ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 33 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 820 «Кыргызалтын» ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция25.01.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-январы № 33

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 820 "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки аффинаждалган чендик куймаларды сатуу тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 820 "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 27 (3663) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев