Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 22-январы № 25-т
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 25-т тескемеси менен жактырылды |
2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерине ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2024-жылдын 29-октябрындагы № 6-10512/24), Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2024-жылдын 29-октябрындагы № 6-10499), Социалдык саясат боюнча комитети (2024-жылдын 28-октябрындагы № 6-10452/24) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 700-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууда OSYM (Студенттерди тандоо жана ишке орноштуруу борбору) бөлүштүрүлгөндөн кийин Түркияда жылына 20га чейинки кыргыз дарыгерлерин медициналык адистиктер боюнча даярдыктан өткөрүү каралган. Мындан тышкары, Макулдашууда коомдук саламаттык сактоо уюмдарын башкаруунун жана каржылоонун жаңы принциптерин киргизүү максатында Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүү үчүн окуу программаларын жаңылоону колдоо каралган. Бул Бишкек шаарында жайгашкан 72 орунга (анын ичинде 21 орундуу интенсивдүү терапия) эсептелген Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын (мындан ары - Оорукана) биргелешип пайдалануу аркылуу ишке ашырылат. Оорукананын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына беш (5) жылдын ичинде медициналык кызматтарды көрсөтүү саналат.
Макулдашуунун шарттарына ылайык оорукананы биргелешип пайдалануу беш (5) жылга узартылат жана ар бир беш (5) жылга Түркия тараптан 32000000 (отуз эки миллион) АКШ доллары өлчөмүндө кошумча бюджет бөлүнөт. Түрк персоналына чыгымдарды оорукананын бюджетине которбостон түрк тарап дайындалган персоналга түздөн-түз төлөйт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тарифтер болгон учурда бейтаптардын кошумча төлөөлөрүнө, текшерүү, диагноз коюу жана дарылоо үчүн төлөмдөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген баалар колдонулат.
Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ратификацияланууга тийиш, анткени анда Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, кодекстеринде же мыйзамдарында камтылгандардан башка эрежелерди белгилеген, Кыргыз Республикасына гранттарды жана башка финансылык жардамдарды берүү боюнча жоболор камтылган.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык, экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.