Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 2798-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын
12-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 12-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
“Ички суу транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2024-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Долинка” көмөк чордонун модернизациялоо жана “Речная” көмөк чордонун реконструкциялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Долинка” көмөк чордонун модернизациялоо жана “Речная” көмөк чордонун реконструкциялоо долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2024-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Айыл Банк” ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы №2278-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага | Н. Тургунбек уулу |