Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 4-февралы № 20
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана
миграция министрлигинин “Кыргыз Республикасынын
жумушсуз/жумуш издеген жарандары катары каттоо жана иш менен
камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашыруу
боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын
24-июлундагы № 126 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издеген жарандары катары каттоо жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашыруу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 24-июлундагы № 126 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издеген жарандары катары каттоо жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашыруу боюнча методикалык көрсөтмөсүндө:
- 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Эл аралык келишимдерде коомдук пайдалуу иштерге катышкандыгы үчүн алмашуу иретинде азык-түлүк жардамын көрсөтүү каралган учурларда, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандардын эмгегин кошо каржылоо катары аталган эл аралык өкмөттөр аралык уюмдар тарабынан азык-түлүк продуктулары колдонулушу мүмкүн.”;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издеген жарандары катары каттоо жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашыруу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдүн 10-тиркемесинде:
- 4.1.-пунктта “кошумча акы” деген сөз “акы” деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4.2-пунктта “акы” деген сөз “кошумча акы” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгына:
1) Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктардын башчыларына (мындан ары – аймактык башкармалыктар):
- Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издеген жарандары катары каттоодо жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашырууда тиркелген усулдук сунуштамаларды аткарууга алсын жана нускама катары пайдалансын;
- аймактык башкармалыктардын Жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 4-февралында https://mlsp.gov.kg/ru/normativno-pravovaya-baza/ расмий сайтында жарыяланды
Министрдин м.у.а | М.А.Баймурзаев |