Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-сентябрындагы № 14/29
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Кош-Дөбө айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгынын аткаруу максатында Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын калкынын саны 3785 болгондуктан жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 40 деп бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү курултайга делегаттар Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Саз жана Кара-Күңгөй айылдарынан калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын. (№2 тиркемеге ылайык).
5. Кош-Дөбө айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022-жылдын 15-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин. (№3 тиркемеге ылайык).
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябры деп белгиленсин ( №4 тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Казиев |