Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 «Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Функциялардын кайталанышын болтурбоо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 65 «Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо:
- 1-пунктта, 11-пункттун 1, 2, 5-пунктчаларында, 13-пункттун 1-пунктчасында, 20-пунктта «базалык мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктта:
1-пунктчанын экинчи, үчүнчү абзацтарында «базалык мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуусуна мониторинг жүргүзүү;»;
4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- ММК фонду ишке ашыруучу программалардын алкагында медициналык кызмат алууда камсыздандырылган жарандардын укуктарын коргоо;»;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- каражаттарды саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багыттоо, профилактика жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоо;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, ММК фондунун бюджетине чегерилүүгө тийиш болгон башка каражаттарды топтоо;
- сметаларды бекитүү жана тактоо, отчетторду түзүү жана кабыл алуу бөлүгүндө кошумча төлөмдөн түшүүлөр боюнча ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу;
- камсыздандырылган калкка милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык кызматтарды каржылоого жиберилүүчү каражаттардын жалпы көлөмүнөн кеминде бир айлык каржылоо көлөмүндө финансылык стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу запасын түзүү;
- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштырууга катышуу;
- көрсөтүлгөн медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн ММК фонду менен иштеген саламаттык сактоо уюмдарына милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен финансылык жактан дем берүү;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү программаларды каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген, менчигинин түрүнө карабастан медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөргө иштин акыркы жыйынтыгы боюнча акы төлөө.»;
- 14-пунктта:
1, 2, 13-пунктчаларда «базалык мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчада «бюджеттик» деген сөз алып салынсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен ММК фондун жана анын аймактык башкармалыктарын күтүүгө финансылык каражаттарды пайдаланууга;»;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатынын индикаторлоруна жетишкендиги үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан саламаттык сактоо уюмдарына дем берүүгө каражаттарды багыттоого;»;
- 27-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |