Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бажы иши
чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин контролдоону камсыз кылуу максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 15-тиркемесинде:
- бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы "М" формасы менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 16-тиркемесинде:
- "Өкмөтүнө" деген сөз "Финансы министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 536 "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишинин айрым маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
| "М" формасы |
(Убактылуу сактоого коюлган товарларды кошпогондо) атайын жөнөкөйлөштүрүү колдонулган
товарларды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун
отчету
20__-жылдын "___" ___________ № _____________
20__-жылдын "___" ___________ тартып 20__-жылдын "___" ___________ чейин
№ | Атайын жөнөкөйлөштүрүү колдонулгандыгы жөнүндө маалымат | Бажы операцияларын жүргүзгөн жактын аталышы, ИСН | ТД № | Транспорттук документтин аталышы жана номери | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН ылайык товардын коду (биринчи төрт белгиден кем эмес) | Товардын брутто салмагы, кг | Товардын нетто салмагы, кг | Товардын фактуралык наркы | Төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктардын суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
(ыйгарым укуктуу кызматкердин кызмат орду) | _____________________ (колу) | (аты-жөнү, фамилиясы) уюмдун мөөрү | ____________________ (датасы) |
Эскертүү:
1. Отчеттун бул формасы ташылып келүүчү жана ташылып чыгуучу товарлар үчүн өзүнчө толтурулат.
2. 6-11-графалар кампадан товар берүү алардын негизинде жүргүзүлгөн бажы документтерине ылайык толтурулат.".