Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы N 61 токтомуна) |
Дүң рыноктун катышуучулары тарабынан электр энергиясы үчүн эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Дүң рыноктун катышуучулары тарабынан электр энергиясы үчүн эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) энергетикалык ишканалардын ортосунда акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачыктыгын камсыз кылууну жана алардын электр энергиясы үчүн акы төлөө бөлүгүндөгү финансылык өз ара мамилелерин жөнгө салат.
2. Электр энергиясын керектөөчүлөр (жеке жана юридикалык жактар) "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому (мындан ары - "КУЭТ" ААК) менен түзүлгөн келишимге ылайык акча каражаттарын ыйгарым укуктуу банктагы транзиттик эсепке гана которуу жолу энергиясынын наркын өз убагында төлөөгө милдеттүү.
3. Керектөөчүлөр тарабынан энергия үчүн төлөм "КУЭТ" ААКтын башка эсептерине которулган учурда "КУЭТ" ААК аны алган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө бул төлөмдү ыйгарым укуктуу банктагы транзиттик эсепке которууга милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн каражаттар ыйгарым укуктуу банктагы транзиттик эсепке которулбаса, алуучуга башка каражаттарды пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туум эсептелет. Туумдарды эсептөө алуучуну каражаттарды ыйгарым укуктуу банктагы транзиттик эсепке которуу зарылдыгынан бошотпойт.
4. Электр энергиясы үчүн "КУЭТ" ААКтын кассаларына акча каражаттары менен төлөм жүргүзүүгө тыюу салынат. Электр энергиясын керектөөчүлөрдөн акча каражаттары инкассацияланган учурда "КУЭТ" ААК ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык аракеттенүүгө милдеттүү.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча департамент (мындан ары - Департамент) тарабынан белгиленген каражаттарды үлүштүк бөлүштүрүүгө ылайык ыйгарым укуктуу банк мурунку күндүн аягына карата транзиттик эсепте калган акча каражаттарын ар бир айдын 12синен тартып күн сайын жумуш күнү саат 11.00гө чейин "КУЭТ" ААКтын электр энергиясын сатып алуу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн энергетикалык ишканалардын алдындагы карыздык милдеттенмелери толугу менен жоюлганга чейин Департаменттин буйругунда белгиленген энергетикалык ишканалардын алыш-бериш эсептерине которууну жүзөгө ашырат.
6. "КУЭТ" ААКтын электр энергетикалык ишканалардын алдындагы карыздык милдеттенмелери толук жоюлгандан кийин ыйгарым укуктуу банк кийинки айдын 10уна чейин (кошо алганда) күн сайын жумуш күнү саат 11.00гө чейин мурунку күндүн аягына карата транзиттик эсепке түшкөн акча каражаттарын "КУЭТ" ААКтын алыш-бериш эсебине которууну жүзөгө ашырат.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укуктуу банк тарабынан керектөөчүлөр жана энергиянын дүң рыногунун катышуучулары менен транзиттик эсеп аркылуу жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдүн тартибинин тууралыгын текшерүү боюнча тышкы аудиторду аныктайт. Тышкы аудит жылына кеминде 1 жолу жүргүзүлөт.