ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 2746-VII «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому

Редакция29.01.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 29-январы № 2746-VII

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен

кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн

макулдашуу тобун түзүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:

 

1) Ч.И. Ажибаев – Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;

2) Н.О. Сыдыгалиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;

3) А.К. Бакетаев – Кыргыз Республикасынын финансы министри, макулдашуу тобунун тең төрагасы.

 

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

Н.А. Азыгалиев