Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 9-январындагы № 1
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 536
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишинин айрым маселелери жөнүндө
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүнүн, колдонулушун токтотуунун жана чакыртып алуунун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- атайын жеңилдетүүлөр колдонулган товарларды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун отчетунун формасы, 2-тиркемеге ылайык;
- убактылуу сактоого коюлган товарлар жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун отчетунун формасы, 3-тиркемеге ылайык;
- Товарларды текшерүү жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык операторду алдын ала кабарлоонун тартиби, 4-тиркемеге ылайык;
- Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго карата тобокелдик индикаторлорду колдонуунун эрежелери, 5-тиркемеге ылайык;
- Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ортосунда түзүлүүчү макулдашуунун типтүү формасы, 6-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
2-тиркеме
Форма
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор __________________________________________
Реестрге киргизүү тууралуу күбөлүк __________________ № __________________________
Атайын жеңилдетүүлөр колдонулган товарларды (убактылуу сактоого коюлган товарларды кошпогондо) ________ дан ________ чейин эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун _______________ № ______ ОТЧЕТУ
№ | Колдонулган атайын жөнөкөйлөтүүлөр тууралуу маалымат ____________ | Бажы операциялары жүргүзүлгөн жактын аталышы, ИНН ___________ | ДТ № | Транспорттук документтин аталышы жана номери | Товардын аталышы | Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин Бирдиктүү товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товардын коду (биринчи төрт белгисинен кем эмес) | Товардын брутто салмагы, кг | Товардын нетто салмагы, кг | Товардын фактуралык наркы | Төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 |
| 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
________________________________________ | _____________ | ________________________ | _____________ |
(ыйгарым укуктуу кызматкердин кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) уюмдун мөөрү | (датасы) |
Эскертүү:
1. Отчеттун бул формасы ташып киргизилүүчү жана ташып чыгарылуучу товарлар үчүн өзүнчө толтурулат.
2. 6-11-графалары бажы документтерине ылайык толтурулат, анын негизинде кампадан товар берилет.
3-тиркеме
Форма
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор _____________________________________________
Реестрге киргизүү тууралуу күбөлүк _________________ № ______________________________
_______ дан _______ чейин убактылуу сактоого коюлган товарлар жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ___________ № ______ ОТЧЕТУ
№ | Товарды сактоого койгон дата | Транспорттук документтин аталышы жана номери | Товардын аталышы | Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин Бирдиктүү товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товардын коду (биринчи төрт белгисинен кем эмес) | Товардын брутто салмагы, кг | Товардын нетто салмагы, кг | Товардын фактуралык наркы | Товардын фактуралык наркын ырастоочу документтин номери жана датасы | Тышкы-соода келишиминин номери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
________________________________________ | _____________ | ________________________ | _____________ |
(ыйгарым укуктуу кызматкердин кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) уюмдун мөөрү | (датасы) |
Эскертүү:
1. Отчеттун бул формасы ташып киргизилүүчү жана ташып чыгарылуучу товарлар үчүн өзүнчө толтурулат.
2. 4-9-графаларда транспорттук же коммерциялык документтерде камтылган маалыматтар көрсөтүлөт.
6-тиркеме
Типтүү форма
Макулдашуу № _______/ ___________
_________________ ш. |
| 20__-жылдын "__" __________ |
"____________________", мындан ары ыйгарым укуктуу экономикалык оператор деп аталуу менен, Уставдын негизинде аракеттенген _____________________ атынан, бир тараптан жана "_____________" мындан ары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган деп аталуу менен, _________________________________ атынан, экинчи тараптан, ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул статусту берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1. Макулдашуунун предмети
1. Ушул Макулдашуу бажы операцияларын жүзөгө ашыруучу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ведомстволук бажы органдарынын (мындан ары - бажы органдары) жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууда өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен бажы органдарынын ортосундагы маалымат алмашуунун регламентин, маалыматтардын курамын жана форматын, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 235-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан чечилген бажы пломбаларын өткөрүп берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Декларация берүүчү болуп саналган ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө тараптардын укуктары жана милдеттери
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине (мындан ары - Реестр) киргизүүдө ага берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы органдары менен өз ара аракеттенет, мында Реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүккө (мындан ары - Күбөлүк) ылайык "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-главасында жана ушул Макулдашууда каралган тартипте атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен бажы операциялары жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин Бажы кодексинин, Евразия экономикалык бирлигинин келишим-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, бажылык жөнгө салуу жана бажы иши чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын чечимдеринин (мындан ары - ЕАЭБ бажы мыйзамдары), Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана ушул Макулдашуунун жоболорунун талаптарын бажы органдарынын сактоосун контролдоону камсыз кылат.
4. Бажы органдары декларация берүүчү болуп эсептелген ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларга карата бажы операцияларын ЕАЭБнын бажы мыйзамдарында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) жана ушул Макулдашууда белгиленген тартипте жүргүзүшөт.
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Күбөлүктө көрсөтүлгөн төмөнкүдөй атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууга укуктуу:
__________________________________________________________________________
(Реестрге киргизүүдө берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөр көрсөтүлөт)
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажы операцияларын жүргүзүүдө атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонбоого укуктуу. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуудан баш тартса, ал декларация берүүчү болуп саналган товарларга карата бажы операциялары жалпы белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Бажы органдарынын ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ага Реестрге киргизүүдө берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуусунан баш тартууга укугу жок, эгерде аларды колдонууга Бажы бирлигинин Бажы кодекси жана Мыйзам менен белгиленген шарттар жана талаптар сакталса.
6. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларация берүүчүсү болуп саналган товарларга карата бажы операциялары алардын иштөө убагында бажы органдары тарабынан Күбөлүктө аталган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен аткарылышы мүмкүн:
__________________________________________________________________________
(бажы органдарынын коддору жана аталыштары, алардын иштөө убактысы көрсөтүлөт)
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор өзү декларация берүүчү болуп саналган товарларга бажы операцияларын Күбөлүктө аталбаган бажы органдарында жүргүзүүгө укуктуу. Мындай учурда товарларга карата бажы операциялары атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонбостон, жалпы белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. Атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажы контролу астында турган товарлар жайгаша турган төмөнкүдөй жайларды, ачык аянттарды жана башка аймактарды колдонот:
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
(жаңы саптан бажы контролу астындагы товарлар жайгаша турган ар бир жай, ачык аянт жана башка аймактар саналып өтөт, алардын дарегин, өлчөмүн же чегин, ошондой эле ыйгарым укуктуу оператор менен бажы контролу астында турган товарларды белгилөө максатында колдонулуучу атайын белгилерди көрсөтүү менен)
Бажы контролунун зонасы статусуна ээ болгон ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жайларынын, ачык аянттарынын жана башка аймактарынын схемалары ушул Макулдашууга тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларация берүүчү болуп саналган бажы контролу астында турган товарларга карата атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү Күбөлүктө жана ушул Макулдашууда көрсөтүлбөгөн жерлерде колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүүгө укуксуз.
8. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларга бажы операцияларын жеке да, төмөнкүдөй жактарды (бажы өкүлдөрүн, жүк ташуучуларды, анын ичинде бажы жүк ташуучуларын, экспедиторлорду) тартуу менен да жүргүзүүгө укуктуу:
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
(жаңы саптан атайын жеңилдетүүлөрдү колдонуу менен бажы операцияларын жүзөгө ашырган жактар, алардын аталышы жөнүндө маалыматты, уюштуруу-укуктук формасын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен саналат)
Эгерде Тараптардын макулдашуусу боюнча бул маалымат атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу үчүн зарыл болуп саналбаса, ушул главада каралган маалыматтар көрсөтүлбөшү мүмкүн.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы органдары менен ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жайларында, ачык аянттарында жана башка аймактарда жайгашкан товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүсү, бажы транзитинин бажы жол-жобосунун аяктоосун кошо алганда
9. Ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде Тараптар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Макулдашуунун алкагында өз ара кызматташууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдарын белгилейт, ар бир кызмат адамынын аты-жөнүн, ээлеген кызмат ордун, байланыш телефонун, факс номерин, электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен алардын тизмесин түзөт жана ушул тизмени жазуу жүзүндө факс боюнча (__________) же электрондук почта аркылуу (керексизин чийип салуу) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун (__________) электрондук дарегине жөнөтүшү тууралуу макулдашышты.
Алынган маалыматтын негизинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин ар бир кызмат адамынын аты-жөнүн, ээлеген кызмат ордун, байланыш телефонун, факс номерин, электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен түзөт жана анын көчүрмөлөрүн факс боюнча (__________) же электрондук почта аркылуу ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун, ошондой эле Күбөлүккө ылайык ушул Макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылуучу бажы органдарынын (__________) электрондук дарегине (керексизин чийип салуу) жөнөтөт. Тараптар тизмелерди Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү бүткүчө, ал эми аны бузгандан кийин - бажы операциялары атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен жүзөгө ашырылган товарлардын бажы контролунун астында турган мөөнөтүнүн ичинде сактоого милдеттүү.
Тараптар ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Макулдашуунун ушул главасынын алкагында өз ара аракеттенүүнү талап кылган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан түзүлгөн тизмени бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алган күндөн кийинки күндөн баштап тизмеде аталган жактардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу жүзөгө ашырылат деп макулдашышты.
Ыйгарым укуктуу жактардын тизмесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, бул тууралуу мындай өзгөртүүлөрдү демилгелеген Тарап экинчи Тарапка кечиктирбестен билдириши зарыл.
Тизмелерди өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштар ыйгарым укуктуу экономикалык оператор сыяктуу эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан да демилгеленет. Жеке өзүнүн демилгеси боюнча же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча өзгөртүүдө же толуктоодо ыйгарым укуктуу экономикалык оператор алардын актуалдаштыруусун жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ар бир бажы органына маалымат берүүнү камсыз кылат.
10. Бажы транзити бажы жол-жобосунун аякташын кошо алганда ачык аянттардагы жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарындагы жайларда турган товарлардын чыгарылышы менен байланышкан, бажы операцияларын өткөрүүнү алдын ала карай турган атайын жөнөкөйлөтүүнү колдонуу максаттары үчүн ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажылык контролдоо зонасы статусуна ээ болгон, бажы контролунун алдында турган товарларды ташып жаткан транспорт каражаттарынын келиши жана жайгаштырылышы үчүн "Бажылык контролдоо зонасы" атайын белгилери менен аймактын участогун (аянтчалар, жайлар) бөлөт жана белгилейт. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажылык контролдоо зонасы статусуна ээ болгон аймактын участогуна (аянтчалар, жайлар) жумушчулардын жана башка жактардын жетүүсүнүн уруксат кылуучу тартибин камсыз кылат.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан колдонулуучу, бажылык контролдоо зонасы статусуна ээ болгон аймактын участогуна (аянтчалар, жайлар) кызматкерлердин жана башка жактардын жетүүсүн уруксат кылуу тартибин камсыздоо методу жөнүндө маалыматтар бул Макулдашуунун ''Кошумча жоболор" главасында көрсөтүлөт.
11. Бажы транзити бажы жол-жобосунун аякташын кошуп эсептегенде ачык аянттардагы жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун башка аймактарындагы жайларда турган товарлардын чыгарылышы менен байланышкан бажы операцияларын өткөрүүнү алдын ала карай турган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор транспорт каражаттары бул Макулдашуунун 7-пунктунда аталган жайларга келгенге чейин үч сааттан кеч эмес, ал эми товарлардын бажы органынын белгиленген жумуш убактысынан тышкары келген учурда - бул бажы органынын жумушу башталгандан кийин үч сааттан кеч эмес, баруучу бажы органы болуп эсептелинген бажы органын Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 193-беренесине ылайык электрондук документ түрүндө (мындан ары - билдирүү) же бажы декларациясын ага киргизилген кошумча маалыматтар менен жана ага тиркелүүчү документтер менен бажы декларациясын бергенге чейин товарларды чыгаруу үчүн керек болгон Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинин 1-пунктунда аталган документтерди жөнөтүү жолу менен кабарландырат.
12. Бажы декларациясын бергенге чейин товарлардын чыгарылышын караштырган атайын жөнөкөйлөтүүлөр берилген учурда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор билдирүүгө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 195 жана 197-беренелеринде караштырылган товарлардын чыгарылышы жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон төмөнкү маалыматтарды кошууга милдеттүү:
- товарларды жөнөтүүчү жана алуучу, товарларды жөнөтүүчү жана бара турган өлкө, аталышы, сүрөттөлүшү, биринчи төрт белгиден кем эмес деңгээлдеги Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин Бирдиктүү товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациялык коду, саны, брутто салмагы жана товар наркы жөнүндө маалыматтарды камтыган декларантта бар коммерциялык же башка документтер жөнүндө;
- бажы декларациясын берүү жана товарлар коюлган бажы жол-жобосун жана товарларды колдонуу максатында товарлар чыгарылган айдан кийинки айдын онунчу күнүнөн кечиктирбей керектүү документтерди жана маалыматтарды берүү милдеттүүлүгү жөнүндө;
- лицензиялардын, сертификаттардын, уруксаттын жана (же) Мыйзамдын 239-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аталган документтер товар чыгарылгандан кийин берилген учурдан тышкары, товардын чыгарылышы үчүн зарыл болгон башка документтердин болуусу жөнүндө.
13. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине товарларды ташууда баруучу бажы органы болуп эсептелинген бажы органы, бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык идентификациялоо каражаттарын алып таштоого тыюу салынгандыгы жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордон документтерди жана маалыматтарды алган убакыттан тартып _______ сааттын ичинде (мөөнөтү 5 сааттан көп болбошу керек) өзүнүн товарларды текшерүүнү жүзөгө ашыруу ниети жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык операторго кабарлоого милдеттүү.
Бажы органы жазуу жүзүндө факс менен (________) же электрондук формада (________) электрондук дарегине (кереги жогун сызып коюу керек) телефон менен бир убакта кабарлоо аркылуу билдирүү жөнөтөт.
Бажы органы тарабынан пломбаны жана бажылык идентификациялоонун башка каражаттарын алып таштоого уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин бажы органы жазуу жүзүндө факс менен (________) же электрондук формада (_______) электрондук дарегине (кереги жогун сызып коюу керек) телефон менен бир убакта кабарлоо аркылуу билдирүү жөнөтөт.
14. Эгерде бул Макулдашууда каралган мөөнөттө бажы органы өзүнүн товарларды текшерүүнү жүзөгө ашыруу ниети тууралуу ыйгарым укуктуу экономикалык операторго кабарлабаса, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор пломбаны жана транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүнө салынган бажылык идентификациялоонун башка каражаттарын алып таштайт жана товарларды түшүрүүнү жүзөгө ашырат. Транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүн ачуу жана идентификациялоо каражаттарын алып таштоо үч нускада түзүлгөн идентификациялоо каражаттарын алып таштоо жөнүндө акт менен таризделет. Идентификациялоо каражаттарын алып таштоо актысы Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 260 "Бажы документтеринин формалары жөнүндө" чечими менен бекитилген идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү, жоюу, жок кылуу же алмаштыруу жөнүнде актынын формасы боюнча түзүлөт. Муну менен бирге бажы органынын кызмат адамы тарабынан толтурулуучу тик тилкелер ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун кызмат адамы тарабынан толтурулат.
Алынган пломба жөнүндө маалыматтар актыда көрсөтүлөт. Актынын ар бир нускасына ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун өкүлү жана транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан кол коюлат. Актынын арткы тарабында кабарлоону жөнөтүү датасы жана убакыты (сааты, минутасы), ошондой эле аны берүүнүн ыкмасы жана бажы органынын байланыштагы адамы, факсынын номери же электрондук почтасынын дареги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жагдайды кыскача сүрөттөө үчүн керектүү маалымат катары кабарлоону жөнөтүү убактысын жана ыкмасын идентификациялоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүнө салынган пломбанын же транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүнүн өзүнүн бүтүндүгү бузулган учурда, ошондой эле, эгер транспорт каражатынын жүк бөлүктөрүнөн товарларды түшүрүүдө ыйгарым укуктуу экономикалык оператор транспорттук (ташуучу) документтерде камтылган маалыматтарга товарлардын кандай гана болбосун туура келбегендиктерин тапкан учурда ал токтоосуздан бажы контролун өткөрүү үчүн жана аныкталган бузууларды же туура келбестиктерди белгилөө үчүн бажы органынын кызмат адамынын келүү зарылдыгы тууралуу бажы органына кабарлайт. Кабарлоо жазуу жүзүндө факс менен (_______) же электрондук формада (_______) электрондук дарегине (керексизин чийип коюу) телефон менен (_______) бир убакта билдирүү жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт.
Бажы органы кабарландырууну алгандан төрт сааттан кеч эмес же эгер кабарлоо бажы органынын жумуштан тышкары убактысында түшсө, бажы органынын жумушу башталгандан кийин төрт сааттан кеч эмес бажы органынын кызмат адамдарынын келүүсүн камсыз кылат.
Товарларды түшүргөндөн кийин жана идентификация каражаттарын алып таштагандан кийин ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ташуучу тарабынан берилген транспорт документтеринин бардык нускаларына бул жактын колун коюу менен күбөлөндүрүлгөн, идентификациялоо каражаттарын алып салган жактын аты-жөнүн көрсөтүү менен "Товар кабыл алынды" белгисин коёт.
Актынын бир нускасы ыйгарым укуктуу экономикалык оператордо калат, ал эми калган экөө (бир нускасы - ташуучуга, экинчиси - бажы органына) транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүнөн алынган пломба менен бирге Мыйзамдын 235-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык бажы транзити бажы жол-жобосунун аякташын тариздөөдө жиберүүчү бажы органына алардын кийинки берүүсү үчүн транспорт каражатынын айдоочусуна берилет.
15. Идентификациялоо каражаттарын жана коммерциялык актыларды алып таштоо жөнүндө актыларды сактоо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 98-беренесинин 5-пунктунда каралган мөөнөттүн ичинде жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы органдарынын ортосундагы маалымат алмашуу
16. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү оозеки, жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү жана электрондук документтерди алмашуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ушул Макулдашуунун бул пунктунда Жактардын макулдашуусу боюнча төмөнкүлөр да көрсөтүлөт:
а) маалыматтык алмашуунун регламенти
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
б) маалыматтык алмашуунун алкагында өткөрүп берилүүчү маалыматтардын курамы
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
в) маалыматтык алмашуунун алкагында өткөрүп берилүүчү маалыматтардын калыптары
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
17. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара кызматташуучу билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылат:
а) жазуу жүзүндө, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы органынын (_________) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун факсы боюнча;
б) электрондук формада бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы органынын (________) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун электрондук даректерине (________);
в) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы органынын (________) ыйгарым укуктуу экономикалык операторунун (________) телефондору боюнча.
Ушул Макулдашуунун бул пунктунда Жактардын макулдашуусу боюнча төмөнкүлөр да көрсөтүлөт:
а) билдирүүлөрдү алмашуу регламенти
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
б) билдирүүгө кошулуучу маалыматтардын курамы
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
в) маалыматтардын форматы (мисалы, MS WORD, MS ЕХСЕL ж.б. колдонуу менен даярдалган файлдар).
5. Жактардын жоопкерчилиги
18. Ушул Макулдашуунун 3-главасынын, 6 жана 7-главаларынын жоболорун аткарбагандыгы үчүн ЕАЭБнын бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тараптар жоопкерчиликке тартылышат.
6. Кошумча жоболор
19. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан колдонулуучу бажы контролу статусуна ээ болгон бажы контролу алдында турган товарларды ташуучу транспорттук каражаттардын келиши жана жайгаштырылышы үчүн аймактын участогуна (аянтчалар, жайлар) жумушчулардын жана башка жактардын жетүүсүнүн уруксат кылынган тартибин камсыздоонун методу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
20. Товарларды өткөрүү өзгөчөлүктөрүн, ташуу жүзөгө ашырыла турган иштин түрүнө, жайлардын, ачык аянттардын жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарына жараша өткөрүлүп жаткан товарлардын категорияларын эсепке алуу менен конкреттүү ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жана бажы органынын ишинин өзгөчөлүгүн чагылдыруу зарыл болгон учурда бул бөлүмдө ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жана бажы органынын өз ара аракеттенүү өзгөчөлүктөрү аныкталышы мүмкүн, анын ичинде төмөнкүлөрдүн:
- тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулуучу товарларга карата өзгөчө жоболор;
- Тараптар ушул Макулдашууда чагылдырууну максатка ылайыктуу деп эсептеген башка жоболор.
21. Ушул главада аныкталган кошумча жоболор ЕАЭБнын бажы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга карама-каршы болгон жоболорду камтыбашы керек.
7. Бул Макулдашууну бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жоболорун ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан колдонуу шарттарын караган документ катары пайдалануу (толтуруу үчүн милдеттүү эмес бөлүм)
22. Тараптар тарабынан бул Макулдашуу бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жоболорун ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан колдонуу шарттарын караштырган документ катары колдонула тургандыгы белгиленди.
Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинин 2-пунктунда, 257-беренесинин 2-пунктунда, 269-беренесинин 2-пунктунда белгиленген маалыматтар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген анын тиркемесинде камтылган.
23. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуунун тиркемесинде аталган кайра иштетүү продуктуларындагы кайра иштетүү продуктуларын чыгаруунун ченемдерин жана чет өлкөлүк товарларды (бажы бирлигинин товарларын) идентификациялоонун ыкмасын (ыкмаларын) бажы органы менен макулдашат.
24. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуунун 31-пунктунун негизинде ушул Макулдашууну бузууга чейин он күндөн кечиктирбей тийиштүү ички керектөө үчүн кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жоболорун Бажы бирлигинин Бажы кодекси менен белгиленген тартипте аяктайт жана бажы органына Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген тартипте тийиштүү кайра иштетүү бажы жол-жоболорун колдонуунун талаптарынын жана шарттарынын аткарылуусу жөнүндө отчёт берет.
25. Тараптар ушул Макулдашуунун тиркемесине ылайык кайра иштетүүнүн тиешелүү бажы жол-жоболорун колдонуу - кайра иштетүүнүн тиешелүү бажы жол-жоболорун колдонуу жана аяктоо менен байланышкан башка милдеттерди сактоодон аларды бошотпостугун ырасташты.
26. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуунун тиркемеси Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кайра чакыртылышы же жокко чыгарылышы мүмкүн экендигин эске салат.
27. Тараптар Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык белгиленген бажы аймагында товарларды кайра иштетүүнүн тиешелүү бажылык жол-жобосунун же кайра иштетүүнүн мөөнөтүнүн чектелген мөөнөтү аяктагандан жана Бажы бирлигинин Бажы кодексинде белгиленген тартипте бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосу бүткөндөн кийин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу экономикалык орган жаңы макулдашуунун долбоорун жөнөтө тургандыгын макулдашышты.
8. Корутунду жоболор
28. Ушул пунктта аталган негиздердин бири болгон учурда бажы органы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдында ушул Макулдашууну бузуу жол-жобосун демилгелейт.
Бажы органынын демилгеси боюнча ушул Макулдашууну бузуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун төмөндөгү фактылар менен далилденүүчү ушул Макулдашуунун 3-главасында каралган бир же бир нече милдеттерди дайыма (үч жолудан көп) аткарбагандыгы:
- ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуунун 12-пунктунда аталган товарлардын чыгарылышы жөнүндө чечимди чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды транспорт каражаттарынын алдыдагы келиши жөнүндө билдирүүгө кошпогондо;
- ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуунун 14-пунктунда каралган транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүнө салынган идентификациялоо каражаттарын алып таштоо жөнүндө акты түзүлбөсө жана (же) ташуучу берген транспорт документтерине "Товар кабыл алынды" белгиси коюлбаса;
- ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуунун 14-пункту бузулган учурда транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүнөн алынган пломбалары менен бирге идентификациялоо каражаттарын алып таштоо жөнүндө актынын нускаларын аларды кийинки баруучу бажы органына берүү үчүн транспорт каражатынын айдоочусуна бербесе;
б) бажы контролу алдында турган товарларды өткөрүп жаткан транспорт каражаттарынын келүүсү жана жайгаштырылуусу үчүн аймактын участогунда (аянтчаларда, жайларда) бажы контролу статусуна ээ болгон "Бажы контролдоо зонасы" атайын маанилеринин жоктугу;
в) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун транспорт каражаттарынын алдыдагы келиши жөнүндө бажы органына кабарлабагандыгы же өз убагында кабарлабоо (ушул Макулдашуунун 11 -пунктунда аталган мөөнөттү бузуу менен);
г) идентификациялоо каражаттарын алып таштоого жана товарларды текшерүүнү жүзөгө ашыруу ниетине тыюу салынгандыгы жөнүндө бажы органынан алынган кабарлоо бузулганда транспорт каражаттарынын жүк бөлүктөрүнө коюлган идентификациялоо каражаттарынын ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан алынышы;
д) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун белгиленген ушул Макулдашуунун 6-главасында аталган бажы контролдоо зонасы статусуна ээ болгон аймактын участогуна (аянтчалар, жайлар) жумушчулардын жана башка жактардын уруксат берилген тартипте жетүү методун сактабагандыгы;
е) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ушул Макулдашуунун 4-главасында каралган маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактабагандыгы.
29. 28-пунктун "а" жана "б" пунктчаларында каралган ушул Макулдашууну бузуу үчүн негиздер аныкталган учурда бажы органы аныкталган бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу экономикалык операторго кабарлайт. Эгерде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор белгиленген маалыматтык өз ара кызматташуунун алкагында мындай кабарландырууну алгандан кийин 24 сааттын ичинде бажы органына тиешелүү шарттардын аткарылышын ырастабаса жана (же) тиешелүү документтерди бербесе, бажы органы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдында аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажы органына кабарлай турган күндөн кийинки күндөн кеч эмес Макулдашууну бузуу жол-жобосун демилгелейт.
30. Ушул Макулдашуунун 28-пунктунун "в" жана "е" пунктчаларында аталган негиздер аныкталган учурда бажы органы бул фактылар аныкталган күндөн кийинки күнүнөн кечиктирбей Макулдашууну бузуу жол-жобосу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдында демилгелейт.
31. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Макулдашууну бузуу үчүн негиздердин болушу жөнүндө жана (же) ушул Макулдашуунун 28-пунктунун "а" жана "б" пунктчаларында аталган бузуулар ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан четтетилбегендиги жөнүндө маалыматтар белгиленген мөөнөттө ушул Макулдашуунун 29 жана 30-пункттарында каралган тартипте бажы органынан алынган учурда ыйгарым укуктуу экономикалык операторуна жана бажы органына токтоосуздан маалымат берет, ушул Макулдашуудан келип чыккан бажы органы бөлүгүндөгү милдеттенмелерди жөнгө салып, бир тараптуу тартипте Макулдашууну бузат, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператордогу Күбөлүктү чакыруу жана аны Реестрден чыгарып салуу жол-жобосун демилгелейт.
Ушул Макулдашуунун 28-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир тараптуу тартипте ушул Макулдашууну бузуу Мыйзамдын 55-главасында каралган тартипте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан даттанылышы мүмкүн.
32. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди жөнгө салуу менен Күбөлүктү кийин чакыруу жана аны Реестрден алып салуу менен бир тараптуу тартипте ушул Макулдашууну бузууга укуктуу.
33. Ушул Макулдашууга Тараптардын ортосундагы кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен таризделе турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
34. Ушул Макулдашуу Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана ал күчүн жоготконго чейин же ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун Күбөлүгүн чакырып алганга чейин жана Реестрден алып салганга чейин колдонулат.
35. Ушул Макулдашуу бирдей күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.
Тараптардын колдору:
Бажы иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган |
| Ыйгарым укуктуу экономикалык оператору |
"________________" |
| "________________" |
(_________) м.о. |
| (_________) м.о. |
|
| Макулдашуунун типтүү формасына тиркеме |
Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксаттын формасы
__________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүнүн № ______________________ уруксаты
1. Берилди _________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аталышы, СДН, ИУЖК, турган орду жана почта дареги,
___________________________________________________________________________
алыш-бериш эсеби, телефону, факсы)
2. Кайра иштетүү үчүн товарлар:
Товардын (товарлардын) аталышы | ЕЭКБнын ТЭИ ТН | ЕЭКБнын ТЭИ TH боюнча өлчөө бирдигиндеги саны | Наркы, сом/долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
3. Шарттуу (пайыз менен) же абсолюттук маанидеги чыгаруу ченемдери: _____________
4. Кайра иштетүү продуктусу:
Товардын (товарлардын) аталышы | ЕЭБнын ТЭИ ТН боюнча коду | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигиндеги саны | Наркы, сом/долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
5. Кайра иштетүүнүн калдыктары:
Товардын (товарлардын) аталышы | ЕЭБнын ТЭИ ТН боюнча коду | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигиндеги саны | Бажы жол-жобосунун коду | Наркы, сом/долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
6. Өндүрүштүк жоготуулар:
Аталышы | ЕЭБнын ТЭИ ТН боюнча коду | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигиндеги саны |
1 | 2 | 3 |
|
|
|
7. Калдыктар:
Товардын аталышы | ЕЭБнын ТЭИ ТН боюнча коду | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигиндеги саны | Бажы жол-жобосунун коду | Наркы, сом/долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
8. Ташып киргизилген товарлардын кайра иштетүү продуктуларын идентификациялоонун ыкмасы (ыкмалары): _________________
9. Эквиваленттүү компенсациясына уруксат берилди:
Товардын (товарлардын) аталышы | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча коду | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигиндеги саны | Наркы, сом/долл. |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
10. Кайра иштетүү продуктуларын чыгып кеткен жөнөтүүсү: ________________________
11. Өндүрүш процессин кыскача сүрөттөө: ______________________________________
12. Кайра иштетүүнүн мөөнөтү: _______________________________________________
13. Уюм(дар)-кайра иштетүүчү(лөр): ________________________ (аталышы, турган орду,
___________________________________________________________________________
почта дареги, өндүрүштүк кубаттуулуктун турган орду, телефон, мобилдик телефон, факс)
Товардын (товарлардын) аталышы | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча коду | ЕЭКБнын ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигиндеги саны | Наркы, сом/долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
14. Кайра иштетүү үчүн товарларды ташып кирүү жүзөгө ашырылып жаткан контракт же башка документ (контракттын номери жана түзүү датасы, контракт түзүлгөн чет өлкөлүк уюмдун аталышы) __________________________________________
15. Калдыктар ________________________________ бажы жол-жобосуна коюлууга тийиш
16. Бажынын өзгөчө белгилери:
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
Бажы органынын начальниги (анын ордундагы адам) | ___________________ | _________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
| Мөөрү |
|