Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-январы № 42
Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти эсепке алууну автоматташтыруу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - "Санарип аймак" АМС) модулу болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Санарип аймак" АМСти техникалык эксплуатациялоону, тейлөөнү жана өнүктүрүүнү ишке ашыруу үчүн оператор болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине мэрияларга өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө "Санарип аймак" АМСтин "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" модулун киргизүү жана аны 2025-жылдын 31-декабрына чейин толтурууну камсыз кылуу;
2) "Санарип аймак" АМСтин "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" модулун техникалык тейлөөнү ар жылдык негизде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылуу.
5. "Санарип аймак" АМСтин "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" модулун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү жана башкаруу процессин координациялоо мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |