Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 63 токтому менен бекитилди) |
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү
уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартиби менчигинин түрүнө карабастан жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында (мындан ары - ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдары) даярдоонун педагогикалык багыттары жана/же адистиктер боюнча окутуу үчүн бөлүнүүчү мамлекеттик билим берүү гранттарынын ваучеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун пилоттук тартибин аныктайт.
2. Бул механизм республикалык бюджеттин каражаттарынан ваучерди каржылоо түрүндө накталай эмес формада ишке ашырылат, ал каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоого катышкан ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдарына түздөн-түз жөнөтүлөт.
3. Мамлекеттик эмес ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдарында окутуунун наркы ваучердин наркынан ашып кеткен учурда ашып кетүү наркын төлөө грант алуучу (ваучердин ээси) тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. ЖКБ билим берүү уюмдарына кабыл алуу
тартиби
4. Каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүү мезгилинде ЖКБ уюмунда 1-курска кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине ылайык "Билим берүү" тармагы боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик билим берүү грантын/ваучерин алууга конкурс эки этапта өткөрүлөт:
- кабыл алуунун биринчи этабында абитуриенттер тиешелүү окуу жылына Мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүнө киргизилген даярдоонун конкреттүү педагогикалык багыты/адистик боюнча мамлекеттик билим берүү грантын/ваучерин алууга конкурска катышат;
- экинчи этапта даярдоонун конкреттүү педагогикалык багыты/адистик боюнча окууга мамлекеттик билим берүү грантын/ваучерин алган абитуриенттер тандап алган даярдоо багыты/адистиги боюнча ЖКБнын билим берүү уюмуна кабыл алууга конкурска катышат.
6. Биринчи этапта конкурс абитуриенттердин айрым категорияларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине тиркелген Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамага ылайык абитуриенттердин айрым категорияларынын алкагында өзүнчө өткөрүлөт. Экинчи этапта конкурс категорияларды эске албастан өткөрүлөт.
7. Кабыл алуу башталганга чейин ЖКБ билим берүү уюму кабыл алуу планынын алкагында грант алуучулар (ваучердин ээлери) кабыл алына турган даярдоонун педагогикалык багыттары/адистиктер боюнча орундардын максималдуу санын аныктайт. Мында грант алуучулар (ваучердин ээлери) үчүн орундардын саны даярдоонун багыты/адистик боюнча жалпы кабыл алуунун планынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.
3-глава. КОБ билим берүү уюмдарына кабыл алуу
тартиби
8. Каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо мезгилинде КОБ билим берүү уюмдарына 1-курска кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартибине ылайык даярдоонун педагогикалык багыттары жана/же адистиктер боюнча жүзөгө ашырылат.
9. КОБ билим берүү уюмунда окутуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын/ваучерин алууга конкурс эки этапта өткөрүлөт:
- кабыл алуунун биринчи этабында абитуриенттер тиешелүү окуу жылына Кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын санына киргизилген конкреттүү адистик боюнча грантты/ваучерди алууга конкурска катышат;
- экинчи этапта даярдоонун педагогикалык багыты/адистик боюнча окууга грант/ваучер алган абитуриенттер тандап алган даярдоонун багыты/адистик боюнча КОБ билим берүү уюмуна кабыл алууга конкурска катышат.
10. Кабыл алуу башталганга чейин КОБ билим берүү уюму кабыл алуу планынын алкагында грант алуучулар (ваучердин ээлери) кабыл алына турган педагогикалык адистик боюнча орундардын максималдуу санын аныктайт. Мында грант алуучулар (ваучердин ээлери) үчүн орундардын саны даярдоонун багыты/адистик боюнча кабыл алуунун жалпы планынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.
4-глава. ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдарында ваучерди
каржылоо
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык:
- ваучердин наркы билим берүү уюмдары үчүн жылына ЖКБ - 42350 сом, КОБ 65500 сом өлчөмүндө белгиленет. КОБ уюмдарында "Музыкалык билим берүү" адистиги үчүн ваучердин наркына 2,3 коэффициенти колдонулат;
- ЖКБ жана КОБ мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо жүргүзүлөт.
12. Өзгөчө статусу бар ЖКБга жана мамлекеттик эмес ЖКБ жана КОБ билим берүү тапшырган билим алуучулардын ваучерлерин төлөө үчүн зарыл болгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларынын сметасы боюнча каралат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ушул Убактылуу тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды өзгөчө статусу бар ЖКБ билим берүү уюмдарынын жана мамлекеттик эмес ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдарынын банктык эсептерине билим алуучулардын ваучерлерин төлөө үчүн кварталдын башында которот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мамлекеттик эмес ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдарында билим алган стипендия төлөөгө жана жетим балдардын арасынан ваучерлердин ээлерине стипендияларды жана тамактануусуна чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" жана 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомдоруна ылайык мамлекеттик эмес ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдары тарабынан ырастоочу документтер берилгенде кварталына бир жолу жүргүзүлөт.
15. Грант алуучу (ваучердин ээси) билим берүү уюмуна менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү учурларда ваучердин наркынын өлчөмүндөгү чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү:
- эгерде окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартылса;
- жүйөсүз себептер боюнча же өз каалоосу боюнча билим берүү уюмунан чыгарылса.
16. Ваучердин наркынын өлчөмүндөгү чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
17. ЖКБ жана КОБ билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ушул Убактылуу тартипте белгиленген талаптардын аткарылышына системалуу контролду жана мониторингди жүзөгө ашырат.