Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-январы № 24-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк командасынын ортосунда 2022-жылдын 11-июнунда кол коюлган 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу үчүн жыйынтыктар боюнча топтордун иши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин жыйналыштары жылына кеминде бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки биринчи кварталда өткөрүлөт;
2) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасы жыйынтыктар боюнча топтордун жылдык биргелешкен иш пландары аркылуу ишке ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин КУРАМЫ
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Стратегиялык координациялык комитеттин тең төрагасы;
Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору, Стратегиялык координациялык комитеттин тең төрагасы (макулдашуу боюнча).
Стратегиялык координациялык комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун мониторинг жүргүзүү, талдоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
макулдашуу боюнча:
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү;
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү;
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү;
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ) Кыргыз Республикасындагы региондук өкүлү;
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү;
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) Кыргыз Республикасындагы өкүлү;
Кыргыз Республикасындагы БУУ-аялдар өкүлү;
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Европа жана Борбордук Азия боюнча региондук бюросунун жетекчиси;
Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору;
Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) Кыргыз Республикасындагы офисинин башчысы;
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Кыргыз Республикасындагы программалык офисинин башчысы;
Эл аралык электр байланыш союзунун (ЭБС) Кыргыз Республикасындагы субрегиондук офисинин башчысы (макулдашуу боюнча);
Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) катчылыгынын Борбордук Азия боюнча субрегиондук кеңсесинин башчысы;
Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Кыргыз Республикасындагы аткаруучу өкүлү;
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын (БУУ КИЖК) Кыргыз Республикасындагы башкармалыгынын башчысы;
Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору;
БУУнун Ыктыярчылар программасынын Европа жана КМШ боюнча региондук менеджери;
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (ЭҮЖӨФ) Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору (Кыргыз Республикасы жана Молдова Республикасы);
Бириккен Улуттар уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын программаларынын менеджери (ЮНКТАД);
Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) программасынын менеджери;
Бириккен Улуттар Уюмунун Калктуу конуштарды туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча программасынын (БУУ-Хабитат) региондук кеңешчиси;
Бириккен Улуттар Уюмунун Долбоорлорду тейлөө башкармалыгынын (ЮНОПС) көп өлкөлүү офисинин директору.