Загрузка документа…
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 3/23 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/7
Тигүү цехин ижарага берүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Токбай айылындагы М. Суранчиева атындагы окуу -комплексинин аймагында жайгашкан тигүү цехин ижарага берүү боюнча Токбай айылынын тургуну Азиза Сакенованын кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Токбай айылындагы М. Суранчиева атындагы окуу - комплексинин аймагында жайгашкан тигүү цехин ижарага берүүгө макулдук берилсин;
2. Тигүү цехин ижарага берүү маселеси мыйзам чегинде кароого айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |