КР Президентинин 2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149 «Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө
Улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 8-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-августундагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С.Н. Жапаров |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Масабиров Талайбек Айтмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сейитов Чоро Сейитович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
Каракожаев Асылбек Мыйманович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы статистикасы жана сереп башкармалыгынын начальниги; |
Асизбаев Рустам Эмилжанович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Тогусаков Осмон Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, мүчө-корреспондент, академик; |
Садыков Канат Жалилович | - | Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору; |
Кудабаев Зарылбек Исалыевич | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору (макулдашуу боюнча); |
Шаршекеев Марат Дуйшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти; |
Добрецова Надежда Николаевна | - | "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Аскар Куттубекович | - | Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Кочорбаева Зульфия Ирисовна | - | "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ким Татьяна Михайловна | - | "Кыргыз Республикасынын Салык кеңешчилеринин палатасы" кесиптик коомдук бирикмеси" башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сагинбаева Алина Уларбековна | - | "АкиПресс" маалымат агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча). |