БиБишкек шаары, Өкмөт Үйү2001-жылдын 8-октябры № 608 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын коммуналдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-январындагы № 35
токтомунун, 2002-жылдын 11-мартындагы № 129
токтомунун, 2002-жылдын 7-июнундагы № 363
токтомунун, 2002-жылдын 6-ноябрындагы № 741
токтомунун, 2003-жылдын 17-мартындагы № 135
токтомунун, 2003-жылдын 7-октябрындагы № 629
токтомунун, 2004-жылдын 20-майындагы № 371
токтомунун, 2004-жылдын 4-июнундагы № 421
токтомунун, 2004-жылдын 9-августундагы № 577
токтомунун, 2004-жылдын 17-августундагы № 622
токтомунун, 2004-жылдын 8-сентябрындагы № 672
токтомунун, 2005-жылдын 20-январындагы № 25
токтомунун, 2005-жылдын 17-июнундагы № 247
токтомунун, 2006-жылдын 16-майындагы № 354
токтомунун, 2006-жылдын 1-июнундагы № 401
токтомунун, 2007-жылдын 23-июлундагы №283
токтомунун,
2008-жылдын 2-сентябрындагы № 489,
2010-жылдын 30-мартындагы № 190,
2010-жылдын 25-ноябрындагы № 302,
2011-жылдын 16-июнундагы № 322, КР Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-январындагы № 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Тиркемелер токтомдун орусча редакциясында берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө" Указын аткарууда областтык мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте облустук маанидеги Ош, Балыкчы, Талас, Кара-Кол, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмесин аныктоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүшкөнүн белгилейт. Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүгө социалдык чөйрөнүн, саламаттыкты сактоонун, турак жай-коммуналдык чарбанын объекттери, калктын турмуш-тиричилигин Камсыздоонун башка объекттери болуп бардыгы калдык наркы 2844678 миң сомдук 736 объект сунушталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине мэрияларга өткөрүп берүү жөнүндө Жобо; - (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы N 42
токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Өкмөтүнүн
2004-жылдын 17-августундагы N 622, КР Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-январындагы N 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2. Облустук маанидеги Ош, Балыкчы, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси бекитилсин. Муниципалдык менчикке өткөрүп берилген социалдык чөйрөнүн объекттеринин профилин өзгөртүү зарылдыгы пайда болгон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул маселени Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрлиги, мамлекеттик комитети, администрациялык ведомствосу, мамлекеттик комиссиясы менен макулдашууга тийиштиги белгиленсин. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары менен бирдикте 2001-жылдын 1-декабрына чейин объекттерди Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларынын муниципалдык менчиктерине кабыл алуу-өткөрүүнү ишке ашырсын. 4. Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэриялары муниципалдык менчикке өткөрүп берилчү объекттердин сакталышын камсыздоо, алардын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү, облустук маанидеги шаарлардын калктарынын алар көрсөтүүчү кызматтарга муктаждыктарын канааттандыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүшсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети объекттердин облустук маанидеги шаарлардын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берилишине жыл сайын мониторинг жүргүзсүн жана менчиктин муниципалдык формасындагы чарбакер субъекттердин эсебин жүргүзсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар менен бирдикте мурда кабыл алынган нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин. 7. Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору Б.Ж.Асанакуновго Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикти түзүү маселесинде практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү сунушталсын. 8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүмүнө тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К.Бакиев