Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-январы № 35
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Кызыл-
Кыштак айылдык башкармалыгынын аймагындагы
жер участокту "Айыл чарба багытындагы жерлер"
кагегориясынан "Калктуу конуштун жерлери"
категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ош шаарынын экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 121, 122-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 1452 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык башкармалыгынын аймагындагы № 1057, № 1061 контурларда жайгашкан, Б.М. Шамшиевдин жеке менчигинде турган жалпы аянты 51,57 га сугат айдоо жер участогу көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы темөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокту максаттуу багыты боюнча лайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелериң так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) башкы планда жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) жеке каражаттардын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык- экономикалык өнүгүүсүн уюштурууну;
6) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, көрсөтүлгөн жер участогунда казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн адис-археологду тартууну;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды, коргоо жана пайдалануу жөңүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алууну;
8) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
9) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өңдүрүшүнүң жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 7 (3663) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |