Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-февралы № 74-т
"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 562 "2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабы катары 2025-2030-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планынын ресурстук наркын баалоо 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты берип турсун.
4. Ушул тескемени ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-декабрындагы № 322-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 12 (3668) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |