Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/23
2025-жылдын 13-январында кабыл алынган №1/7 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын Токбай айылындагы М. Суранчиева атындагы окуу комплексинин аймагындагы тигүү цехин ижарага берүү жөнүндө А. Сакенованын арызынын негинде 2025-жылдын 13-январында кабыл алынган “Тигүү цехин ижарага берүү жөнүндө” №1/7 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 13-январында Күнтуу айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган “Тигүү цехин ижарага берүү жөнүндө” №1/7 токтомун жокко чыгарууга макулдук берилсин;
2. Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-январындагы №1/7 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |