фамилиясын, атын, атасынын атын, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен мүчөлөрдүн курамын;
2) жаңы уюштуруучунун аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен уюштуруучуну;
3) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин);
4) жетекчи органдын курамын, фамилиясын, атын, атасынын атын, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен жетекчини;
5) байланыш маалыматтары (телефон номерин, электрондук дареги).
20-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кабарлоо
1. Диний иш субъекттери 5 жумуш күндүн ичинде өз ишин жүзөгө ашырган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына төмөнкүлөрдү кабарлоого милдеттүү:
1) эсептик каттоо жүргүзүлгөндүгү, жайгашкан жери жана жетекчиси, анын жашаган жери, байланыш номери жана паспорттук маалыматтары жөнүндө;
2) эсептик кайра каттоо жөнүндө;
3) ушул Мыйзамдын 19-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө.
2. Тиешелүү кабарлоонун көчүрмөсү диний иш субъекти тарабынан 5 жумуш күндүн ичинде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
21-берене. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) жүргүзүүнүн тартиби
1. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) маалыматтардын аныктыгын жана алардын ушул Мыйзамга ылайык келишин текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө менен арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
2. Эсептик каттоо (кайра каттоо) үчүн документтер кагаз түрүндө, мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Чет тилде түзүлгөн документтер нотариалдык жактан ырасталган мамлекеттик же расмий тилдердеги котормосу менен берилет.
Берилген чет өлкөнүн расмий документтери апостилдештирүү же консулдук легалдаштыруу жолу менен легалдаштырылышы керек.
3. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды суроого же арыз ээсинин документтерин тиешелүү мамлекеттик органдарга алардын корутундуларын алуу үчүн жөнөтүүгө укуктуу.
Диний мүнөздөгү талаш-тартыш маселелер болгон учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көз карандысыз эксперттерди тартуу менен мамлекеттик дин таануу экспертизасын дайындайт жана арыз ээсинин документтерин көрсөтүлгөн экспертизага жөнөтөт. Мындай учурларда арызды жана ага тиркелген документтерди кароо мөөнөтү 30 календардык күнгө узартылат.
4. Ушул Мыйзамда белгиленген документтер берилбеген же берилген документтер ылайык келбеген, берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же болбосо ушул Мыйзамдын талаптарына дал келбестиктер табылган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кетирилген бузууларды көрсөтүү менен аларды арыз ээсине кайтарат.
Бузуулар жоюлгандан кийин арыз ээси зарыл болгон документтерди тиркөө менен кайрадан арыз берүүгө укуктуу.
Арыз ээси дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызды жана ага тиркелген документтерди кайтаруу жөнүндө чечимине административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
5. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөн диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин документтерин эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат.
6. Жеке мүнөздөгү маалыматты талаптагыдай сактоо жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
22-берене. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк
1. Берилген документтерди ушул Мыйзамдын талаптарына алардын ылайык келишин кароонун натыйжалары боюнча жана эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө кабыл алынган чечимдин негизинде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний иш субъекттерин жана диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүктү (мындан ары - күбөлүк) берет.
2. Күбөлүк диний уюмдун субъекттерин, диний багыттагы обьекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) фактысын ырастаган документ болуп саналат. Күбөлүктүн формасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Күбөлүк жоголгон же бузулган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептик каттоого документ берүүгө ыйгарым укуктуу арыз ээсинин кайрылуусунун негизинде 3 жумуш күндүн ичинде күбөлүктүн "дубликат" деген белги коюлган дубликатын берет.
4. Эсептик каттоодо (кайра каттоодо) жана күбөлүктүн дубликатын берүүдө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөм алынат.
23-берене. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу
1. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоодон (кайра каттоодон) төмөнкүдөй учурда баш тартат:
1) диний иш субъектин, диний багыттагы объектти түзүүнүн, каттоонун, кайра каттоонун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби бузулганда;
2) Диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин мамлекеттик реестринде ушундай эле аталышта катталган (кайра катталган) диний иш субъекти, диний багыттагы объекттер болгондо;
3) мамлекеттик дин таануу экспертизасынын терс корутундусу болгондо;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экстремисттик ишке каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестиги жөнүндө терс корутундусу болгондо;
5) эгерде диний иш субъектинин уюштуруучусу (мүчөсү) жана (же) жетекчиси болуп саналган жеке адам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса, дайынсыз жок болсо, өлдү деп жарыяланса;
6) эгерде диний иш субъектинин уюштуруучусу (мүчөсү) жана (же) жетекчиси болуп саналган жеке адамдын жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо;
7) инсандыгын ырастоочу жоголгон жана (же) жараксыз болгон документтерди бергенде;
8) соттун диний иш субъектин жоюу же Кыргыз Республикасынын аймагында диний иш жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө чечими болгондо.
2. Эсептик каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу жөнүндө чечим баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө берилет.
3. Диний иш субъекти эсептик каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу жөнүндө чечимге административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
24-берене. Диний иш субъекттеринин ишин токтотуу
1. Диний иш субъекттеринин иши төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ыктыярдуу тартипте алардын уюштуруучуларынын же алардын уставы менен ыйгарым укук берилген органдын чечими боюнча;
2) Конституциянын, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдерин бир нече жолу бузган же болбосо алар уставдык максаттарына карама-каршы келген ишти дайыма жүргүзгөн учурда соттун чечими боюнча мажбурлоо тартибинде.
2. Диний иш субъекттеринин ишин соттун чечими боюнча мажбурлоо тартибинде токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) үй-бүлөнүн кулашына алып келген, үй-бүлөнү бузууга мажбурлоо;
2) жарандардын инсандыгына, укуктарына жана эркиндиктерине кол салуу;
3) мыйзамдарга ылайык белгиленген зыянды, анын ичинде алардын диний ишине байланыштуу баңги жана психотроптук каражаттарды, гипнозду пайдалануу менен келтирүү, бузукулук жана башка укукка каршы аракеттерди жасоо;
4) өзүн-өзү өлтүрүүгө же өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу абалдагы адамдарга медициналык жардам көрсөтүүдөн диний жүйөлөр боюнча баш тартууга көндүрүү;
5) милдеттүү билим алууга тоскоолдук кылуу;
6) диний уюмдун мүчөлөрүн жана жолдоочуларын жана башка адамдарды өздөрүнө таандык мүлктү диний уюмдун пайдасына ээлик кылуудан ажыратууга мажбурлоо;
7) эгерде реалдуу аткарылуу коркунучу болсо, жарандын диний уюмдан чыгуусуна жарандын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирүү же күч колдонуу, башка укукка каршы аракеттерди колдонуу коркунучу менен бөгөт коюу;
8) жарандарды мыйзамда белгиленген жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы аракеттерди жасоого үндөө.
3. Диний иш субъекттеринин укукка жөндөмдүүлүгүн ыктыярдуу тартипте токтотуу жана алардын мүлкүн тескөө алардын уставына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин ишин токтотуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын ишин токтотуу жөнүндө чечим чыгарылган жана Диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин мамлекеттик реестрине жазуу киргизилген күндөн тартып аяктады деп эсептелет.
3-глава. Диний иш субъекттеринин мүлктүк абалы
25-берене. Диний иш субъекттеринин менчиги
1. Диний иш субъекттеринин менчигинде диний багыттагы объекттер жана предметтер, өндүрүштүк, социалдык жана кайрымдуулук багытындагы объекттер, алардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон акча каражаттары жана башка мүлк болушу мүмкүн.
2. Диний иш субъекттери өз каражаттарынын эсебинен сатып алган же түзгөн, жарандар, коомдук уюмдар тарабынан кайрымдуулукка берилген (мураска калтырылган), ага тете жарандык мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча сатып алынган мүлккө менчик укугуна ээ.
3. Диний иш субъекттери ыктыярдуу финансылык жана башка кайрымдуулук үчүн кайрылууга жана аларды алууга укуктуу.
4. Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү жер участокторуна диний багыттагы объекттерди куруу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
26-берене. Юридикалык жана жеке жактардын менчигинде турган мүлктү пайдалануу
1. Диний иш субъекттери жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдик негизде аларга берилген имараттарды жана мүлктү өзүнүн муктаждыктары үчүн пайдаланууга укуктуу.
2. Эгерде жарандык мыйзамдарда башкача белгиленбесе, имараттарга жана мүлккө ээлик кылууга жана пайдаланууга тиешелүү маселелер боюнча талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
27-берене. Диний иш субъекттеринин өндүрүштүк-чарбалык иши
1. Диний иш субъекттери жарандык мыйзамдарга ылайык чарбалык субъекттерди уюштурууга укуктуу.
2. Диний иш субъекттери өзүнүн уставдык максаттарына жетүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш менен алектенүүгө укуктуу.
3. Диний иш субъекттеринин өндүрүштүк ишинен түшкөн пайдасына жана башка кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
4. Келип түшкөн финансылык каражаттар, кайрымдуулуктар, гуманитардык жардамдар жана башка мүлктөр диний иш субъекттеринин бухгалтердик документтеринде милдеттүү тартипте эсепке алынат.
5. Диний иш субъекттеринин финансылык-бухгалтердик отчеттуулугу бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
6. Диний иш субъекттеринин финансылык-чарбалык ишин контролдоо алардын уставына, ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
28-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын кайрымдуулук жана маданий-агартуу иштери
1. Диний иш субъекттери социалдык, кайрымдуулук жана маданий-агартуу иштерин социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзө апат.
2. Диний иш субъекттери адамдын жалпы кабыл алынган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дин тутуусу, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоону жоюу, анын ичинде эрте жана зомбулук менен никеге турууну азайтуу, Кыргызстан элинин руханий жана маданий мурастарын илгерилетүү боюнча иш-чараларга катыша алат, дин, тарых жана маданият чөйрөсүндө агартуу иштерин жүргүзө алат.
3. Кайрымдуулук иши диний окууларды же диний ынанымдарды жайылтууга өбөлгө түзүүгө тийиш эмес.
4. Мамлекет диний уюмдардын жана миссиялардын кайрымдуулук иштерине, ошондой эле алардын коомдук маанилүү маданий-агартуу программаларын жана иш-чараларын ишке ашыруусуна көмөк жана колдоо көрсөтө алат.
29-берене. Өз ишин токтоткон диний иш субъекттеринин мүлкүн тескөө
1. Диний иш субъекттеринин иши ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча токтотулган учурда алардын менчигинде турган мүлктү тескөө алардын уставына (жобосуна) жана жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Диний иш субъекттерине таандык диний багыттагы предметтер жана объекттер карыз милдеттенмелеринин объекти боло албайт жана кредитордун дооматтары боюнча өндүрүлбөйт.
4-глава. Диний иш субъекттеринин ишинин укуктары жана шарттары
30-берене. Диний иш субъекттеринин ишинин укуктук негиздери
Диний иш субъекттери өз ишинде өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алууга тийиш жана Конституцияны, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
31-берене. Диний иш субъекттери тарабынан өткөрүлүүчү диний ырым-жырымдар жана чогулуштар
1. Коомдо салт катары тамырлап кеткен учурларды кошпогондо, диний иш субъекттери тарабынан өткөрүлүүчү диний ырым-жырымдар жана чогулуштар диний багыттагы объекттерде - зыярат жайларында, көрүстөндөрдө тоскоолдуксуз өткөрүлөт.
Диний ырым-жырымдарды жана чогулуштарды өткөрүү үчүн диний иш субъекттери алар үчүн алгылыктуу жерлерди, анын ичинде тигил же бул динде ыйык деп эсептелген зыярат жайларын күтүүгө жана аларды пайдаланууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка (ажылыкка, умрага) баруусун уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун уюштурууну контролдоо дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
3. Ыйык жерлерге зыяратка (ажылыкка, умрага) барууну уюштуруу тартиби дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Диний иш субъекттери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен диний ырым-жырымдарды жана чогулуштарды, ошондой эле башка диний массалык иш-чараларды бул максаттарга арналбаган жерлерде өткөрүүгө укуктуу.
Диний иш субъекттери тарабынан аталган диний иш-чараларды өткөрүү жөнүндө уруксат иш-чараны өткөрүү башталганга чейин 10 жумуш күн мурда иш-чаранын ордун, датасын жана иш-чаранын кыскача сыпаттамасын (программасын) көрсөтүү менен жиберилет.
5. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда диний ырым-жырымдар, чогулуштар жана иш-чаралар алардагы адамдардын өтүнүчү боюнча администрация тарабынан ушул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда өткөрүлөт.
Аталган мекемелердин администрациясы диний ишмерди чакырууга көмөк көрсөтөт, диний ырым-жырымды, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды өткөрүүнүн убактысын жана башка шарттарын аныктоого катышат. Диний ишмерлерди чакыруу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө нике жана үй-бүлө жөнүндө жана жарандардын саламаттыгын сактоо тууралуу мыйзамдардын талаптарын сактоо менен жол берилет.
Жашы жете элек адамдар менен нике кыюу диний ырым-жырымын өткөргөн диний ишмерлер жана башка адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
7. Дин тутуусуна ылайык адамды көмүү тартиби сөөктү жайга коюу иши жана сөөк коюу кызматтары жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.
32-берене. Диний адабияттар, диний багыттагы материалдар жана предметтер
1. Диний иш субъекттери диний адабияттарды, башка диний басма, аудио жана видео, анын ичинде электрондук сактагычтардагы материалдарды, ошондой эле диний багыттагы башка предметтерди ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чыгарууга, сатып алууга, сактоого, экспорттоого, импорттоого жана таратууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүп жаткан жарандар жеке пайдалануу максатында диний адабияттардын ар бир аталышынын бирден нускасын алып келүүгө укуктуу.
2. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка диний басылмаларга, электрондук сактагычтардагы аудио жана видеоматериалдарга, анын ичинде ЖМКдагы жана Интернет тармактарындагы материалдарга мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзөт.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпайт. Материалдардын татаалдык даражасын жана көлөмүн эске алуу менен экспертиза жүргүзүү мөөнөтү бир айга узартылышы мүмкүн.
Диний адабияттар китепкана фонддоруна келип түшкөндө мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү милдеттүү болуп саналат.
Мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Диний уюмдар жана диний окуу жайлар тарабынан чыгарылган диний адабияттарда, башка диний басма, аудио жана видео материалдарда, анын ичинде электрондук сактагычтарда алардын расмий толук аталышы жана алардын конфессиялык таандыктыгы көрсөтүлгөн маркалоосу болууга тийиш.
4. Диний адабияттарды, башка диний басма, аудио жана видеоматериалдарды маалыматты сактагычгардын түрүнө карабастан диний багыттагы объекттерди жана диний окуу жайларды кошпогондо, коомдук жайларда, ошондой эле турак жайларды, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарды, аскердик объекттерди, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарын кыдыруу жолу аркылуу таратууга тыюу салынат. Аталган тыюу салуу бузулган учурда күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Диний иш субъекттери, ошондой эле ЖМК жана маалыматтык интернет-агенттиктер өздөрүнүн сайттарында, мезгилдүү басылмаларында жарыяланган диний мүнөздөгү маалыматтык материалдардын мазмуну үчүн ЖМК жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу экстремисттик ишке чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка диний басма, аудио жана видео материалдарды, анын ичинде электрондук сактагычтарды ташып келүүгө, даярдоого, жарыялоого, сактоого, ташууга, жөнөтүүгө жана жайылтууга тыюу салынат.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды жана предметтерди өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
33-берене. Диний иш субъекттеринин эл аралык байланыштары
Диний иш субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыярат кылуу, диний билим алуу же башка диний иш-чараларга катышуу максатында эл аралык байланыштарды жана мамилелерди түзүүгө жана колдоого, ошондой эле бул максаттар үчүн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырууга укуктуу.
34-берене. Диний иш субъекттериндеги эмгектик укуктук мамилелер
1. Диний иш субъекттеринде, ошондой эле алар түзгөн ишканаларда, мекемелерде жана кайрымдуулук жайларында эмгек келишими боюнча иштеген жарандарга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары колдонулат.
2. Жарандардын, анын ичинде диний ишмерлердин диний иш субъекттеринде иштөөдөн алган кирешелерине салык салуу салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
35-берене. Диний иш субъекттеринде иштеген жарандарды социалдык камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу
1. Диний иш субъекттери, алардын мекемелери жана ишканалары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жүргүзөт.
2. Диний иш субъекттеринде иштеген бардык жарандарга социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы негизде пенсия дайындалат.
5-глава. Ушул Мыйзамдын аткарылышын укуктук камсыз кылуу
36-берене. Диний иш субъекттеринин ишин контролдоо
1. Диний иш субъекттери салыктар жөнүндө мыйзамдарда жана расмий статистикада белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
2. Диний иш субъекттери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мамлекеттик статистика органдарына жана салык органдарына) салыктар жана расмий статистика жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык маалыматты жана мезгилдүү отчетторду берет.
3. Диний иш субъекттери дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн иши жөнүндө, анын ичинде диний багыттагы объекттер, диний окуу жайы үчүн жетекчи органдардын, кызматкерлердин, окутуучулардын жана студенттердин жеке курамы жөнүндө маалыматты жана жылдык отчетту, ошондой эле акча каражаттарынын чыгымдалышы жана башка мүлктөрдүн, анын ичинде эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан алынган акча каражаттарынын чыгымдалышы жана башка мүлктөрдүн пайдаланылышы жөнүндө документтерди берет. Чет өлкөлүк диний иш субъекттери кийинки календардык жылга карата планын кошумча тапшырууга милдеттүү. Аталган документтерди берүүнүн формасы жана мөөнөтү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Диний иш субъекттеринин кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле алардын мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, чыгымдары, диний окуу жайынын кызматкерлеринин, окутуучуларынын жана студенттеринин саны жана курамы, алардын эмгегине акы төлөө жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.
41. Юстиция органдарында катталган, кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн диний уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат.
Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары диний иш субъекттеринин, ошондой эле алардын диний багыттагы объекттеринин ишинин алардын уставында (жобосунда) каралган максаттарга жана дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык келишине контроль жүргүзөт.
6. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) диний иш субъекттеринин башкаруу органдарынан алардын тескөөчүлүк жана финансылык документтерин сурап алууга;
2) диний иш субъекттеринин финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле банк мекемелеринен жана башка финансы уюмдарынан суроого жана алууга;
3) өздөрүнүн өкүлдөрүн диний иш субъекттери тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;
4) диний иш субъекттеринин, алардын диний багыттагы объекттеринин ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча ишинин алардын уставында (жобосунда) каралган максаттарга ылайык келишин текшерүүгө.
7. Диний иш субъекттеринин, алардын диний багыттагы объекттеринин ишин текшерүү төмөнкүлөр боюнча жүзөгө ашырылат:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча;
2) жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча;
3) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын суроо-талабы боюнча.
8. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 37-беренесинде каралган тартипте жол берилген тартип бузууларды жана аны жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө төмөнкүдөй учурларда эскертүү берет:
1) башка жоопкерчилик каралган бузууларды кошпогондо, ушул Мыйзамдын талаптарынын бузулгандыгы аныкталганда;
2) диний иш субъекттери, алардын диний багыттагы объекттери тарабынан алардын уюштуруу максаттарына карама-каршы келген аракеттер жасалганда;
3) диний уюм, диний окуу жайы ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык ар жылдык отчеттук документтерди ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө бербегенде.
(КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37-берене. Жазуу жүзүндөгү эскертүү, ишин токтотуу
1. Диний иш субъекттери ушул Мыйзамдын талаптарын бузган же болбосо алардын уставына (жобосуна) карама-каршы келген ишти, анын ичинде диний багыттагы объекттерде жүргүзгөн учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларга 30 күнгө чейин аларды жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө эскертүү жиберет.
2. Эгерде бузуулар ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жоюлбаса, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний иш субъекттеринин, алардын диний багыттагы объекттеринин ишин 90 күндүк мөөнөткө токтотот. Бул чечим мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
3. Эгерде бузуулар ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген токтотуп туруу мөөнөтүнүн ичинде жоюлбаса, же болбосо бир календардык жылдын ичинде кайталанса, анда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү бар диний иш субъекттерине карата диний уюмду, диний окуу жайын, диний кайрымдуулук фондун жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат жана соттун чечиминин негизинде Мамлекеттик реестрге алардын ишин токтотуу жөнүндө тиешелүү жазууну киргизет;
2) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жок диний уюмдарга, миссияларга, миссионерлерге жана диний насаатчыларга карата алардын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат жана бул тууралуу Мамлекеттик реестрге алардын ишин токтотуу жөнүндө тиешелүү жазууну киргизет.
4. Диний иш субъекттери экстремисттик жана террористтик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу экстремисттик ишке жана терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жана негиздер боюнча жоюлат, алардын иши токтотулат жана тыюу салынат.
38-берене. Диний иш субъекттерине жазуу жүзүндө эскертүүнүн жана алардын ишин токтотуп туруунун кесепеттери
1. Диний иш субъекттери (анын ичинде диний багыттагы объекттер) тарабынан бузуулар жазуу жүзүндө эскертүүдө көрсөтүлгөн, белгиленген мөөнөттүн ичинде жоюлган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бузуунун жоюлгандыгын белгилейт, бул жөнүндө тиешелүү акт түзүлөт.
2. Диний иш субъекттери иши токтотулуп турган учурда диний жана башка ишти жүзөгө ашырууга, ЖМКнын жана башка юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, бюджетке, мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөмдөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү, мурда түзүлгөн жарандык жана эмгек келишимдери боюнча эсептешүүлөрдү, алар келтирген зыяндын ордун толтурууну төлөө учурларын кошпогондо, учурдагы банктык (эшептешүү) эсебинен башка жактарга акча каражаттарын которууга укуксуз.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн төмөнкүлөргө карата негиз болуп саналат:
1) мамлекеттик каттоодон өткөн диний иш субъекттерине карата аларды жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга жана соттун чечиминин негизинде Мамлекеттик реестрге алардын ишин токтотуу жөнүндө тиешелүү жазууну киргизүүгө;
2) мамлекеттик каттоосу жок диний уюмдарга, миссияларга, миссионерлерге жана диний насаатчыларга карата алардын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана Мамлекеттик реестрге алардын ишин токтотуу жөнүндө тиешелүү жазуу киргизүүгө.
4. Эгерде диний иш субъектинин ишин токтотуп туруунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде бузуулар жоюлса, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бузуулардын жоюлгандыгын белгилейт, бул жөнүндө тиешелүү акт түзүлөт жана анын негизинде 5 жумуш күндүн ичинде алардын ишин кайра жаңылоо жөнүндө чечим кабыл алат.
39-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн диний иш субъекттеринин жоопкерчилиги
Диний иш субъекттери дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамга, кылмыш-жаза мыйзамына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
6-глава. Корутунду жоболор
40-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) жарыяланды
2. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзамдын жоболорду оорлотуучу же диний иш субъекттерине жаңы милдеттенмелерди жүктөөчү ченемдери өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
4. Диний багыттагы объекттердин ээлери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдын ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аларды кайра каттоону жүргүзүүгө милдеттүү.
5. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин диний уюмдарга мурда берилген колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктөр он жылга чейинки мөөнөткө берилди деп таанылат.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 282 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1110-ст.);
2) "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы № 46 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 541-ст.);
3) "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 7-декабрындагы № 196 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 11-декабры, № 109);
4) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 10-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.);
5) "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 21-декабрындагы № 140 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 12, 703-ст.);
6) "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 63 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 25-майы, № 63-64).
Кыргыз Республикасынын Президенти
| С.Н. Жапаров
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |