Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 20-январы ПЖ № 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
Кыштобаева Гульмира Алимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Масабиров Талайбек Айтмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сейитов Чоро Сейитович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
Козубеков Азат Айбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору; |
Тогусаков Осмон Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө- корреспонденти, академик; |
Нусувалиев Максат Орозбекович | - | Токмок шаарынын мэри; |
Кудабаев Зарылбек Исалыевич | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору (макулдашуу боюнча); |
Третьякова Татьяна Алексеевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Добрецова Надежда Николаевна | - | "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Аскар Куттубекович | - | Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Кочкорбаева Зульфия Ирисовна | - | "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ким Татьяна Михайловна | - | "Кыргыз Республикасынын Салык консультанттар палатасы" кесиптик коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сагинбаева Алина Уларбековна | - | "АКИпресс" маалымат агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча).". |