Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 11-январы № 04-13/4
Чектөөчү чаралар киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын базардагы бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү Макулдашуунун 29, 47-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 47-пунктунун 13-пунктчасына, 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө» жобосуна, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жобосунун 14-пунктуна ылайык, 2024-жылдын 13-декабрындагы № 1 Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Кеңештин сунушунун негизинде буйрук кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. Ушул буйрук күчүнө киргенден кийин 3 күн өткөндөн кийин айыл чарба товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (Кыргыз Республикасы аркылуу реимпорттоону, транзитти жана анын аймагы боюнча ЕАЭБдин бир субъектинен башкасына которууну кошпогондо) 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын:
− ак кантка (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 170199100, 1701991001, 1701991009, 170113, 170114) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 2024-жылы ак кантты алып келүүгө түзүлгөн келишимдерден жана экстра сортунан тышкары);
− ушул буйруктун 11-тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүнө;
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ушул буйрук күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин 12 айдан ашкан 40 000 (кырк миң) баш ири мүйүздүү малды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0102 коду), 12 айдан ашкан 60 000 (алтымыш миң) баш кой жана эчкини (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду), 12 айдан ашкан 10 000 (он миң) баш жылкыны (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө сандык чектөөлөрү бекитилсин.
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Сандык чектөөлөрдү (квоталарды) бөлүштүрүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып ушул буйруктун 2-пунктунда жана 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн убактылуу чектөө чаралары киргизилген айыл чарба товарларынын тизмеги бекитилгендиги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына жана Дүйнөлүк соода уюмунун коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул буйруктун 2-пунктунда жана 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн убактылуу чектөө чаралары киргизилген айыл чарба товарларынын тизмеги бекитилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларын мыйзамсыз ташып келүүгө жана 2-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
– бул буйруктун көчүрмөсү үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин ушул тармагын тейлеген тиешелүү орун басарына жүктөлсүн.
11. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а, министрдин биринчи орун басары |
| Ж.К. Керималиев |
1-тиркеме
Чектөөчү чаралар киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 04-13/48 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме 11
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилүүгө тийиш болбогон мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүнүн сортторунун тизмеси
№ | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Позициянын аталышы | Эскертүү |
1 | Алма көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Вильямс Прайд; - Гала; - Гала Валл; - Голден Делишес; - Голден Рейнджерс; - Скарлет спур; - Джеромини; - Ред чиф; - Фуджи; - Гренни смит; - Пинк Леди; - Рози Глоу; - Стори Иноред; - Кинг Роат (King Roat) | - |
2 | Алмурут көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Деведжи; - Этрушка; - Виллямс; - Июнь чүрөгү; - Маузер; - Кармен; - Аббат Фетель | - |
3 | Айва калемчелери | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Чемпион; - Лесковак (Leskovac) | - |
4 | Кара өрүк көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Стэнли; - Блэк Даймонд; - Анжелино; - Аутум Гигант; - Блэк Сплендор | - |
5 | Өрүк көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Приция - Микадо - Мемфис - Рубиста - Роксана - Цунами | - |
6 | Гилас көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Кордия; - Регина; - Скина; - Эрли Лори; - Свит Лоренц; - Свит Харт; - Свит Арияна; - Саммит | - |
7 | Алча көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Жуковская; - Kelleris 16; - Лютовка; - Кютахья | - |
8 | Шабдалы көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Филомена; - Астория; - Копакобана; - Экстрим; - Свит леди; - Роял глори; - Гло Хевен (Glo Haven); - Лола | - |
9 | Курма калемчелери | ||
| 0602904500 0602904500 0602904500 | - Шоколадная; - Трабзон; - Медовая | - |
10 | Жүзүм көчөттөрү | ||
|
0602 20 100 0
0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0
0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0 0602 20 100 0
| Аш сорттору: - Киш-миш Сето гиганттары; - Юпитер; - Ред Глоб; - Шайн Мускат; - Ламборджини; - Маникюр фингер; - Ruby Roman; - Одесса сувенири
Техникалык сорттору: - Пино Нуар; - Каберне; - Шардоне; - Совиньон-блан; - Алиготе; - Мускат Семильон; - Каберне-совиньон; - Мерло; - Ркацители; - Баян ширей; - Кульджинский; - Саперави; - Венгер Мускаты; - Гамбург Мускаты |
|
11 | Инжир калемчелери | ||
| 0602904500 0602904500 0602904500 0602904500 | - Далмат; - Кара Крым; - Брунсвик; - Эрте боз | - |
12 | Анар калемчелери | ||
| 0602904500 0602904500 0602904500 0602904500 0602904500 0602904500 | - Ачик-дона; - Төө тиш; - Жакшыртылган кызыл; - Бала-мюрсаль; - Казаке анар; - Кува | - |
13 | Кулпунай көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Монтерей; - Сан андреас; - Азия; - Альбион; - Альба; - Клери; - Мурано; - Мальга; - Кабрилло; - Федерико | - |
14 | Малина көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Мапема; - Эндросадира; - Натчез; - Маравилла; - Маргарита; - Пшехиба; - Дельвива; - Блэк Джем; - Глория | - |
15 | Кара карагат көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Тибен; - Тизель; - Церера; - Вавилов атындагы; - Ядренная; - Добрыня; - Алтын түстүү; - Титания; - Биг бен | - |
16 | Кызыл карагат көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Алтай рубин; - Ненаглядная; - Рондом | - |
17 | Чычырканак көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Клара; - Мара; - Андрос; - Алтай; - Гном; - Джемовая;
- Елизавета; - Клавдия; - Сударушка |
|
18 | Бадам көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Десерттик; - Ялта; - Markoni; - Texas; - Феррагнес; - Феррадуэль | - |
19 | Токой жаңгагынын көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0
0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Түндүк (үшүккө туруктуу); - Halls Giant; - Istarski Dugi (кургакчылыкка туруктуу) | - |
20 | Грек жаңгагынын көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Татуу маңыздуу; - Chempion; - (Juglans regia) С6; - Чандлер - Пекан | - |
21 | Мисте көчөттөрү | ||
| 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 0602 20 800 0 | - Антеп; - Сиирт; - Акбари; - Ахмад Агаи. | - |
Эскертуу: (*) - бул бөлүмдүн максаттары учун ЕАЭБ ТЭИ TH кодун да, товардын аталышын да жетекчиликке алуу зарыл.
2-тиркеме
Сандык чектөөлөрдү (квоталарды) бөлүштүрүү эрежелери
1. Сандык чектөөлөрдү (квоталарды) бөлүштүрүүнүн ушул эрежелери (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө 12 айдан ашкан ири мүйүздүү малды, койлорду жана эчкилерди, жылкыларды ташып чыгууга тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) ушул Эрежелер колдонууга киренден тартып 3 жушумчу күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органдын интернет-ресурсуна 12 айдан ашкан ири мүйүздүү малды, койлорду жана эчкилерди, жылкыларды ташып чыгууга квоталарды бөлүштүрүү башталгандыгы жөнүндө кулактандырууну жайгаштырат.
3. Кулактандырууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) 12 айдан ашкан ири мүйүүздү малды, койлорду жана эчкилерди, жылкыларды ташып чыгуунун сандык чеги;
2) бир товар өндүрүүчүгө 12 айдан ашкан ири мүйүздүү малды, койлорду жана эчкилерди, жылкыларды ташып чыгууга чек.
4. Ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенден кийин 12 айдан ашкан ири мүйүздүү малды, койлорду жана эчкилерди, жылкыларды ташып чыгууга квотанын көлөмүнүн сандык чеги түзүлөт.
5. 12 айдан ашкан ири мүйүздүү малды, койлорду жана эчкилерди, жылкыларды ташып чыгуунун сандык чеги бир товар өндүрүүчүгө – 5 000 (беш миң) баштан ашпайт.
6. Бир товар өндүрүүчүгө берилүүчү квота товар өндүрүүчүнүн кубаттуулугунун 50 % ашпоого тийиш, ошондой эле:
- квотаны бөлүштүрүү учурунда малдын иш жүзүндөгү саны “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталууга жана идентификациялоого тийиш;
- товар өндүрүүчү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
7. Ыйгарым укуктуу орган квоталарды бөлүштүрүүнүн жыйынтыгын ыйгарым укуктуу органдын интернет-ресурсуна бөлүштүрүлгөн квоталардын санын көрсөтүү менен 12 айдан ашкан ири мүйүздүү малды, койлорду жана эчкилерди, жылкыларды ташып чыгууга квота алган арыз ээлеринин жыйынтык тизмегин жайгаштырат.
8. Квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча экспортко квота бөлүүгө билдирменин негизинде жүзөгө ашырылат. Билдирмеге жеткирүүчүнүн мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтер тиркелет:
– орус тилине милдеттүү түрдө которулган жана реквизиттери (контракттын номери жана анын түзүлгөн датасы), анын тиркемеси жана (же) толуктоосу бар тышкы соода келишиминин (контракттын) көчүрмөсү, ал эми тышкы соода келишими (контрактысы) жок болгон учурда – тараптардын ниетин тастыктаган башка документтин көчүрмөсү;
– документтер өкүл аркылуу берилген учурда – ишеним кат, ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
– Ветеринардык кызматынын каттоосунда (ишканалардын реестринин эсебинде) бар экендигин тастыктаган документ;
– 12 айдан ашкан ири мүйүздүү малдын, койлордун жана эчкилердин, жылкылардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө документ.
Жаныбарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине
тиркеме
Форма
БИЛДИРМЕ
_________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жеке адамдын ФАА)
экспортко квота бөлүп берүүнү суранат:
ири мүйүздүү малдын башы _____________________ бирдик;
тирүү койдун жана эчкинин башы ________________бирдик;
тирүү жылкынын башы _________________________ бирдик;
Жетекчи __________________________
(кол тамгасы) ________________________
(ФАА)
Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (датасы):
Жеке жактар үчүн паспорттук маалыматтар: _____________________________________________