Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-январындагы № 24-т тескемесине) |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу үчүн жыйынтыктар боюнча топтордун иши жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу үчүн жыйынтыктар боюнча топтордун иши жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын ишке ашыруу үчүн жыйынтыктар боюнча топтордун ишинин тартибин аныктайт (мындан ары - жыйынтыктар боюнча топтор).
2. Жыйынтыктар боюнча топтор өз ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Жыйынтыктар боюнча топтор 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкактык программасын (мындан ары - ТӨКБУУАП) ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитетке отчет берген эксперттик консультативдик-кеңеш берүүчү органдар болуп саналат, ТӨКБУУАПтын акыркы жыйынтыктарын ишке ашырууну камсыздайт, программалык артыкчылыктар менен туруктуу өнүктүрүү жаатында тиешелүү максаттардын ортосундагы тыгыз байланышты бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.
2-глава. Жыйынтыктар боюнча топтордун максаттары
4. Жыйынтыктар боюнча топтордун негизги максаты - ТӨКБУУАПты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана туруктуу өнүктүрүү жаатында программалык артыкчылыктардын акыркы жыйынтыктарына жетүү болуп саналат.
3-глава. Жыйынтыктар боюнча топтордун милдеттери жана укуктары
5. Жыйынтыктар боюнча топтор иштин максаттуу жана тематикалык багыттарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жооп берет:
- ТӨКБУУАПты ишке ашыруу боюнча иш пландарын даярдоо жана ишке ашыруу;
- өз багытынын алкагында жана артыкчылыктуу тармактар менен жыйынтыктардын ортосунда иштин кайталануусуна жол бербөө үчүн биргелешкен программалардын багыттарын аныктоо жана тиешелүү инструменттерди иштеп чыгуу;
- ТӨКБУУАПты ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди жана өнүктүрүүдө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү, мониторинг жүргүзүү, ошондой эле биргелешкен иш пландарын оңдоо;
- ТӨКБУУАПты каржылоонун алкактык программасын иштеп чыгууга катышуу жана аны жыл сайын жаңыртуу;
- улуттук жана эл аралык, мамлекеттик жана жеке каржылоо булактарынын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) Эл аралык өнөктөштүк траст фондунун ресурстарын биргелешкен мобилизациялоого катышуу.
4-глава. Жыйынтыктар боюнча топтордун курамы
6. ТӨКБУУАПтын стратегиялык артыкчылыктуу тармактарына ылайык жыйынтыктар боюнча төрт топ иштейт:
1) сапаттуу социалдык кызматтарга (билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо) жана татыктуу эмгекке бирдей жетүү;
2) инклюзивдүү жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү;
3) климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүдө, кырсык тобокелин башкарууда жана айлана-чөйрөнү коргоодо инклюзивдүү мамилелер;
4) тынчтык, биримдик жана адам укуктары үчүн адилеттүү, жоопкерчиликтүү жана инклюзивдүү институттар жана жарандык коом.
7. Жыйынтыктар боюнча топтордун курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен жана БУУ агенттиктеринен тең төрагалар, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана БУУ программаларынын негизги кызматкерлери кирет.
Тең төрагалыкты камсыз кылуу үчүн ар бир БУУ агенттиги жана тиешелүү мамлекеттик орган тиешелүү жыйынтыктар боюнча топко бирден кем эмес мүчө (техникалык/иш деңгээлинде) дайындайт.
БУУнун башка түзүмдөрүнүн, эл аралык финансылык институттардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү зарыл учурда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен жана БУУ мекемелеринен дайындалган жыйынтыктар боюнча топтордун тиешелүү тең төрагаларынын макулдугу менен жыйынтыктар боюнча топтордо иштөө үчүн чакырылышы мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү тематикалык багыттарды тескеген министрдин орун басарынын деңгээлинде жыйынтыктар боюнча төрт топ үчүн тең төрагаларды дайындайт. Экинчи жагынан БУУнун туруктуу координатору БУУнун өлкөлүк командасы (мындан ары - БУУӨК) менен макулдашуу аркылуу БУУ системасынан бул топтор үчүн тең төрагаларды дайындайт.
9. Эки тең төрага дайындалган учурда алардын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшү аныкталыш керек жана жыйынтыктар боюнча топтордун мүчөлөрүнө жана БУУӨКкө жеткирилиши керек. Башка БУУ түзүмдөрүнүн жетекчилерине артыкчылыктуу жаатты башкарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн БУУнун тең төрагалары БУУӨК жана БУУнун туруктуу өкүлүнүн консультациясы жана макулдугу менен жыл сайын алмашуусу мүмкүн.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен дайындалган жыйынтыктар боюнча топтордун тең төрагалары:
- жыйынтыктар боюнча ведомстволор аралык топтордун курамын түзөт;
- ТӨКБУУАПты толук ишке ашырууга көмөк көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жетекчилик кылат;
- ТӨКБУУАПтын жыйынтыктарына жетүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө багытталган чараларды ишке ашырууну координациялайт жана көмөк көрсөтөт;
- ТӨКБУУАПтын жыйынтыктарына жетүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын БУУ системасынын агенттиктери менен координацияланган өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылат;
- ТӨКБУУАПта чагылдыруу үчүн улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктары боюнча сунуштамаларды берет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн тапшырмаларды түзөт;
- ТӨКБУУАПтын жыйынтыктарына жетүүдө прогресстин биргелешкен мониторингин жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт жана камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы - Стратегиялык координациялык комитеттин тең төрагасына ТӨКБУУАПты ишке ашыруу боюнча прогресс, анын ичинде керектүү жана жеткиликтүү ресурстар жөнүндө мезгили менен маалымдап турат;
- ТӨКБУУАПты ишке ашыруу боюнча отчеттун сапатсыз жана убагында берилбегени үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдарга ТӨКБУУАПтын артыкчылыктуу багыттары боюнча прогресске жетүүгө багытталган процедуралык коштоо үчүн ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт.
11. БУУ тараптан жыйынтыктар боюнча топтордун тең төрагалары:
- БУУнун башка координациялык механизмдери, атап айтканда башка жыйынтыктар боюнча топтор, тематикалык топтор жана программаларды башкаруу топтору менен координация жана синергияга көмөктөшөт;
- мезгил-мезгили менен БУУнун туруктуу координаторуна жана БУУӨКкө зарылдыгына карата же суроо-талап боюнча прогресс, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдайт, ошондой эле зарылдыгы боюнча иш-чаралар жана/же багытты түзөтүү тууралуу сунуштамаларды берет;
- үзгүлтүксүз туруктуу мониторинг жана отчеттуулукка, анын ичинде БУУӨКтүн жылдык отчетуна, ТӨКБУУАПты ишке ашырууга, ошондой эле БУУ ИНФО маалымат порталынын отчеттук системасында маалыматты жаңыртуу жана суроо-талаптар боюнча башка атайын отчетторго катышат;
- БУУӨКтүн башка координациялык структуралары, донорлор, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом, илимий чөйрөлөр жана жеке сектор менен ТӨКБУУАПты инклюзивдүү жана комплекстүү ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн өз ара аракеттенет.
12. Жыйынтыктар боюнча топтун мүчөлөрү:
- жыйналыштарга жана талкууларга катышат;
- жыйынтыктар боюнча топ караган маселелер боюнча сунуштарды жапа сунуштамаларды берет;
- жыйынтыктар боюнча топтун иши жана чечимдери боюнча маалымат алат;
- жүктөлгөн тапшырмаларды аткарат;
- жыйынтыктар боюнча топтун ишине зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды өз убагында берет;
- өз ыйгарым укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында жыйынтыктар боюнча топтун чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтөт.
5-глава. Жыйынтыктар боюнча топтордун ишин уюштуруу
13. Жыйналыштар зарылдыгы боюнча, бирок жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт. Тең төрагалардын чечими менен же жыйынтыктар боюнча топтун катышуучуларынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн талабы боюнча кезексиз жыйналыштар чакырылышы мүмкүн.
14. Жыйналыштардын күн тартиби тең төрагалар тарабынан түзүлөт жана жыйын өткөрүлө турган күндөн жети күн кеч эмес катышуучуларга жөнөтүлөт.
15. Жыйналыштар жыйынтыктар боюнча ар бир топтун катышуучуларынын жарымынан көбү катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет.
16. Жыйынтыктар боюнча топтун жыйналыштарындагы чечимдер катышкандардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
17. Жыйынтыктар боюнча топтун чечимдери тең төрагалардын колу коюлган протоколдор менен таризделет жана бардык катышуучуларга жөнөтүлөт.
6-глава. Отчеттуулук
18. Жыйынтыктар боюнча топтор жылына кеминде бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки жылдын биринчи кварталында ТӨКБУУАПты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитетке биргелешкен иш пландарынын алкагында акыркы натыйжаларга жетишүү боюнча жүргүзүлгөн иш тууралуу отчет берет, ТӨКБУУАПты ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымдайт жана андан аркы иш-чаралар жана/же аларды түзөтүү боюнча сунуштамаларды берет.
7-глава. Корутунду жоболор
19. Бул Жобо бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет жана ТӨКБУУАПты ишке ашыруу мөөнөтү аяктаганга чейин иштейт.
20. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор ТӨКБУУАПты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин чечими менен киргизилет.
21. Бул Жободо жөнгө салынбаган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана БУУ системасынын ченемдик актыларына ылайык чечилет.