Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 34 токтомуна) |
Ташып кирүүдө сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгуу жана жок кылуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ташып кирүүдө сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгуу жана жок кылуу тартиби (мындан ары - Тартип) сапатсыз, фальсификацияланган, жарактуулук мөөнөтү өткөн, жараксыз болуп калган, ташып кирүүдө сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга жана жок кылууга карата талаптарды аныктайт.
2. Медициналык практикада аларды андан ары колдонуу максатка ылайыксыз деп таанылган, улуттук контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жок кылынат.
3. Ушул Тартиптин талаптарын аткаруу фармацевтикалык иштин бардык субъекттери жана медициналык буюмдарды жүгүртүү субъекттери, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн саламаттык сактоо уюмдары үчүн милдеттүү.
4. Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатынын начардыгы, жараксыздыгы жөнүндө чечим дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлгөн экспертизанын жана/же инспекциянын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
5. Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ээси/менчик ээси (мындан ары - ээси/менчик ээси) - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү субъекти, ал бул дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга ээлик кылууга, аларды пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
Колдонууга жараксыз дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ээси/менчик ээси аларды жок кылууга өтүнмөнү ыйгарым укуктуу органга берет.
2-глава. Сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгуу тартиби
6. Ээси/менчик ээси ыйгарым укуктуу органдын дары каражатынын жана медициналык буюмдун сапаты жөнүндө корутундуну берүүдөн баш тартуу жөнүндө катын алган датадан тартып 180 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга милдеттүү.
7. Ушул Тартиптин 6-пунктунун талаптары сакталбаган учурда ээси/менчик ээси Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
8. Дары каражатын жана/же медициналык буюмду өндүрүүчү же берүүчү ташып чыгуунун мүмкүн эместиги жөнүндө аргументтелген катты бергенде дары каражаттары жана медициналык буюмдар ушул Тартиптин 3-главасына ылайык жок кылынууга тийиш.
3-глава. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылуу тартиби
9. Төмөнкү дары каражаттары жана медициналык буюмдар жок кылынууга тийиш:
1) жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен;
2) коопсуздук жана натыйжалуулук талаптарына шайкеш келбегендер;
3) сапатын баалоодон өтпөгөндөр (сапатсыз, фальсификацияланган, жараксыз деп таанылгандар);
4) жараксыз абалга келгендер;
5) ташуунун же талаптагыдай эмес сактоонун натыйжасында бузулгандар;
6) тандоо контролунун натыйжасында сапатын баалоодон бошотулгандар жана сапатын баалоодон өтпөгөндөр;
7) мыйзамсыз ташып келингендер (контрабандалык).
10. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылуу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын жана техникалык документтердин милдеттүү талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
11. Сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттары жана медициналык буюмдар Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирбеген өлкөлөрдөн (үчүнчү өлкөлөрдөн) ташып келинген, ошондой эле эгерде ээси/менчик ээси бул дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылуу үчүн берген учурда мындай дары каражаттары жана медициналык буюмдар жок кылуунун бажылык жол-жобосуна берилет.
Жок кылуунун бажылык жол-жобосуна берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өкүлү жетектеген курамы 5 мүчөдөн турган комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамына саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экологиялык коопсуздуктун талаптарынын сакталышын контролдогон жана көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу органдын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана жок кылынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ээсинин/менчик ээсинин (ээси/менчик ээси болгон учурда) өкүлдөрү кирет.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунда каралбаган учурларда жок кылуу ыйгарым укуктуу органдын өкүлү жетектеген курамы 4 мүчөдөн турган комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссия өзүнө ыйгарым укуктуу органдын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын сакталышын контролдогон жана көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу органдын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жана жок кылынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ээсинин/менчик ээсинин (ээси/менчик ээси болгон учурда) өкүлдөрүн камтыйт.
13. Жок кылуу боюнча комиссияны түзүү укугу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылууну демилгелеген тарапка жүктөлөт.
Мыйзамсыз ташып келинген (контрабандалык) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылуу боюнча комиссияны түзүү укугу ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
14. Комиссиянын ишинин натыйжасы акт менен таризделет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жок кылуу датасы, жери;
2) жок кылуу боюнча комиссиянын курамы;
3) жок кылуу үчүн негиз/негиздер;
4) ээсинин/менчик ээсинин аталышы (болсо);
5) жок кылуу методу;
6) дары каражаты жана медициналык буюм жөнүндө маалыматтар;
7) комиссиянын мүчөлөрүнүн колу.
15. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылууда комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча 4 нускадагы актыны түзөт.
16. Зарыл болгон учурда комиссия башка адистерди жана көз карандысыз эксперттерди акысыз негизде ишке тартышы мүмкүн.
17. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылуу актысына комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
18. Дары каражаттарын жок кылуу төмөнкү методцор (ыкмалар) аркылуу жүргүзүлөт:
1) жараксыз дары каражаттары кескин жыттуу (керосин, фенол, хлор акиташ ж.б.) же ушул продукцияга боек берүүчү боеочу зат менен денатураланууга тийиш;
2) суюк дары формалары (ампулалардагы, полиэтилен пакеттердги, флакондордогу, аэрозолдук баллондордогу инъекциялар үчүн эритмелер, микстуралар, тамчылар ж.б.) 1:100 катышта суу менен ампулалардын, пакеттердин жана флакондордун ичиндегилерди андан ары суюлтуу жана пайда болгон эритмени өнөр жайлык канализацияга төгүү аркылуу жок кылынат (аэрозолдук баллондордо алдын ала тешиктер жасалат); ампулалардын, аэрозолдук баллондордун, пакеттердин жана флакондордун калдыктары өрттөө аркылуу жок кылынат;
3) катуу дары формалары (порошоктор, таблеткалар, капсулалар ж.б.), жумшак дары формалары (сыйпоочу майлар, суппозиторийлер ж.б.), дары каражаттарынын трансдермалдык формалары, дары өсүмдүк сырьесу, дары өсүмдүк жыйымдары, ошондой эле фармацевтикалык субстанциялар өрттөө аркылуу жок кылынат;
4) өрт коркунучу бар, жарылуу коркунучу бар дары каражаттары, радиофармацевтикалык препараттар, ошондой эле радионуклиддери жогору дары өсүмдүк сырьесу жок кылуу боюнча уюмдун карамагында болгон атайын технология боюнча өзгөчө шарттарда жок кылынат;
5) ампулалардагы жана флакондордогу иммунобиологиялык препараттар автоклавдарда инактивацияланат, ампулалар жана флакондор талкаланат жана өрттөлөт.
19. Медициналык буюмдарды жок кылуу төмөнкү методдор (ыкмалар) менен жүргүзүлөт:
1) өрттөө (кан жана адамдын организминин ички көңдөйлөрү менен контактта болгон);
2) талкалоо жана/же майдалоо (калдыктар өндүрүштүк же тиричилик калдыктары катары кадимки тартипте чыгарылат);
3) сактыктын төмөнкү чараларын сактоо менен жерге көмүү:
- турак жайлардан, имараттардан, жайлардан, суу булактарынан жана мал жайыттарынан 1 км кем эмес аралыкта;
- тереңдиги 1 метрден кем эмес чуңкурда, анын түбү жер астындагы суулардын деңгээлинен 0,5-1 метрден кем эмес болот, түбүнө чоподон жасалган "сепил" жасалат;
- үстүнө 0,5 метр бийиктиктеги топурак төгүлөт.
20. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылууну демилгелеген тараптын өтүнмөсү келип түшкөн күндөн тартып 20 жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 11-пунктунда аныкталган өкүлдөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
21. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылууга байланышкан бардык чыгымдар, анын ичинде ташуу чыгымдары жок кылынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ээси/менчик ээси тарабынан төлөнөт.
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын, анын ичинде дарыкана мекемелеринин, башка мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик менчик формасындагы мекемелердин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылууга байланышкан бардык чыгымдары, анын ичинде ташуу чыгымдары алардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында төлөнөт.
22. Мыйзамсыз ташып келинген (контрабандалык) дары каражаттары жана медициналык буюмдар жок кылынган учурда чыгымдарды, анын ичинде сактоо жана ташуу чыгымдарын алар алынган адам төлөйт.