Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-августу № 80
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө жана Семиз-Бел айылдык кеңештери боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл айылдык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор жана Светлая-Поляна айылдык кеңештери боюнча;
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын - Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечими келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ош, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 29-августундагы № 80 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Аккулов Абдижапар Ураимович (№ 1) ("Улуттар биримдиги элдик партиясы " деп. фракциясы) | Өз арызы | № 25, 20.08.2022-ж. |
Кара-Суу району | ||||
2 | Кара-Суу шаардык | Шарабидинов Нурбек Шарабидинович (№ 10) ("Эл үмүтү" деп. фракциясы) | Каза болуп калгандыгына байланыштуу | № 14, 05.08.2022-ж. |
Өзгөн району | ||||
3 | Ак-Жар айылдык | Жаркынбай уулу Исламбек | Өз арызы | № 11, 24.08.2022-ж. |
Ноокат району | ||||
4 | Төөлөс айылдык | Жумабаев Эркин Бактыбекович | Каза болуп калгандыгына байланыштуу | № 6, 17.08.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
5 | Кош-Дөбө айылдык | Боронбаев Уранбек Дүйшөнбекович | Өз арызы | № 7, 09.08.2022-ж. |
6 | Семиз-Бел айылдык | Такырбашова Венера Алымжановна | Каза болуп калгандыгына байланыштуу | № 7, 09.08.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
7 | Төрт-Гүл айылдык | Марипова Максудахан Садировна | Өз арызы | № 42, 11.08.2022-ж. |
Кызыл-Кыя шаары | ||||
8 | Кызыл-Кыя шаардык | Буванова Маликехан Айдаралиевна (№ 3) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 14.08.2022-ж. |
9 | Дарипова Уулкан Мамазияевна (№ 2) ("Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | ||
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
10 | Оргочор айылдык | Орозбаков Адилет Эсенгулович | Өз арызы | № 6, 12.08.2022-ж. |
11 | Светлая-Поляна айылдык | Абдраев Кубанычбек Турдубекович | Өз арызы | № 6, 12.08.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
12 | Базар-Коргон шаардык | Тиленбаев Туралы Абдыкадырович (№ 8) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 7, 25.08.2022-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
13 | Бакайыр айылдык | Капар уулу Канат | Өз арызы | № 1, 24.08.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 29-августундагы № 80 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кара-Суу шаардык | Ахметов Нурлан Фурхатович (№ 12) ("Эл үмүтү" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 15, 10.08.2022-ж. |
2 | Балтабаев Азамжан Камилович (№ 13) ("Эл үмүтү" деп. фракциясы) | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 29-августундагы № 80 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Жээналиев Тынарбек Тайтокурович (№ 8) ("Улуттар Биримдиги элдик партиясы" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 25, 20.08.2022-ж. |
Өзгөн району | ||||
2 | Ак-Жар айылдык | Турдумамбетов Замирбек Курманалиевич | Жеке чарба | №12, 24.08.2022-ж. |
Ноокат району | ||||
3 | Төөлөс айылдык | Темиров Азим | Төөлөс жайыт комитетинин жетекчиси | № 6, 17.08.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
4 | Кош-Дөбө айылдык | Шаршенбаев Бектурсун Торогелдиевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 8, 09.08.2022-ж. |
5 | Семиз-Бел айылдык | Токоева Эльмира Алымбековна | "АРИС", коомчулукту өнүктүрүү боюнча эксперти | № 8, 09.08.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
6 | Төрт-Гүл айылдык | Саткынова Гүлназ Мамануровна | "Айкөл" балдар бакчасынын тарбиячысы | № 42, 11.08.2022-ж. |
Кызыл-Кыя шаары | ||||
7 | Кызыл-Кыя шаардык | Галаматова Саадат Мухтаровна (№ 9) ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы) | Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн улук медайымы | № 4, 14.08.2022-ж. |
8 | Маманазарова Рашидахан Музураимовна (№ 9) ("Ата-Журт" саясий партиясы) | ААКФ "ЭкоИсламикБанк", кассанын башчысы | ||
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
9 | Оргочор айылдык | Молдокабылова Үмүт Өмөшовна | "Кыргыз почтасы", кызматкери | № 6, 12.08.2022-ж. |
10 | Светлая-Поляна айылдык | Бараканов Айбек Нурдинович | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 6, 12.08.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
11 | Базар-Коргон шаардык | Абдумаликов Абдулхак Абдусаламович (№ 20) ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы) | № 3 Бабур гимназия орто мектеби, мугалим | № 7, 25.08.2022-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
12 | Бакайыр айылдык | Машаев Капарбек Байышович | Дыйкан чарба | № 1, 24.08.2022-ж. |