Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-марты № 163
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үнүн эркин экономикалык зонанын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зонанын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмегине товарларды киргизүү тартибинде жана критерийлеринде:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тизмекке киргизилген товарлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аларды Тизмекке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдык мөөнөткө КНС төлөөдөн бошотулат.";
2) 5-пункттун 1-пунктчасында "80" деген цифралар "50" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 6-пунктта "жыл сайын 1-июндан 1-июлга чейинки мезгилде" деген сөздөр алып салынсын;
4) 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) зарыл бөлгөн учурда ЭЭЗ аймагында товар өндүрүлгөн фактыны белгиленген тартипте тастыктаган башка документтер.";
5) 8-13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. ЭЭЗ башкы дирекциясы ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн арыздарды жана аларга тиркелген документтерди келип түшүшүнө жараша кабыл алат жана:
1) алынган маалыматтардын негизинде товарлардын ушул Тартиптин 2-главасынын 5-пунктунун 1-пунктчасында белгиленген критерийге шайкештигин аныктоо максатында экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзөт;
2) экономикалык эсептөөлөрдү даярдоодо тиешелүү товарды импорттоонун үлүшү 50%дан ашарын, өз кезегинде ал импортту алмаштыруучу мүнөзгө ээ экендигин тастыктаган алынган натыйжалардын жазуу жүзүндөгү (анын ичинде электрондук форматтагы) негиздемесин берет.
9. ЭЭЗ башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн кабыл алынган арыздардын негиздемеси жана экономикалык эсептөөлөрү менен бирге бул Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды кароого берет.
10. ЭЭЗ башкы дирекциясы товарларды Тизмекке киргизүү боюнча сунуштарды кароо үчүн ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге товарлардын шайкештигин талдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана башка мамлекеттик органдардан маалымат сурайт.
11. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик товарларды Тизмекке киргизүү боюнча сунуштарды кароо үчүн өзүнүн буйругу менен ЭЭЗ башкы дирекциясы тарабынан берилген документтерди кароо мезгилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топту бекитет.
12. Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жана алардын иштеши боюнча мамлекеттик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү кирет.
13. Ведомстволор аралык жумушчу топ ЭЭЗ башкы дирекциясынан ушул Тартиптин 5-пунктунда белгиленген критерийлерге товарлардын шайкештигин кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты суроого укуктуу.";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 14-16-пункттар менен толукталсын:
"14. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ведомстволор аралык жумушчу топтун корутундусун кароонун жыйынтыгы боюнча ЭЭЗ башкы дирекциясына ушул Тартиптин 5-пунктунда белгиленген критерийлерге товарлардын шайкештиги боюнча сунуштарды кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
15. ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ чарба жүргүзүүчү субъекттерине ушул Тартиптин 14-пунктунда каралган билдирүүнү алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде арыздарды кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
16. ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн товарлар ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкеш келген учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 19 (3779) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |