Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Энергетика министрлигинин
2025-жылдын 22-январындагы
№ 13-7 буйругуна тиркеме
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн
МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн ушул методикасы (мындан ары – Методика) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди белгилөөдө бирдиктүү ыкманы түзүү максатында иштелип чыккан.
2. Чет өлкө валютасынын улуттук валютага карата курсун өзгөртүүгө тарифти кайра карап чыгуу инвестициялык макулдашуунун жана (же) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин алкагында ишке ашырылган ЭКБ объекттери үчүн жүргүзүлөт.
3. Бул Методика отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына, анын ичинде суунун, күндүн, биомассанын, шамалдын жана жердин энергиясын пайдалануучу “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Методикага ылайык тарифтерди белгилөөнүн тартибин аныктайт.
4. ЭКБнын пайдаланган орнотмолор тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээли Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык белгиленет жана орнотуунун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке көбөйтүлөт.
2. Тарифтерди эсептөө
5. ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор иштеп чыгаруучу электр энергиясына тариф төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Тk - коэффициентти эске алуу менен электр энергиясына тарифтин чоңдугу;
Т - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектүү деңгээли;
k - орнотуунун ар бир түрү боюнча коэффициент:
- суунун энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
- биомассанын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
- шамалдын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
- күн энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
- жер энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар.
3. Чет өлкөлүк валютанын курсунун өзгөрүүсүнө жараша ай сайын индексациялоо
6. ЭКБын пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясына тарифти ай сайын индексациялоо төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Тi - белгиленүүчү тарифтин чоңдугу (сом/кВт.с);
Тk - коэффициентти эске алуу менен электр энергиясына тарифтин чоңдугу;
ER1 - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланган расмий курс боюнча эсептелүүчү өткөн ай үчүн Кыргыз Республикасынын сомунун АКШ долларына, орус рублине, кытай юанына, еврого карата курсунун орточо арифметикалык чоңдугу;
ER2 - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланган расмий курс боюнча эсептелүүчү өткөн айдан мурунку жыл үчүн АКШ долларына, орус рублине, кытай юанына, еврого карата Кыргыз Республикасынын сомунун курсунун орточо арифметикалык чоңдугу.
Кыргыз Республикасынын сомунун АКШ долларына, орус рублине, кытай юанына, еврого карата курсунун орточо арифметикалык чоңдугу төмөнкү формула боюнча эсептелет:
∑(𝑨𝑪𝒂: 𝑨𝑪𝒏)
𝐸𝑅 =____________________
𝐷𝑌
мында:
ER - Кыргыз Республикасынын сомунун АКШ долларына, орус рублине, кытай юанына, еврого карата курсунун бир айдыгы орточо арифметикалык чоңдугу;
∑ - жыйынтыктоо саны;
∑(𝑨𝑪𝒂: 𝑨𝑪𝒏) – 1-январдан 31-декабрга чейинки эсептешүү жылынын аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланган АКШ долларына, орус рублине, кытай юанына, еврого карата Кыргыз Республикасынын сомунун курсунун күнүмдүк чоңдугу;
DY - эсептелген айдыгы күндөрдүн саны.
4. Тарифти белгилөө жана кайра карап чыгуу тартиби
7. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээли “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна жана ушул Методикага ылайык ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин иштөө мөөнөтүнө белгиленет.
8. Тарифтерди кайра кароо ачык акционердик коому “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ай сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын АКШ долларына, орус рублине, кытай юанына, еврого карата Кыргыз Республикасынын сомунун курсунун өзгөрүшүн мүнөздөгөн расмий маалыматтарыь боюнча жүзөгө ашырылат.