Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-февралы № 56
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку квалификациялуу жетекчи кадрдык курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
2, 3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жалпы билим берүү уюмунда 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы, анын ичинде директордун же директордун орун басарынын, же балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучунун, же социалдык педагогдун кызмат ордунда 1 жылдан кем эмес иш стажы бар;
3) башкы кызмат ордунда 2 жылдан, билим берүү органдарындагы улук жана кенже кызмат ордунда 2 жылдан; аймактык билим берүү органдарында методикалык кабинеттин жетекчиси же методист кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес стажы бар;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"3-1) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын зоналарда жайгашкан жалпы билим берүү уюмунда 5 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы бар;";
- 12-пункттун 2-пунктчасы "коррупциялык" деген сөздөн кийин ", экономикалык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Конкурска катышууну каалаган талапкер ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте документтерди тизмеге ылайык (сканерленген, электрондук түрдө) берет.";
- 36-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- эгерде эң көп балл алган талапкердин жыйынтыктары жокко чыгарылса.";
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-пункт менен толукталсын:
"36-1. Эгерде талапкер Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшырууда же тестирлөөдөн өтүүдө ушул Жобонун талаптарын бузса жана бул бузуулар тестирлөө өткөрүлгөндөн кийин аныкталса, конкурстук комиссия өзүнүн чечими менен талапкердин жыйынтыктарын жокко чыгарат.
Жыйынтыгы жокко чыгарылган талапкер (соттуулугу бар талапкерден башка) Конкурска жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга өбөлгө болгон себептер четтетилгенден кийин катыша алат.";
- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемесинде:
3-пунктта:

төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:

5-пункттун 2-пунктчасы "коррупциялык" деген сөздөн кийин ", экономикалык" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 9 (3665) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ