Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-январы № 33
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 820 "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки аффинаждалган чендик куймаларды сатуу тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 820 "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 27 (3663) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |