Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 11-январы № 04-13/3
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызматтын стандартын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө Жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 304 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарты бекитилсин:
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу себүүлөрүнө талаа инспекциясын жүргүзүү” 1-тиркемеге ылайык;
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сапатын лабораториялык аныктоо” 2-тиркемеге ылайык;
- “Шайкештик сертификатын берүү (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын үрөнчүлүк сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча республика ичинде берилет), Эл аралык кызгылт сары сертификатты берүү (OISLS) (экспорттолуучу үрөн продукциясына берилет)” 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтин чечимдерин даярдоо башкармалыгына жана Санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмүнө:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрдө расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин расмий сайтына жарыялоону камсыздасын;
2) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун;
3) жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Аткарууну контролдоо башкармалыгынын Канцелярия жана лингвистика бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгынын Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнө жана Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментине жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
6. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а, министрдин биринчи орун басары
|
Ж.К. Керималиев
|
1-тиркеме
Мамлекеттик кызматтын паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу себүүлөрүнө талаа инспекциясын жүргүзүү |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – САЧКӨМ). Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана бегбанчылыкты экспертизалоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана суу ресурстары министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин (мындан ары – Департамент) атынан. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому: 2023-жылдын 12-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 458 (12-тиркеме “Кыргыз Республикасынын Суу ресрстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө жобо”); Кыргыз Республикасынын “Үрөн жөнүндө” Мыйзамы, 1997-жылдын 19-июну № 38, (КР 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 861 "Кыргыз Республикасында кант жана тоют кызылчасынын үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2009-жылдын 12-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасындагы көп жылдык буурчак чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; - 2007-жылдын 21-майындагы № 128 ОЭСД (Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму) схемаларына ылайык Кыргыз Республикасында кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндүк өсүмдүктөрүн талаа инспекциясын жүргүзүү жөнүндө инструкциясы; - «Кыргыз Республикасында мөмө-жемиш, жаңгак, гүл-декоративдүү өсүмдүктөрдүн жана жүзүмдүн маточниктик эгиндерин жана көчөт материалдарын талаа инспекциясынан өткөрүү боюнча нускама» Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана суу ресурстары министрлигинин 2024-жылдын 28-июнундагы №04-13/221 буйругу менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук себилген эгиндерине 1 гектар боюнча талаа инспекциясын (өсүмдүктөрдү тамыры менен кароо ыкмасы) жүргүзүү боюнча прейскурант агроөнөр жай комплекси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 2022-жылдын 28-июлундагы №241-НИ буйругу менен, ошондой эле антимонополиялык саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 2022-жылдын 19-июлундагы №25 буйругу менен макулдашылып бекитилген. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Административдик иш-аракеттердин жыйынтыктары болуп төмөнкүлөр саналат: – талаа инспекциясынын актысын түзүү жана арыз ээсине тапшыруу бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы этабы болуп саналат. Кызмат алуучуга документтин түп нускасы берилет. Үрөндөрдүн сорттук сапаттары боюнча документтерди берүү: - талаа инспекциясынын актысы – кылкандуу дан эгиндеринин, чанактуу дан эгиндеринин жана май алынуучу өсүмдүктөрдүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү 5 жыл) - көп жылдык чөптүн (люцерна, эспарцет ж.б.) себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты – көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 5 жыл); - кант кызылчасынын көчөтсүз себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты - кант кызылчасынын айдоолорунун сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонулүү мөөнөтү – 5 жыл); - үрөндүк картөшкөгө жүргүзүлгөн талаа инспекциясынын акты –тигилген картөшкөнү сорттук айдоону күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонулүү мөөнөтү – 1 жыл); - пахта үрөнүнө талаа инспекциясынын актысы – пахтаны сорттук эгүүнү күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 1 жыл); - мөмө – жемиш бактарына талаа инспекциясынын акты – мөмө – жемиш бактарынын сорттук сапатын күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 3 жыл). - жашылча жана бахча өсүмдүктөрүнүн сорттук өсүмдүктөрүн күбөлөндүрүүчү талаа инспекциясынын актысы (белгиленген формада, жарактуулук мөөнөтү - 1 жыл). |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык нормаларга, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген бөлмөдө; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканалар, жуунучу жайлар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧ)), пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо. Жайларда күтүү жайлар, ажатканалар (аймактарда борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбосо – короонун ичинде), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон бар. Жарандардын жеңилдетилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл кызматкерлери, аларга теңештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) жана кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызматты алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүсү кызмат көрсөтүлгөн жерге илинген. Келүүчүлөрдү кабыл алуу тартиби: - алдын ала, оозеки (телефон аркылуу же адис менен жекече сүйлөшүү боюнча); - кайрылуу күнү кабыл алуу кезек күтүү тартиби боюнча/ электрондук кезек. Өтүнмө электрондук форматта берилген учурда, төмөнкү аркылуу кызматтарга жетүү үчүн: А) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - колдонуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген талаптарга жооп бериши керек; Б) Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу - пайдалануучу бул ресурста белгиленген талаптарга ылайык жооп бериши керек |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө, бышып-жетилүү мөөнөтүнө жана аймагына жараша айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 15 тен 20 календарлык күнгө чейин. Кызмат вегетациялык мезгил (июнь-сентябрь) учурунда көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн документин даярдоого чектелген убакыт – 1 иш күнү. Талаа инспекциясынын актысын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашпоосу керек
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиева көчөсү, 4 «А» дарегиндеги Департаменттин кеңсесинде жана анын аймактык бөлүмдөрүндө. Иш убактысы: 9-00дөн 18-00гө чейин, дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин; - Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук ресурсу боюнча; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agro.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жекече); - электрондук почта аркылуу; - факс маалыматы (мисалы, төлөм үчүн заказ-дүмүрчөктү жөнөтүү). Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат берүү акысыз кайрылган ар бир адамга кепилденет. Экспертиза үчүн арыздын үлгүлөрү жана документтерди даярдоонун тиешелүү жол-жоболору айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылган; Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Департаменттин маалыматтык стендинде, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg), агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук ресурсунда, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылган.
|
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкү жолдор аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары (газеталар, радио, телевидение); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты (www.agro.gov.kg); Департаментте жана анын аймактык бөлүмдөрүндөгү стенддер, буклеттер жана брошюралар; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон аркылуу; - анын ичинде Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу”; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу; Даректер, телефондор жана иштөө убактысы мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн стендисинде, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Департаменттин кызматкерлери этиканын негизги принциптерин сакташат: сылык, достук, туура, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалап, негиздөө. Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген кесиптик жана этикалык нормаларды сактоого, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Медициналык-социалдык себептер боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн (майыптар, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) байланыш жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат "Жеке маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуудагы керектелүүчү документтердин тизмеси: а) талаа инспекциясын жүргүзүүгө өтүнмө; б) талаа инспекциясынын актысы, эгерде өз түшүмдүн үрөнү менен себилсе; в) үрөндөргө аттестат, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет); г) үрөнгө күбөлүк, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет); д) акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция (төлөм арыз жактырылгандан кийин гана жүргүзүлөт). Толтуруу тартибин түшүндүрүү менен арыздын формасын мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн алат. Керектүү документтердин бланктары жана үлгүлөрү Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн стенддеринде, ошондой эле айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) көрсөтүлгөн. Арыз жана ага тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Талаа инспекциясынын актысы төлөмдү алгандан кийин берилет. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызматтын баасы прейскурантта чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат стенддеринде жана айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) илинген жана тез арада жаңыланып турат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтын стандартында баяндалган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында; - кызматты алган адамдарга карата басмырлоонун эч кандай түрүнө жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн документтерди гана талап кылуу; - тейлөө шарттарын сактоо: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жай, коммуналдык шарттардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык камсыздоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); -кызматкерлерге керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосу боюнча кеңеш берүү
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта кызматты алууга суроо-талапты (өтүнмөлөрдү) алуу бөлүгүндө төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык – portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы. Эскертүү: кызмат көрсөтүүгө электрондук арыз берүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек Онлайн интерактивдүүлүк этабы – 3 (веб-баракчада электрондук түрдө арызды толтуруу жана аны кагазга чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). - ушул ресурста белгиленген талаптарга ылайык агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу. Кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы керектөөчүгө же укуктары нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамга жеке тапшырылат.
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - керектөөчү тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербегенде; - керектөөчү жалган маалымат берсе; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөбөй коюу
|
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси Департаменттин жетекчилигине, анын аймактык бөлүмдөрүнө же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле даттануунун маңызы, кызматты керектөөчүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш. “Даттанууларды жана дооматтарды кароо” Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Керектөөчү даттануу боюнча кабыл алынган чечимге нааразы болгон учурда Департаменттин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үзгүлтүксүз, үч жылда бир жолудан кем эмес каралып турушу керек. |
Тиркеме 2
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана тигүүчү материалынын себүү сапатын лабораториялык аныктоо. |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – САЧКӨМ). Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана бегбанчылыкты экспертизалоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана суу ресурстары министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин (мындан ары – Департамент) атынан.
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын “Үрөн жөнүндө” Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти жөнүндө 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 9.10-тиркеме. 2023-жылдын 12-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 458 (12-тиркеме “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө жобо”). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 861 "Кыргыз Республикасында кант жана тоют кызылчасынын үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2009-жылдын 12-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасындагы көп жылдык буурчак чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы болуп үрөндүн себилүүчү сапатын аныктоочу документтердин берилиши эсептелет: Үрөндөрдүн себүү сапатына документтерди берүү: - шайкештик сертификаты - үрөндөрдүн партиясы стандарттардын талаптарына шайкештигин ырастоочу документ; - Эл аралык кызгылт сары сертификаты - экспорттолгон үрөндөр үчүн берилет; - сыноо протоколу - белгиленген формада толук эмес талдоо, үлгүлөрдү алуусуз, үрөнгө документтери жок жана стандартка жооп бербеген үрөндөр үчүн берилет.
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат: - Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык нормаларга, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген бөлмөдө; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканалар, жуунучу жайлар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧ)), пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо. Жайларда күтүү жайлар, ажатканалар (аймактарда борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбосо – короонун ичинде), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон бар. Жарандардын жеңилдетилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл кызматкерлери, аларга теңештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) жана кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызматты алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүсү кызмат көрсөтүлгөн жерге илинген. Келүүчүлөрдү кабыл алуу тартиби: - алдын ала, оозеки (телефон аркылуу же адис менен жекече сүйлөшүү боюнча); - кайрылуу күнү кабыл алуу кезек күтүү тартиби боюнча/ электрондук кезек. Өтүнмө электрондук форматта берилген учурда, төмөнкү аркылуу кызматтарга жетүү үчүн: А) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - колдонуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген талаптарга жооп бериши керек; Б) Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу - пайдалануучу бул ресурста белгиленген талаптарга ылайык жооп бериши керек |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Арызды кабыл алуу мөөнөтү 15 мүнөттөн ашпайт. Үлгүлөрдү алуу мөөнөтү 1 сааттан ашпайт (сапар убактысын кошпогондо). Үрөндөрдүн себүү сапаттарын лабораториялык аныктоо - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүнө жана сыноо ыкмасы жараша 7ден 35 календардык күнгө чейин. Документти даярдоонун максималдуу мөөнөтү - 3 жумушчу күндөн ашык эмес. Шайкештик сертификатын жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификатын жана/же сыноо Протоколун берүү мөөнөтү 15 мүнөттөн ашпайт. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиева көчөсү, 4 «А» дарегиндеги Департаменттин кеңсесинде жана анын аймактык бөлүмдөрүндө. Иш убактысы: 9-00дөн 18-00гө чейин, дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин; - Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук ресурсу боюнча; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында (www.agro.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жекече); - электрондук почта аркылуу; - факс маалыматы (мисалы, төлөм үчүн заказ-дүмүрчөктү жөнөтүү). Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат берүү акысыз кайрылган ар бир адамга кепилденет. Экспертиза үчүн арыздын үлгүлөрү жана документтерди даярдоонун тиешелүү жол-жоболору айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылган; Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Департаменттин маалыматтык стендинде, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg), агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук ресурсунда, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылган.
|
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкү жолдор аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары (газеталар, радио, телевидение); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты (www.agro.gov.kg); - Департаментте жана анын аймактык бөлүмдөрүндөгү стенддер, буклеттер жана брошюралар; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон аркылуу; - анын ичинен электрондук кызматтардын мамлекеттик порталдан; - агроөнөр жай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу; Даректер, телефондор жана иштөө убактысы мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн стендисинде, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Департаменттин кызматкерлери этиканын негизги принциптерин сакташат: сылык, достук, туура, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалап, негиздөө. Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген кесиптик жана этикалык нормаларды сактоого, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Медициналык-социалдык себептер боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн (майыптар, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) байланыш жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат “Жеке маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек: - Белгиленген форма боюнча Эл аралык ISTA методологиясы боюнча үлгүлөрдү алуу жана айыл чарба үрөндөрүн сыноого арыз; - белгиленген форма боюнча талаа инспекциясынын актысы; - белгиленген форма боюнча үрөнгө сертификат; - белгиленген форма боюнча үрөнгө күбөлүк; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы (төлөм арыз жактырылгандан кийин гана жүргүзүлөт); - үрөндөрдүн жана отургузуу материалынын үлгүлөрү. Толтуруу тартибин түшүндүрүү менен арыздын формасын мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн алат. Керектүү документтердин бланктары жана үлгүлөрү Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн стенддеринде, ошондой эле айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) көрсөтүлгөн. Арыз жана ага тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилүүгө тийиш.
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызматтын баасы прейскурантта чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат стенддеринде жана айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) илинген жана тез арада жаңыланып турат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтын стандартында баяндалган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында; - кызматты алган адамдарга карата басмырлоонун эч кандай түрүнө жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн документтерди гана талап кылуу; - тейлөө шарттарын сактоо: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жай, коммуналдык шарттардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык камсыздоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); -кызматкерлерге керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосу боюнча кеңеш берүү
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта кызматты алууга суроо-талапты (өтүнмөлөрдү) алуу бөлүгүндө төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык – portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы. Эскертүү: кызмат көрсөтүүгө электрондук арыз берүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек Онлайн интерактивдүүлүк этабы – 3 (веб-баракчада электрондук түрдө арызды толтуруу жана аны кагазга чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). - ушул ресурста белгиленген талаптарга ылайык агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу. Кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы керектөөчүгө же укуктары нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамга жеке тапшырылат.
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - керектөөчү тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербегенде; -керектөөчү жалган маалымат берсе; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөбөй коюу
|
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси Департаменттин жетекчилигине, анын аймактык бөлүмдөрүнө же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле даттануунун маңызы, кызматты керектөөчүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш. “Даттанууларды жана дооматтарды кароо” Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Керектөөчү даттануу боюнча кабыл алынган чечимге нааразы болгон учурда Департаменттин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үзгүлтүксүз, үч жылда бир жолудан кем эмес каралып турушу керек. |
3-тиркеме
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Шайкештик сертификатын берүү (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын үрөнчүлүк сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча республика ичинде берилет), Эл аралык кызгылт сары сертификатты берүү (OISLS) (экспорттолуучу үрөн продукциясына берилет) |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – САЧКӨМ). Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана бегбанчылыкты экспертизалоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана суу ресурстары министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин (мындан ары – Департамент) атынан. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын “Үрөн жөнүндө” Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти жөнүндө 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 9.10-тиркеме. 2023-жылдын 12-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 458 (12-тиркеме “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө жобо”). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 861 "Кыргыз Республикасында кант жана тоют кызылчасынын үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2009-жылдын 12-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасындагы көп жылдык буурчак чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Үрөндөрдүн себүү сапатына документтерди берүү: - шайкештик сертификаты - үрөндөрдүн партиясы стандарттардын талаптарына шайкештигин ырастоочу документ; - Эл аралык кызгылт сары сертификаты - экспорттолгон үрөндөр үчүн берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык нормаларга, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген бөлмөдө; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканалар, жуунучу жайлар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧ)), пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо. Жайларда күтүү жайлар, ажатканалар (аймактарда борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбосо – короонун ичинде), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон бар. Жарандардын жеңилдетилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл кызматкерлери, аларга теңештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) жана кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызматты алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүсү кызмат көрсөтүлгөн жерге илинген. Келүүчүлөрдү кабыл алуу тартиби: - алдын ала, оозеки (телефон аркылуу же адис менен жекече сүйлөшүү боюнча); - кайрылуу күнү кабыл алуу кезек күтүү тартиби боюнча/ электрондук кезек. Өтүнмө электрондук форматта берилген учурда, төмөнкү аркылуу кызматтарга жетүү үчүн: А) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - колдонуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген талаптарга жооп бериши керек; Б) Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу - пайдалануучу бул ресурста белгиленген талаптарга ылайык жооп бериши керек |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө, бышып-жетилүү мөөнөтүнө жана аймагына жараша айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 15 тен 20 календарлык күнгө чейин. Кызмат вегетациялык мезгил (июнь-сентябрь) учурунда көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн документин даярдоого чектелген убакыт – 1 иш күнү. Талаа инспекциясынын актысын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашпоосу керек
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиева көчөсү, 4 «А» дарегиндеги Департаменттин кеңсесинде жана анын аймактык бөлүмдөрүндө. Иш убактысы: 9-00дөн 18-00гө чейин, дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин; - Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук ресурсу боюнча; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agro.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жекече); - электрондук почта аркылуу; - факс маалыматы (мисалы, төлөм үчүн заказ-дүмүрчөктү жөнөтүү). Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат берүү акысыз кайрылган ар бир адамга кепилденет. Экспертиза үчүн арыздын үлгүлөрү жана документтерди даярдоонун тиешелүү жол-жоболору айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылган; Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Департаменттин маалыматтык стендинде, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg), агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук ресурсунда, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылган.
|
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкү жолдор аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары (газеталар, радио, телевидение); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты (www.agro.gov.kg); Департаментте жана анын аймактык бөлүмдөрүндөгү стенддер, буклеттер жана брошюралар; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон аркылуу; - анын ичинде Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу”; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу; Даректер, телефондор жана иштөө убактысы мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн стендисинде, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agro.gov.kg) жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Департаменттин кызматкерлери этиканын негизги принциптерин сакташат: сылык, достук, туура, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалап, негиздөө. Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген кесиптик жана этикалык нормаларды сактоого, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Медициналык-социалдык себептер боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн (майыптар, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) байланыш жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат "Жеке маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуудагы керектелүүчү документтердин тизмеси: а) талаа инспекциясын жүргүзүүгө өтүнмө; б) талаа инспекциясынын актысы, эгерде өз түшүмдүн үрөнү менен себилсе; в) үрөндөргө аттестат, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет); г) үрөнгө күбөлүк, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет); д) акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция (төлөм арыз жактырылгандан кийин гана жүргүзүлөт). Толтуруу тартибин түшүндүрүү менен арыздын формасын мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн алат. Керектүү документтердин бланктары жана үлгүлөрү Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн стенддеринде, ошондой эле айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) көрсөтүлгөн. Арыз жана ага тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Талаа инспекциясынын актысы төлөмдү алгандан кийин берилет. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызматтын баасы прейскурантта чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат стенддеринде жана айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agro.gov.kg) илинген жана тез арада жаңыланып турат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтын стандартында баяндалган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында; - кызматты алган адамдарга карата басмырлоонун эч кандай түрүнө жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн документтерди гана талап кылуу; - тейлөө шарттарын сактоо: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жай, коммуналдык шарттардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык камсыздоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); -кызматкерлерге керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосу боюнча кеңеш берүү
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта кызматты алууга суроо-талапты (өтүнмөлөрдү) алуу бөлүгүндө төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык – portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы. Эскертүү: кызмат көрсөтүүгө электрондук арыз берүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек Онлайн интерактивдүүлүк этабы – 3 (веб-баракчада электрондук түрдө арызды толтуруу жана аны кагазга чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). - ушул ресурста белгиленген талаптарга ылайык агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу. Кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы керектөөчүгө же укуктары нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамга жеке тапшырылат. |