Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үнүн эркин экономикалык зонанын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зонанын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмегине товарларды киргизүү ТАРТИБИ ЖАНА КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) бошотулуучу товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизүү үчүн товарларды тандоо жол-жобосун жана критерийлерин белгилейт.
2. Тизмекке Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлган талаптарга ылайык иш жүргүзгөн ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн, аларды Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЗ аймагынан ташып чыгууда ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган критерийлерге ылайык келген товарлар киргизилет.
3. Тизмекке киргизилген товарлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аларды Тизмекке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдык мөөнөткө КНС төлөөдөн бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугун түзгөн эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде чечмеленет.
2-глава. Товарларды тандоо критерийлери
5. Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЗ аймагынан алып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда КНСтен бошотулган товарлардын тизмегине киргизүү үчүн ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн товар төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келүүгө тийиш:
1) товарлардын жалпы санынын 50%дан ашык көлөмүндө импорттолгон шартта (импортту алмаштыруу) товар ташып келинүүчү (анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу) алмаштырылма товар болушу керек;
2) интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдан товар ата мекендик иштеп чыгууларга негизделгенин ырастоочу тиешелүү документтерди берүүдө ата мекендик иштеп чыгууларга негизделген товар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. ЭЭЗ субъекттеринин ЭЭЗ башкы дирекциясына кайрылуу тартиби жана мөөнөттөрү
6. ЭЭЗ субъекти ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон критерийлердин бирине жана/же андан көбүнө ылайык келген учурда ЭЭЗ башкы дирекциясына арыз менен, анын ичинде электрондук форматта кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же электрондук формасы;
2) салык карызынын жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
3) бажы төлөмдөрү жана жыйымдары боюнча карызынын жоктугу тууралуу бажы органынан маалымкат.
4) зарыл бөлгөн учурда ЭЭЗ аймагында товар өндүрүлгөн фактыны белгиленген тартипте тастыктаган башка документтер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Арызды кароо тартиби
8. ЭЭЗ башкы дирекциясы ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн арыздарды жана аларга тиркелген документтерди келип түшүшүнө жараша кабыл алат жана:
1) алынган маалыматтардын негизинде товарлардын ушул Тартиптин 2-главасынын 5-пунктунун 1-пунктчасында белгиленген критерийге шайкештигин аныктоо максатында экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзөт;
2) экономикалык эсептөөлөрдү даярдоодо тиешелүү товарды импорттоонун үлүшү 50%дан ашарын, өз кезегинде ал импортту алмаштыруучу мүнөзгө ээ экендигин тастыктаган алынган натыйжалардын жазуу жүзүндөгү (анын ичинде электрондук форматтагы) негиздемесин берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
9. ЭЭЗ башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн кабыл алынган арыздардын негиздемеси жана экономикалык эсептөөлөрү менен бирге бул Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды кароого берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
10. ЭЭЗ башкы дирекциясы товарларды Тизмекке киргизүү боюнча сунуштарды кароо үчүн ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге товарлардын шайкештигин талдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана башка мамлекеттик органдардан маалымат сурайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик товарларды Тизмекке киргизүү боюнча сунуштарды кароо үчүн өзүнүн буйругу менен ЭЭЗ башкы дирекциясы тарабынан берилген документтерди кароо мезгилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топту бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жана алардын иштеши боюнча мамлекеттик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ведомстволор аралык жумушчу топ ЭЭЗ башкы дирекциясынан ушул Тартиптин 5-пунктунда белгиленген критерийлерге товарлардын шайкештигин кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты суроого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ведомстволор аралык жумушчу топтун корутундусун кароонун жыйынтыгы боюнча ЭЭЗ башкы дирекциясына ушул Тартиптин 5-пунктунда белгиленген критерийлерге товарлардын шайкештиги боюнча сунуштарды кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
15. ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ чарба жүргүзүүчү субъекттерине ушул Тартиптин 14-пунктунда каралган билдирүүнү алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде арыздарды кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
16. ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн товарлар ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкеш келген учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)