Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 74-т тескемеси менен бекитилди) |
2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабы
катары 2025-2030-жылдарга иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
Жаштарга өз максаттарына жетүүгө катышууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди, инструменттерди, институттарды түзүү жана өркүндөтүү | |||||
1 | Жаштарды өнүктүрүү, ишке орноштуруу жана жаш жарандардын өзүн өнүктүрүүсү боюнча улуттук жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | "Кыргызстан жаштар кыймылы" жаштар кыймылынын ишин колдоо жана өнүктүрүү | Жыл сайын | Жаштардын коомдук жана саясий процесстерге тартылуусунун деңгээли жогорулады | ММСЖСМ |
Жаштарга маалыматтык технологиялар жана инновациялар чөйрөсүндө өнүгүүгө дем берүү, ошондой эле алардын IT, санариптик технологиялар, киберспорт жана дизайн долбоорлору жаатындагы мүмкүнчүлүктөр жана келечектер тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу | 2026-жыл (биринчи этап), 2029-жыл (экинчи этап) | Маалыматтык технологиялар жана инновациялар чөйрөсүндөгү долбоор ишке ашырылды | ММСЖСМ | ||
Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен ачык коммуникациялар аркылуу ишке ашырууда ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу менен жаштардын көйгөйлөрүн чечүүнү талкуулоо жана иштеп чыгуу | Жыл сайын | 1000ден ашык жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өткөрүлдү | ММСЖСМ | ||
Жаштарды патриоттуулукка жана жаратмандыкка тарбиялоочу чыгармаларды жаратууга таланттуу жаштарды тартуу жана дем берүү | Жыл сайын | 11 номинация боюнча Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы тапшырылды | ММСЖСМ | ||
2 | Жаштар боюнча маалыматтарды чогултууну жана талдоону жакшыртуу | Жаштар саясатын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо, Кыргыз Республикасынын жаштарына тиешелүү улуттук жана жергиликтүү деңгээлде кабыл алынуучу чечимдердин сапатын жогорулатуу | 2025-жыл (биринчи этап), 2028-жыл (экинчи этап) | "Бакубаттуулук жана жаштарды өнүктүрүү индекси - БЖӨИ" улуттук изилдөө жүргүзүлдү | ММСЖСМ, коомдук бирикмелер (макулдашуу боюнча) |
Жаштарды колдоо боюнча натыйжалуу стратегияларды жана программаларды иштеп чыгуу максатында жаштардын негизги көйгөйлөрүнүн жана муктаждыктарынын аналитикалык изилдөөлөрүн жүргүзүү | Жыл сайын | Жаштардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын изилдөө борбору түзүлдү | ММСЖСМ, ЖОЖдор, коомдук бирикмелер, (макулдашуу боюнча) | ||
Жаштардын жооптуу чечимдерди кабыл алууда жана өнүктүрүүдө тең укуктуу катышуучу катары активдүү катышуусун кеңейтүү | |||||
3 | Чечимдерди кабыл алуу процессинде жаштарды тартууга жана шарттарды түзүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү | Жаштар саясаты чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн жаштардын максаттуу топторун тартуу жолу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар жана жаштар уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу | 2026-жыл | "Кыргызстан жаштарынын конгресси" өткөрүлдү | ММСЖСМ |
Кыргыз Республикасынын шаарларында балдар менен жаштардын муктаждыктарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен алардын өнүгүүсү үчүн инфраструктураны жакшыртууну камтыган жагымдуу чөйрөнү түзүү | 2025-жыл (биринчи этап), 2027-жыл (экинчи этап), 2029-жыл (үчүнчү этап) | "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы өткөрүлдү, конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды | ММСЖСМ | ||
Кыргыз Республикасынын региондорунда мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу | Жыл сайын | Кыргыз Республикасынын ар бир районунда жаштар үчүн иш-чаралар өткөрүлдү | ММСЖСМ | ||
Жаштарга алардын жашоосуна, билимине жана карьерасына таасир этүүчү негизги темалар жөнүндө жеткиликтүү маалымат берүү | 2025-жыл | "Президенттик саат" долбоорунун алкагында иш-чара өткөрүлдү | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
Региондук көйгөйлөрдү чечүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жергиликтүү кеңештердин жаш депутаттарын бириктирүүгө түрткү болуучу, тажрыйба алмашуу жана кызматташуу тармагын иштеп чыгуу | 2025-жыл | "Кыргызстандын жаш депутаттарынын корпусу" долбоору ишке ашырылды | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
4 | Жаштарды коомдук иштерге активдүү катышууга дем берүү үчүн шарттарды түзүү | Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн идеяларды иштеп чыгуу процессине жаштарды тартуу | 2026-жыл (биринчи этап), 2028-жыл (экинчи этап), 2030-жыл (үчүнчү этап) | "Кыргызстан үчүн 100 идея" улуттук конкурстун тандоо этабы өтүп, анын жыйынтыгы боюнча эл аралык жаштар долбооруна катышуу үчүн мыкты долбоорлор тандалып алынды | ММСЖСМ, |
Жаштар коомдук уюмдарын жана фонддорун колдоого багытталган мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу | Жыл сайын | Жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоого багытталган 6дан ашык коомдук пайдалуу долбоорлор колдоого алынды | ММСЖСМ | ||
Кыргыз Республикасынын региондорундагы таланттуу жаштарга дем берүү | Жыл сайын | "Ала-Тоо жазы" конкурс-фестивалы өткөрүлдү жана ар түрдүү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды | ММСЖСМ | ||
Кыргыз Республикасынын жаштарынын арасында ыктыярчылык кыймылды пропагандалоо жана популярдаштыруу | Жыл сайын | Ыктыярчылардын жана ыктыярчылык уюмдардын иши финансылык жардам, ресурстарды жана уюшкандыкта колдоо көрсөтүү аркылуу колдоого алынды | ММСЖСМ | ||
Эл аралык маданий байланыштарды чындоо жана ар түрдүү аянтчалардын алкагында жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу | Жыл сайын | Кыргыз Республикасынын жаштарынын өкүлдөрүнүн жана чет мамлекеттердин жаштарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ШКУнун, ТМУнун, КМШнын, АӨИЧКтин, ТҮРКСОЙдун алкагында эл аралык иш-чаралар өткөрүлдү | ММСЖСМ | ||
Эксперттик диалогду өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, инвестицияларды тартуу жана тоолуу өлкөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоо үчүн эл аралык платформа түзүү | 2025-жыл | 40тан ашык өлкөнүн катышуусунда дүйнөлүк тоо жаштарынын фестивалы өткөрүлдү | ММСЖСМ | ||
Коомдук турмушка ийгиликтүү адаптациялоо үчүн балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү менен иштерди уюштуруу | 2025-жыл | Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн социалдаштырууга көмөк көрсөтүүчү "Бириккен колдор" долбоору ишке ашырылды | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
Максаттуу мамлекеттик жана муниципалдык программаларга ылайык жаштардын демилгелерин колдоого алуу | Жыл сайын | Жаштардын 5тен ашык демилгелери каржыланды | ММСЖСМ | ||
Өлкөнүн региондорунда жаштарды ишке орноштурууга жана кесиптик адаптациялоого өбөлгө түзүүчү интерактивдүү фестивалды уюштуруу | 2025-жыл | "Кесиптик компас" кесиптик багыт берүүчү фестивалы ишке ашырылды | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
Ыктыярчылык ишке дем берүү, кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу жана шыктандыруу үчүн активдүү ыктыярчылардын арасында мелдештерди өткөрүү | 2025-жыл | "Ыктыярчылык оюндар" ыктыярчылар арасында мелдештер өткөрүлдү, жеңүүчү командалар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
Мигрант балдардын психикалык ден соолугун чыңдоо, социалдык көндүмдөрүн жана жеке потенциалын өнүктүрүү | 2025-жыл | Комплекстүү программа иштелип чыкты жана "Мурас" окутуучу долбоору ишке ашырылды | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
Жаштардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн комплекстүү жана системалуу жогорулатуу | |||||
5 | Жаштардын жарандык көндүмдөрүн (ыктыярчылык, жарандык катышуу, социалдык активдүүлүк) жана жаштардын республикалык да, жергиликтүү да деңгээлде биримдүүлүгүн өнүктүрүү, бул жаштарга жарандык позицияны ээлөөгө жана деструктивдик жана экстремисттик топторго тартылуудан алыс болууга мүмкүндүк түзөт | Экологиялык жактан маанилүү жана инновациялык долбоорлорду, анын ичинде айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган урбанистика жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда жаштардын жана жаштар уюмдарынын демилгелерин колдоо | Жыл сайын | 1000ден ашык жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Жашыл мурас" экологиялык кампаниясы уюштурулду жана өткөрүлдү | ММСЖСМ |
Баңги заттардын, алкоголдун жана никотиндин жаштардын ден соолугуна тийгизген терс таасири жөнүндө маалыматтык иш-чараларды жүргүзүү, сергек жашоо образынын принциптерин илгерилетүү | Жыл сайын | Жалпы билим берүү мекемелеринде жаштар арасында баңгизаттарды колдонуунун, тамеки чегүүнүн алдын алуу боюнча 30000ден ашык катышуучунун катышуусунда профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү | ММСЖСМ | ||
Жергиликтүү маанидеги маселелерди козгогон чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жаштардын активдүү катышуусун камсыздоо | Жыл сайын | Өлкө региондорунда жаштар кеңештери түзүлдү | ММСЖСМ | ||
Сергек жашоо образын популярдаштыруу үчүн жаштар арасында республикалык футбол турнирин уюштуруу | 2025-жыл | Жаштар арасында "Жаш Мурас" футбол турнири өткөрүлдү | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
6 | Заманбап методдорду колдонуу менен санариптик мейкиндикте жаштар менен иштөөнү күчөтүү | Санариптештирүү жаатында диалог, жалпы көйгөйлөрдү талкуулоо жана биргелешкен чечимдерди табуу үчүн эл аралык платформаны түзүү | 2025-жыл | "ШКУнун жаштар санариптик форуму" "ШКУнун жаштар кеңеши" уюштурулду | ММСЖСМ |
Жаш ишкерлер арасында социалдык ишкердикти жана стартаптарды колдоону күчөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Жыл сайын | "Жаш ишкер" (Jash Ishker) программасы иштелип чыкты жана өткөрүлдү | ММСЖСМ | ||
Өлкөнүн региондорунда жаштардын өзүн өнүктүрүүсү жана өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Жыл сайын | Өлкөнүн региондорунда 3төн ашык жаштар борборлору курулду жана модернизацияланды | ММСЖСМ, коомдук уюмдар, ЖӨБ (макулдашуу боюнча) | ||
Жаштарга өзүн-өзү көрсөтүү, идеялар менен алмашуу, жаштардын актуалдуу көйгөйлөрүн чагылдыруу жана медиа компетенцияларды өнүктүрүү үчүн платформаны камсыз кылуучу жаштар медиа-борборун түзүү | 2025-жыл | Жаштардын, ишкерлердин жана коомдук ишмерлердин ийгиликтеринин тарыхы жарыяланды | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
Таланттуу жана билимдүү жаштарды аныктоо жана колдоо үчүн окуучулар менен студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн жогорулатуу үчүн интеллектуалдык оюндарды өткөрүү | 2025-жыл | "Акыл Ордо" интеллектуалдык оюну өткөрүлдү | "Кыргызстан жаштар кыймылы" КБ (макулдашуу боюнча) | ||
Кыскартуулардын тизмеси
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
МСЗ | - | мамлекеттик социалдык заказ |
БЖӨИ | - | бакубаттуулук жана жаштарды өнүктүрүү индекси |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
ТМУ | - | Түрк мамлекеттер уюму |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жай |
АӨИЧК | - | Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме |
КМШ | - | Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
БУУӨП | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы |
ЕККУ | - | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм |
ШКУ | - | Шанхай кызматташтык уюму |
ЮНФПА | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду |
ТЮРКСОЙ | - | Эл аралык түрк маданияты уюму |