Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 21-январы № 01-01/14
“Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 01-7/171 “Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы объекттерди, ошондой эле пайдалуу кендерди жер астындагы ыкма менен казып алуучу объекттерди куруунун жана эксплуатациялоонун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, тоо-кен казып алуу ишканаларынын өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүн негизсиз чыгымдарын жоюу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги №01-7/171 “Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы объекттерди, ошондой эле пайдалуу кендерди жер астындагы ыкма менен казып алуучу объекттерди куруунун жана эксплуатациялоонун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздук эрежелерине” төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 10-пункттагы “колдонулган техникалык каражаттарды” деген сөздөр алып салынсын;
- 44-пункттун жетинчи абзацындагы ", анын ичинде имараттарды жана курулмаларды" деген сөздөр алып салынсын;
– 171-пункттагы "эксперттик" деген сөз алып салынсын;
экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Текшерүү үч жылда бир жолудан кем эмес техникалык каражаттары бар адистештирилген уюмдар жана квалификациялуу адистер тарабынан жүргүзүлөт.”.
– 274-пункттунун экинчи суйлөмдөгү “өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы” деген сөздөр “техникалык каражаттары жана квалификациялуу адистери бар адистештирилген уюмдар тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 288-пункттагы “өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан” деген сөздөр: “техникалык каражаттары жана квалификациялуу адистери бар адистештирилген уюмдардан корутундусу бар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1075-пункттунун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын:
- жер астындагы шарттарда иштөө менен байланышкан, ошондой эле катуу пайдалуу кендерди жер астындагы ыкмалар менен казып алуу менен байланышкан объекттердеги имараттар жана курулмалар;
– процесстер жер астындагы шарттарда жүргүзүлүүчү кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр, ошондой эле катуу пайдалуу кендерди жер астындагы ыкмалар менен казып алуу;
– процесстер жер астындагы шарттарда жүргүзүлүүчү кооптуу өндүрүш объекттерин эксплуатациялоого, ошондой эле катуу пайдалуу кендерди жер астындагы ыкмалар менен казып алууга байланышкан башка документтер;
– 2-тиркемедеги 20-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү “өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизалар” деген сөздөр: “техникалык каражаттары жана квалификациялуу адистери бар адистештирилген уюмдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи сүйлөмдөгү "экспертиза" деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
- белгиленген тартипте бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн, эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына көчүрмөсү маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз геология кызматынын директору Н.М. Сатыбалдиевке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри |
|
М.А. Машиев |