Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-январы № 40
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте
турган жер участокторуна менчик же ижара укугун
берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү
жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна, адамдардын өлүмүнө жана материалдык зыян тартууга жол бербөө боюнча алдын ала иш-чараларды өз убагында өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
- 7-пункттун экинчи абзацы "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын," деген сөздөрдөн кийин "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга потенциалдуу кооптуу участоктордун бар же жок экендиги тууралуу жана берилген жазма буйруктар, корутундулар жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 7 (3663) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |