Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 15/33
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык Кенешинин депутаты Боронбаев Уран өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 29-августундагы №80 токтому менен Шаршенбаев Бектурсун Төрөгелдиевич Жергиликтүү кеңештин шайланган депутаты деп таанылгандыгына байланыштуу, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаты Шаршенбаев Бектурсун мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жооптуу катчы С.Жумакановго тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |