Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо токой жайгаштыруунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт.
2. Токой жайгаштыруу мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо ишке ашырылат.
3. Токой жайгаштыруу токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой жайгаштыруучу уюму (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан келишимдин негизинде уюштурулат жана жүргүзүлөт.
4. Токой жайгаштырууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо инвентаризация жүргүзүлөт.
Токой жайгаштыруу материалдарынын негизинде токой мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык баалуулугу аз жерлерди кыйла баалуу жерлерге которуу ишке ашырылат.
5. Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) автордук көзөмөл - токой чарбасынын ишин жөнгө салуучу токой жайгаштыруу долбоорлорунун ишке ашырылышына ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү контроль;
2) долбоордун автору - токой жайгаштыруу жумуштарынын бүткүл циклинин жетекчиси;
3) саздар - мүнөздүү өсүмдүктөрү жана топурактын өзгөчө саздак түрү менен ашыкча же салыштырмалуу аккан нымдуу участокторду түзгөн токойсуз жерлер;
4) жүзүмзарлар - жүзүм өстүрүлгөн токойсуз жерлер;
5) пландан тышкары токой жайгаштыруу - юридикалык жана жеке жактардын арызы боюнча пландуу токой жайгаштырууда пландалбаган токой жайгаштыруу;
6) суулар - мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аймагында жайгашкан дарыяларды, өзөндөрдү, каналдарды, көлмөлөрдү бириктирген токойлуу эмес жерлердин категориясына кирет;
7) бөлүндү - токойлордун, мамлекеттик токой фондунун жерлеринин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы жерлердеги токойлордун минималдуу чарбалык бирдиги, токой кварталынын бөлүгү;
8) кыйылган жерлер - дарактары кыйылган, ал эми жаш дарактары жабык чатырын түзө элек токой аянты;
9) өрттөлгөн аймактар - токой капталбаган жерлер жана анын ичинде анын өсүшү токтогонго чейин өрттөн жабыркаган токой аянттары;
10) геодезиялык материалдар - карталарды түзүү жана кеңдиги, узундугу жана абсолюттук бийиктиги боюнча картадагы объекттердин абалын аныктоо үчүн геодезиялык сүрөткө тартуулардын натыйжасында алынган материалдар;
11) чек ара мамылары - мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин тышкы чек араларында орнотулуучу натуралдык токой жайгаштыруу белгиси;
12) токойдун деградациясы - антропогендик же табигый факторлордун таасири астында токой дарактарынын жашоо жөндөмдүүлүгүнүн жоголушу жана жок болушу. Токойдун деградациясы бак-дарактардын жашоо абалынын төмөндөшүнөн жана бак-дарактардын куурап калышынан, чырпыктардын соолуп калышынан, биологиялык өндүрүмдүүлүктүн азайышынан, токой экологиялык системаларынын түзүмүнүн жөнөкөйлөшүнөн жана түрлөрүнүн азайышынан билинет;
13) жолдор - мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы жана токой чарба багытындагы жолдордун бардык түрлөрүн бириктирген токойсуз жерлер;
14) дарак, бадал өсүмдүктөрү - токойду түзүүчү жана токой өсүмдүктөрүнүн негизги компонентинин дарак катмарынын жер үстүндөгү бөлүгү болуп саналган дарактардын, дарак өсүмдүктөрүнүн жыйындысы;
15) табигый кайра жаралуу (токойдун калыбына келиши) - токой түркүмдөрүндөгү дарак өсүмдүктөрүнүн муундарынын үзгүлтүксүз алмашуу процесси, ошондой эле токой өсүмдүктөрүнүн алар мурда өскөн жана табигый же анторопогендик факторлордун натыйжасында жок кылынган аймактарда өсүүсү жана калыптануусу;
16) токойду инвентаризациялоо - бак-дарактардын жана токойдун айрым участокторун баяндап жазуу жана картага түшүрүү боюнча иштердин комплекси;
17) токой дарактарынын запасы - токой бадалдарынын бардык түрлөрүнүн нымдуу өскөн сабагынын көлөмү;
18) шагыл-таштуу тоо тектери - суу, шамал эрозиясы, селдин агымы жана дарыя чөкмөлөрүнүн натыйжасында пайда болгон ири таштардын жыйындысы болгон токойсуз жерлер;
19) картографиялык материалдар - токойлордун масштабы, алардын максаттуу арналышына жараша топографиялык же атайын жүктөмдөрү боюнча айырмалануучу толук мүнөздөмөсүн чагылдыруучу картографиялык материалдар;
20) квартал - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордун жер участогу, туруктуу эсепке алынуучу жана чарбалык бирдик;
21) кварталдык тармак - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо түзүлүүчү кварталдардын системасы;
22) кварталдык мамы - кварталдык чек аралар кесилүүчү жерлерде орнотулуучу натуралдык токой жайгаштыруу белгиси;
23) тик капталдар - токой өсүмдүктөрүнүн өсүүсүнө шарттары жок, жантайынкылыгы 36 градустан тик жайгашкан токой өсүмдүктөрү жок тоо капталдары;
24) бадалдар - кыртыштын үстүндө жайыла бутактаган жана жетилген абалында да башкы сөңгөгү болбогон, көп жылдык жыгач өсүмдүгү;
25) мөңгү - оордук күчүнүн таасири астында жылмышуу кыймылы мүнөздүү агымга дуушар болгон жана агымдын, агымдар системасынын, куполдун (калкандын) же калкып жүрүүчү плитанын формасын алган, негизинен атмосфералык таасирден келип чыккан муз катмары;
26) токой - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категорияларындагы жерлеринде өсүүчү, минималдуу аянты 0,2 гектар, минималдуу кеңдиги 25 метр болгон, шактарынын минималдуу жыштыгы 10%, дарактарынын минималдуу бийиктиги 1,9 метр (бадалдардыкы - 0,5 метр) болгон дарак-бадал өсүмдүктөрү;
27) токой өсүмдүктөрү - жыгач, бадал, жыгач эмес өсүмдүктөрдүн жана тирүү жер кыртышынын жыйындысы;
28) токой өсүмдүктөрү - токой бак-дарактарынын дарактуу жана бадалдуу түрлөрүн себүү же отургузуу аркылуу жасалма жол менен түзүлгөн токойлор;
29) токой пайдалануу - Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде каралган чектөөлөрдү кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категорияларындагы жерлеринде жайгашкан токойлорду пайдалануунун Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде уруксат берилген түрлөрү;
30) токой чарбасы менен байланышкан токой пайдалануу - бул дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо, ошондой эле экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүрлөрдү, кабыктарды жана башкаларды) даярдоо, токойду илимий-изилдөө максатында, ошондой эле аңчылык чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдалануу, токой кыюу жана жыгач даярдоо, плантацияларды түзүү, токой ресурстарын кайра өндүрүү;
31) токой жайгаштыруу объекти (жайгаштырылуучу объект) - чектеринде токой жайгаштыруу иштеринин бүткүл цикли ишке ашырылган мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлор;
32) токой жайгаштыруу планшети - кварталдардын тобунун планын камтыган пландуу-картографиялык токой жайгаштыруу материалдарынын баштапкы документи;
33) токой жайгаштыруу долбоору - токой жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча жайгаштырылуучу объектке ревизиялык мезгилге карата иштелип чыгуучу документтердин пакети;
34) токой жайгаштыруу кеңешмелери - токой жайгаштыруу иштерин уюштуруу, аларды аткаруунун өзгөчөлүктөрүн ар тараптуу талкуулоо максатында өткөрүлүүчү кеңешмелер;
35) жаш токой - таажылары жыш боло элек токой;
36) жетиле элек токой өсүмдүктөрү - таажыларынын жыштыгы ченемдик даражага жете элек жасалма түрдө калыбына келтирилген жана өстүрүлгөн токой участоктору;
37) бөлүндүлөрдү баалоо - зарыл болгон токой чарбалык иш-чараларды пландоо менен бөлүндүлөрдүн учурдагы абалын талаа шарттарында сүрөттөө;
38) сугат айдоолор - сугат үчүн жарактуу, сугат булагы менен байланышкан туруктуу же убактылуу сугат тармагы бар, суу ресурстары оптималдуу мөөнөттөрдө бул жерлерди 75% дан кем эмес суу агымы менен сугарууну камсыз кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилүүчү жана пайдаланылуучу, анын ичинде көп жылдык чөптөр жана таза жерлер токойсуз жерлерге кирет;
39) кайрак айдоолор - сугат үчүн жараксыз, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилүүчү жана пайдаланылуучу, анын ичинде көп жылдык чөптөр жана таза жерлер токойсуз жерлерге кирет;
40) токой өсүмдүктөрүн которуу - өсүүсү жана абалы боюнча белгилүү сапаттык көрсөткүчтөргө жеткен токой өсүмдүктөрүнүн участогун токойлуу аянттын категориясына киргизүү;
41) кумдар - жыгач-бадал өсүмдүктөрү жок, кумдуу бети бар жер тилкелерин түзгөн токойсуз жерлер;
42) пландуу токой жайгаштыруу - тизмеси токой чарбасынын республикалык башкаруу органы тарабынан белгиленген объекттерге токой жайгаштыруу;
43) куурап калган бак-дарактар - антропогендик жана табийгый факторлордун, энтомологиялык жана фитопатологиялык зыянкечтердин, өнөр жайлык чыгындылардын, шамалдын жана бороондун жана чөйрөнүн башка терс таасиринин натыйжасында тамыры куурап калган дарактары менен токой участоктору;
44) түп токой - дарак өсүмдүктөрүнүн бийиктигине жете албаган токой катмарынын астындагы, бадалдар же дарактар;
45) жаш көчөт - бийиктиги бак-дарактын негизги катмарынын 1/4 бөлүгүнөн ашпаган токой катмарынын астындагы табигый тектүү жыгач өсүмдүктөрүнүн жаш мууну;
46) токой баскан жерлер - жасалма өстүрүлгөн жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер;
47) токой каптаган аянттар - табигый жана жасалма (токой өсүмдүктөрү) өскөн дарактар же бадалдар ээлеген жерлер. Бак-дарактардын жана бадалдардын токой каптаган аянттарга таандыгынын негизги белгиси таажылардын жыштыгы болуп эсептелет, ал 10% жана андан жогору болууга тийиш;
48) басымдуулук кылган же негизги түр - жыгачтын запасынын чоң көлөмү менен жыгач же бадал түрү;
49) сыноо аянты - дарактарды, токой өсүмдүктөрүн, токойдун табигый жаңылануусун эсепке алуу жана башка өлчөө иштери жүргүзүлүүчү токой жерлеринин участогу;
50) ачык жерлер - дарак же бадал өсүмдүктөрү жок, токой менен капталбаган, бирок токой өсүмдүктөрүнүн элементтери сакталган жерлер;
51) долбоордук ведомосттор - токой жайгаштыруу долбоорунун курамына кирүүчү ведомосттор, анда алдыдагы ревизиялык мезгилге токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын долбоорлонуучу түрлөрүн жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен таксациялык бөлүнүштөр көрсөтүлөт;
52) башка жерлер - тик капталдарды, жалама аскаларды, шагыл-таштуу тоо тектерин, шагылдарды, шор топурактуу жерлерди, эшилме шагылдарды, жер көчкүлөрдү, электр берүү жана байланыш линияларынын жолдорун, өрткө каршы ажырымдарды, түтүк өткөргүчтөрдү камтыган токойсуз жерлер;
53) бош жер - он жылдан ашык токой өспөй дараксыз абалда турган өрттөнгөн же жапырт токой кыйылган жер тилкелерин камтыган токой баспаган жерлер;
54) ревизиялык мезгил - токой жайгаштыруу долбоору түзүлүүчү мөөнөт;
55) сейрек токойлор - токойлордун таажыларынын жыштыгы 10% дан төмөн, минималдуу тыгыздыгы 0,1 болгон токой баспаган жерлер;
56) бакчалар - жасалма мөмө дарактары жана бадалдары бар токойсуз жерлер;
57) чөп чабындылар - чөп чабуу үчүн пайдаланылуучу токойсуз жерлер;
58) жалама зоолор - тик же тик капталдары жана учтуу чокулары бар таштак тоо тектеринин жерлери болгон токойсуз жерлер;
59) таажы жыштыгы - таажылардын проекциясы камтылган аянттын (бир нече кабаттууларды эсепке албаганда) бак-дарактардын жаппы аянтына катышы;
60) бак-дарактардын туруктуулугу - бак-дарактардын тышкы жагымсыз факторлордун (кар, шамал ж.б.) таасирине туруктуулугу;
61) өсүү баскычы - дарактардын өсүү даражасы;
62) токойду таксациялоо - токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн эсепке алуу, баалоо боюнча техникалык иш-чаралардын комплекси;
63) таксациялык материалдар - ар бир токой бөлүндүсүнүн мүнөздөмөсүн жана белгиленген чарбалык иш-чараларды камтыган кварталга түзүлүүчү ведомосттор;
64) токойдун тиби - токойдун өсүү шарттарынын жалпы түрү, дарак жана бадал түрлөрүнүн бирдей курамы, катмарларынын саны, окшош фаунасы менен мүнөздөлгөн, бирдей чарбалык шарттарда бирдей токой чарба иштерин талап кылган токой аянты же анын айкалышы;
65) чарбак-жайлар - токой чарбасын жүргүзүүгө жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын иштешине байланыштуу турак жана турак эмес курулуштар ээлеген жер участоктору (кордондор, кызматтык үлүштөр, өнөр жай жана администрациялык имараттар жана курулмалар, кампалар), ошондой эле калктуу конуштар, ден соолукту чыңдоочу жана рекреациялык мекемелер, кошарлар ж.б.
2-глава. Токой жайгаштыруунун түрлөрү
6. Алгачкы, кайталанган жана үзгүлтүксүз, ошондой эле пландалган жана пландан тышкары токой жайгаштыруу болуп бөлүнөт.
7. Алгачкы токой жайгаштыруу мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана мурда жүргүзүлбөгөн жер фондунун башка категорияларындагы жерлердеги токойлордо жүргүзүлөт.
Алгачкы токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
8. Кайталап токой жайгаштыруу ревизиялык мезгилдерге ылайык мурда жайгаштырылган объекттерде аткарылат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
9. Пландуу токой жайгаштыруу ревизиялык мезгил аяктагандан кийин, ошондой эле токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жүргүзүлөт.
Пландалган токой жайгаштыруунун акыркы 1-5 жылда жүргүзүлгөн талаа маалыматтары бар болгон учурда пландан тышкары токой жайгаштыруунун талаа иштери жүргүзүлбөйт.
Пландалган жана пландан тышкары токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
10. Ревизиялык мезгилдер Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларынын касиеттерине жараша белгиленет жана төмөнкүлөрдү түзөт:
1) жаңгак-мөмө токойлору үчүн - 10 жылды;
2) карагай токойлору үчүн - 10 жылды;
3) арча токойлору үчүн - 15 жылды;
4) суу жээгиндеги токойлор үчүн - 15 жылды;
5) мамлекеттик жаратылыш парктардын жерлеринде - 15 жылды;
6) мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жерлеринде - 20 жылды.
11. Үзгүлтүксүз токой жайгаштырууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун абалы, аткарылган токой чарбалык иш-чаралардын көлөмү жана сапаты, токой пайдалануунун түрлөрү жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды ар жыл сайын чогултуу жана иштеп чыгуу, ошондой эле токой чарба жумуштарынын объекттерин жана көлөмдөрүн, кийинки жылга токой пайдалануунун жол берилүүчү көлөмүн аныктоо ишке ашырылат.
12. Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине токойлуу жана токойсуз жерлер кирет.
Токойлуу жерлер токой баскан жана токой баспаган жерлерге бөлүнөт.
Токой баскан жерлер - жасалма өстүрүлгөн жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер.
Токой баспаган жерлер - жетиле элек токой өсүмдүктөрү, көчөтканалар жана плантациялар, сейрек токойлор, өрттөлгөн жана куураган токойлор, кыйылган токой, ачык жана бош жаткан жерлер.
Токойсуз жерлер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: сугат айдоо, кайрак айдоо, чөп чабындылар, токой жайыттары, шалбалар, бактар, жүзүмзарлар, чарбак-жайлар, саздар, жолдор, суулар, кумдар, мөңгүлөр, башка жерлер (тик капталдар, жалама аскалар, шагыл-таштуу тоо тектери, кум-шагыл, шор топурактуу жерлер, эшилме шагылдар, жер көчкүлөр, электр жана байланыш линияларынын жолдору, өрткө карышы тилкелер, өткөргүч түтүктөр орнотулган жерлер).
13. Токойлордун көчөттөрүнүн запасы инструменталдык өлчөөлөрдү колдонуу менен жүргүзүлгөн токойлорду инвентаризациялоонун сынамык аянттарынын маалыматтарынын негизинде математикалык-статистикалык метод менен эсептелет.
14. Токой жайгаштыруунун картографиялык материалдары төмөнкүдөй масштабда даярдалат:
- токой жайгаштыруу планшеттери - 1:10000 же 1:15000;
- токой отургузуунун планы - 1:25000;
- карта-схема - 1:100000;
- тематикалык карталар 1:150000 же 1:250000.
Токой жайгаштыруунун картографиялык материалдарын даярдоо үчүн 1:25000 масштабдагы топографиялык карталар негиз болуп саналат.
15. Токойлордун негизги таксациялык көрсөткүчтөрү болуп төмөнкүлөр саналат: түрлөрүнүн курамы, басымдуулук кылган же башкы породасы, бак-дарактар, бадалдар, өспүрүм дарактар, түп токой, токойдун түзүлүшү, токойдун өсүү стадиясы, токойдун туруктуулугу жана таажылардын жыштыгы, токой өсүмдүктөрүнүн запасы, токойдун жаш курагынын классы же тобу, токойдун өсүшү, токойлордун типтери жана келип чыгышы.
16. Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде үзгүлтүксүз токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мекемелери (токой чарбалары, жаратылыш парктары жана коруктар), ал эми жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана токой өскөн жерлердин менчик ээлери тарабынан жүргүзүлөт.
17. Биотүрдүүлүктү сактоо, токой чарбасын жүргүзүү, коопсуздукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу максатында токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү финансылык жылга карата каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
18.Токой пайдаланууну жүргүзүү максатында токой жайгаштыруу токой пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Токой пайдалануунун түрлөрү Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык белгиленет.
19. Мейманканаларды, кемпингдерди жана туристтерди тейлөөнүн башка объекттерин куруу жана эксплуатациялоо ишке ашырылып жаткан мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлеринде токой жайгаштыруу жер участогун пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
20. Геологиялык чалгындоо иштери жана пайдалуу казууларды (кен пайдалануу) иштетүү ишке ашырылып жаткан мамлекеттик токой фондунун жерлеринде, жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо токой жайгаштыруу кен пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
21. Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу учурунда, ошондой эле жолдорду, гидроэлектрстанцияларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду, байланыш, электр энергиясы, суу, газ, мунайзат, агынды өткөргүч үчүн түтүктөрдү курууда, байланыш жана электр энергия линияларын тартууда токой жайгаштыруу жер участогун пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
22. Токой жайгаштырууну жүргүзүүнүн узактыгы ушул Тартиптин 16, 17, 18, 19, 20 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн жүргүзүү максаттарына жараша бир айдан эки жылга чейин созулат.
Токой жайгаштыруу цикли өзүнө төмөнкү жумуштарды камтыйт:
- даярдоо;
- талаа;
- камералык.
23. Даярдоо жумуштары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жайгаштырылуучу объекттин жерлеринин учурдагы тышкы чек арасын, анын административдик-чарбалык бирдиктерин аныктоону;
2) мурунку токой жайгаштыруунун таксациялык, геодезиялык жана картографиялык материалдарын чогултууну жана аларды талдоону;
3) жайгаштырылуучу объекттин жерлеринин кварталдык тармагынын картасынын долбоорун түзүүнү;
4) чек аралык жана кварталдык мамыларды калыбына келтирүүнүн талап кылынган көлөмдөрүн аныктоону;
5) жамааттык машыгуу (окутуу) үчүн участокту тандоону;
6) токой жайгаштырууну жүргүзүүгө смета түзүүнү.
24. Талаа жумуштары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жамааттык машыгуу (адистерди окутуу) өткөрүүнү;
2) токой чарбалык иш-чараларды пландоону: топографиялык жана геодезиялык жумуштарды жүргүзүү, чек аралык жана кварталдык мамыларды орнотуу, биотүрдүүлүктүн абалына талдоо жүргүзүү, ревизиялык мезгилде токой чарбасын жүргүзүү; бөлүндүлөрдү көз менен өлчөө методу менен баалоо жана токойлорго тандама статистикалык метод менен инвентаризациялоо жүргүзүүнү;
3) адистерди, жумушчуларды убактылуу жана сезондук жумуштарга жалдоону.
25. Камералык жумуштар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) токой ресурстарынын маалыматтар базасын түзүүнү жана иштеп чыгууну;
2) геомаалыматтык технологияларды колдонуу менен картографиялык материалдардын санариптик моделин түзүүнү;
3) токой жайгаштыруу долбоорлорун жана материалдарын иштеп чыгууну.
26. Даярдоо, талаа жана камералык жумуштарды жүргүзүүнүн тартиби токой чарбасын башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
27. Бөлүндү көз менен өлчөп бааланат жана бир нече этаптар менен ишке ашырылат:
1) кварталдарды бөлүндүгө бөлүү;
2) бөлүндүнүн учурдагы абалын сыпаттоо;
3) ревизиялык мезгилге карата бөлүндүнү өнүктүрүүнүн токойчулук максаттарын аныктоо;
4) ревизиялык мезгилге карата токой чарба иш-чараларын пландоо.
28. Бөлүндүлөрдү баалоо "төмөндөн жогору" принциби боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токой жайгаштыруу адистери менен биргеликте токойчулар тарабынан жүргүзүлөт.
29. Токойлорду инвентаризациялоо туруктуу сынамык аянттарды түптөө жана инструменттик өлчөө жолу менен тандама статистикалык метод менен жүргүзүлөт.
30. Токой жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүүдө бөлүндүлөрдү баалоо үчүн маалыматтарды чогултуу жана токойлорду инвентаризациялоо методикасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана токой чарбасын башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
3-глава. Токой жайгаштыруу долбоорлору
31. Биотүрдүүлүктү сактоонун, токой чарбасын жүргүзүүнүн токой жайгаштыруу долбоорлору төмөнкүлөрдү камтыйт: уюштуруу жана өнүктүрүү долбоорун, долбоорлонуучу иш-чаралардын ведомостторун, таксациялык сыпаттамаларды, сынамак аянттардын жыйынды ведомостторун.
Токой жайгаштыруу долбоорунун курамына ошондой эле токой жайгаштыруу планшеттери, токойлордун пландары (басымдуулук кылган породалар жана курактык топтору боюнча, долбоорлонуучу иш-чаралар, зоналарды жайгаштыруу боюнча боёлгон) аларда кыдырмалардын жана техникалык участоктордун чектерин, жайгаштырылуучу объекттин карта-схемаларын, 1:25000 масштабындагы токойлордун пландарын, 1:15000 масштабындагы планшеттерди, өрткө каршы иш-чараларды, эксплуатациялык зоналарды, токойдун табигый жаңылануусун көрсөтүү менен кирет.
32. Токой чарбасына байланышкан токой пайдаланууга багытталган токой жайгаштырууда токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн, долбоорлонуучу токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын ведомостторун, ошондой эле 1:25000 масштабдагы картографиялык материалдарды камтыган токой жайгаштыруу долбоорлору иштелип чыгат.
33. Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлорду мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу максатында, токой жайгаштыруу жүргүзүлөт. Мунун натыйжасында токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн, токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын эсептерин, долбоорлонгон иш-чаралардын ведомостун жана 1:25000 масштабындагы картографиялык материалдарды камтыган токой жайгаштыруу корутундусу түзүлөт.
Токой жайгаштыруу корутундулары төмөнкүдөй учурларда түзүлөт:
- коопсуздукту камсыз кылууда, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана жоюуда;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлорду токой чарбасын жүргүзүү менен байланышпаган максаттар үчүн пайдаланууда;
- жолдорду, гидроэлектрстанцияларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду курууда;
- объекттерди курууда жана байланыш жана электр энергия линияларын тартууда;
- байланыш жана электр энергия, суу, газ, мунайзат, агынды сууларды өткөргүч түтүктөрдү тартууда;
- балык чарбасын уюштурууда;
- ден соолукту чыңдоо, маданий, рекреациялык жана туристтик максаттарда мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди жана башка объекттерди курууда, пайдаланууда жана эксплуатациялоодо;
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жана пайдалуу казууларды (кен пайдалануу) иштетүүдө;
- өзгөчө баалуу дарактын породаларын кыюуда.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурларда токой жайгаштыруу кеңешмелери өткөрүлбөйт.
34. Жайгаштырылуучу объекттин токой жайгаштыруу долбоору жер ресурстары жана жер укуктук мамилелери жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү ведомстволук бөлүмдөрүнүн аймактык органы менен макулдашат жана токой чарбасын башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
4-глава. Токой жайгаштыруу кеңешмелери
35. Биотүрдүүлүктү сактоо, токой чарбасын жүргүзүү жана токой чарбасына байланышкан токой пайдалануу учурларында токой жайгаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токой жайгаштыруу кеңешмелери өткөрүлөт:
1) биринчиси - талаа жумуштары башталганга чейин бир айдан кеч эмес;
2) экинчиси - талаа токой жайгаштыруу маалыматтары иштелип чыккандан кийин жана биотүрдүүлүктү сактоо, токой чарбасын жүргүзүү жана токой чарбасына байланышкан токой пайдалануу долбоорунун негизги бөлүктөрү иштелип чыккандан кийин өткөрүлөт.
36. Токой жайгаштыруу кеңешмелерин өткөрүүнүн конкреттүү даталары, алардын катышуучуларынын жеке курамы, аларга зарыл болгон материалдарды берүү мөөнөттөрү кызыкдар тараптар менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
37. Кеңешмелердин катышуучулары токой жайгаштыруу кеңешмелерине даярдалган материалдар менен алдын ала таанышууга тийиш.
38. Биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде жайгаштырылуучу объектте токой жайгаштыруунун талаа жумуштарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталат, даярдануу жумуштары жөнүндө маалыматтар каралат.
39. Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде (токой чарбалар, мамлекеттик жаратылыш парктары жана мамлекеттик жаратылыш коруктар) токой жайгаштыруу маселелери каралуучу биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде аталган мекемелердин жетекчилери баяндама жасайт.
40. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо токой жайгаштыруу маселелери каралуучу биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоорлордун авторлору баяндама жасайт.
41. Биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер протоколго жазылат, алар токой жайгаштыруу жумуштарынын сметасын жана жайгаштырылуучу объекттин жерлеринде токой жайгаштыруу үчүн келишим түзүүгө негиз болуп саналат.
42. Экинчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде талаа жана камералык жумуштардын жыйынтыктары талкууланат жана төмөнкү маселелер каралат:
1) мамлекеттик токой фондунун (токой чарбасынын), өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мамлекеттик жаратылыш паркынын, мамлекеттик жаратылыш коругунун жана башка), жер ресурстары жана жер укуктук мамилелери жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү ведомстволук бөлүмүнүн аймактык органы менен макулдашылган чек аралардын сыпаттамасы;
2) мамлекеттик токой фондунун аймактарын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу (кварталдарга, токойчулукка, кыдырмага, функционалдык зоналарга, эксплуатациялоо зоналарына, корголуу категорияларына ж.б. бөлүү);
3) токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;
4) мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлорду инвентаризациялоонун жыйынтыктары;
5) токой чарба иш-чараларын пландоонун жыйынтыктары;
6) акыркы ревизиялык мезгилдеги токой чарбалык жана башка иштерди талдоо, токой өсүмдүктөрү өскөн участокторду изилдөөнүн жана сүрөткө тартуунун жыйынтыктары, питомниктерди, токой аянттарын изилдөөнүн жыйынтыктары;
7) алдыдагы ревизиялык мезгилге карата пландалуучу токой чарба, токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын көлөмү, алардын пландарга жана токой чарбанын, мамлекеттик жаратылыш коругунун жана мамлекеттик жаратылыш паркынын мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келиши;
8) картографиялык материалдар;
9) бөлүндүлөр жана кварталдар боюнча таксациялык ведомосттор;
10) ошол жайгаштырылуучу объект боюнча аткарылган токой жайгаштыруу жумуштарынын башка өзгөчөлүктөрү.
43. Экинчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоорлордун авторлору баяндама жасайт.
44. Экинчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер кеңешменин протоколуна жазылат, ал токой жайгаштыруу долбоорунун акыркы вариантын түзүү үчүн негиз болуп саналат.
45. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган токой жайгаштыруунун талаа жана камералык жумуштарын жүргүзүү мезгилинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн техникалык кеңешмелерди чакырат.
5-глава. Автордук көзөмөл
46. Автордук көзөмөл ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ревизиялык мезгилдин жарымы өткөндөн кийин, бирок токой жайгаштыруу жүргүзүлгөн датадан тартып 5 жылдан кеч эмес жайгаштырылган объекттерде жүргүзүлөт.
47. Автордук көзөмөл жүргүзүү нускамасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча токой чарбасын башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.