Загрузка документа…
2-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы N 61 токтомуна) |
Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн ыйгарым укуктуу банкка келип түшүүчү акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын өндүрүүнү, берүүнү жана бөлүштүрүүнү жүзөгө ашыруучу компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн ТАРТИБИ
1. Өз убагында жана толук төлөөнү камсыз кылуу максатында Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн ыйгарым укуктуу банкка келип түшүүчү акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын өндүрүүнү, берүүнү жана бөлүштүрүүнү жүзөгө ашыруучу компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу банкка "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "КУЭТ" ААК) электр энергиясын керектөөчүлөрдөн түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана төмөнкү электр энергетикалык ишканаларынын (мындан ары - Ишканалар) ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн механизмин аныктайт:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коому;
- "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы;
- "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент (мындан ары - Департамент) ай сайын акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрук чыгарат жана аны ошол айдын 10уна чейин акча каражаттарын "КУЭТ" ААК транзиттик эсебинен Ишканалардын алыш-бериш эсептерине ырааттуу которуу үчүн Ишканага жана ыйгарым укуктуу банкка жөнөтөт.
3. Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү мурдагы айдын электр энергиясынын балансына жана Ишкана үчүн энергиясын өндүрүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө белгиленген тарифтерге жараша жүргүзүлөт.
4. "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коому ар бир айдын 3үнө чейин Департаментке электр энергиясынын балансын берет. Электр энергиясынын балансында өткөн айдын ичинде Ишканалардын ар бири тарабынан "КУЭТ" ААКка жеткирилген электр энергиясынын саны чагылдырылат.
5. Департамент электр энергиясынын балансынын жана белгиленген тарифтердин, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын негизинде "КУЭТ" ААКтын ар бир Ишкананын алдындагы карыздык милдеттенмелеринин чоңдугун жана үлүшүн эсептейт.
Карыздык милдеттенмелердин үлүшүн эсептөө Ишканалар тарабынан "КУЭТ" ААКка берилген электр энергиясынын көлөмүн Департамент бекиткен тарифтерге көбөйтүү жана алынган кирешени иш жүзүндө берилген электр энергиясынын көлөмүнө жараша ар бир Ишкана үчүн пайыздык катышта бөлүү жолу менен жүргүзүлөт.
Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрукта Департамент төмөнкүлөрдү чагылдырат:
- Ишканалардын ар бири үчүн акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн пайызын;
- Ишкананын ар биринин алдында "КУЭТ" ААКтын карыздык милдеттенмелеринин суммасын.