Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 10-февралы № 72-т
Социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу, ички рыноктун туруктуулугун жана толтурууну камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, 2025-жылы ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ушул тескеме менен бекитилген Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты берип турсун;
2) ушул тескеме менен бекитилген Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 46-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Индикатор/ күтүлгөн натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары |
1 | Социалдык маанилүү товарларга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу | Номенклатуралык (азык-түлүк) товарларды сатып алуунун эсебинен мамлекеттик материалдык резервдерди толтурууну жүргүзүү | Мамлекеттик материалдык резервдер толукталды | ӨКМ, САЧКӨМ | Дайыма | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
2 | Номенклатуралык (азык-түлүк) товарлардын интервенцияларын жүргүзүү | Азык-түлүккө болгон баанын кескин өзгөрүшү текшиленди | ӨКМ, САЧКӨМ | Зарылдыгына жараша | ||
3 | Социалдык маанилүү товарларга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында алардын баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү | Социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүнө жол бербөө | ЭКМ | Зарылдыгына жараша | ||
4 | Социалдык маанилүү товарлардын ички өндүрүшүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Социалдык маанилүү товарлардын ички өндүрүшүн жана бодо мал, кой-эчки, канаттуулар жана балыктар үчүн тоют өндүрүшүн көбөйтүү боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу | Импортко карата ата мекендик өндүрүштүн үлүшү жогорулады. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун жана башка программалардын алкагында жеңилдетилген кредиттер берилди | САЧКӨМ, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча), "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | Жыл ичинде | "Айыл Банк" ААК, "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча) тарабынан каралган каражаттардын, чарбалык субъекттердин жана жеке жактардын каражаттарынын алкагында |
5 | "Айыл Банк" ААКка жана "Элдик Банк" ААКка "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында социалдык маанилүү товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду артыкчылыктуу тартипте каржылоо сунушталсын | Социалдык маанилүү товарларды өндүрүү менен алектенген субъекттерге агроөнөр жай жабдууларынын лизинги жана жеңилдетилген кредиттер берилди | САЧКӨМ, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча), "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО, "Айыл Банк" ААК, "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча) тарабынан каралган каражаттардын алкагында | |
6 | Социалдык маанилүү товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү пландаштыруу | Өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана социалдык маанилүү товарларды жеткирүүгө контракттарды түзүүдө социалдык маанилүү товарларды ата мекендик импорттоочуларга көмөк көрсөтүү | Социалдык маанилүү товарларды жеткирүү камсыздалды | САЧКӨМ, ЭКМ, ТИМ | Зарылдыгына жараша | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
7 | Фермерлерден жана өндүрүүчү заводдордон азык-түлүк товарларын азык-түлүк рынокторуна үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу | Фермерлерден жана өндүрүүчү заводдордон айыл чарба продукциясын ички рынокторго жеткирүүнү уюштуруу (жарманкелер ж.б.) | Тамак-аш азыктары менен ички жабдуунун туруктуулугу камсыз кылынды | САЧКӨМ, ЭКМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жаз-күз мезгилдери, зарылдыгына жараша | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
Социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын жеткиликтүү баада сатуу үчүн социалдык соода павильондорун уюштуруу | Социалдык соода павильондорунун ачылышы | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2025-жылдын 1-декабры | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында | ||
8 | Социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарлардын чекене бааларына сурамжылоо жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарларга рыноктук чекене баалар боюнча маалыматтар базасы даярдалды | ЭКМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
9 | Социалдык маанилүү товарлар рыногундагы атаандаштык чөйрөсүнүн абалына мониторинг жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарлар рыногундагы кырдаалга баа берүү | Социалдык маанилүү товарлардын товардык рынокторунда атаандаштык жөнүндө мыйзамдардын бузулушу четтетилди | |||
10 | Социалдык маанилүү товарлар менен рынокту толтуруунун деңгээлине талдоо жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарларды ташып кирүү жана ташып чыгуу жөнүндө ыкчам маалыматтарды чогултуу | Рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу жөнүндө аналитикалык маалыматтар иштелип чыкты, зарыл болгон учурда бааларды кармап туруу боюнча алдын алуу чараларын көрүү боюнча сунуштарды киргизүү | САЧКӨМ, МСК, МБК | Ай сайын, айдын 5ине чейин (МСК, МБК). Квартал сайын, айдын 10уна чейин (САЧКӨМ) | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
11 | Аштык буудайдын, кант кызылчасынын, картошканын, пияздын айдоо аянттарынын көлөмүн болжолдоону камсыз кылуу | Айдоо аянттарынын структурасына, түшүмдүүлүктүн динамикасына жана өсүмдүктөрдү дүң жыйноого талдоо жүргүзүү | Өсүмдүктөрдүн иш жүзүндөгү өсүш темпине жараша республика боюнча өндүрүштүн көлөмдөрүн өнүктүрүү болжолун эсептөө | САЧКӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2025-жылдын 1-марты | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
12 | Социалдык маанилүү товарлар менен камсыз кылуу маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жана ишкерлердин (анын ичинде базарлардын администрацияларынын) кызматташтыгын уюштуруу | Мамлекеттик органдардын, рыноктун катышуучуларынын (өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, соода тармактары ж.б.) жана ЖӨБ органдарынын ортосунда азык-түлүк коопсуздугун жана калкты жеткиликтүү баадагы социалдык маанилүү товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун алкагында кызматташуу жөнүндө макулдашуулардын (меморандумдардын) долбоорлорун иштеп чыгуу | Макулдашууларга/ меморандумдарга кол коюлду. Калкты жеткиликтүү баадагы социалдык маанилүү товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери иштелип чыкты | ЭКМ, САЧКӨМ | Зарылдыгына жараша | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
13 | Ички рынокту коргоо жана өнүктүрүү максатында социалдык маанилүү товарлардын экспортуна убактылуу тыюу салууларды же сандык чектөөлөрдү киргизүү | Социалдык маанилүү товарлардын экспортуна убактылуу тыюу салууларды же сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу | Калктын социалдык маанилүү товарларга болгон муктаждыгын жабуу камсыздалды | САЧКӨМ, ЭКМ | Зарылдыгына жараша | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
Ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу | Экспорттук алымдарды жана квоталоо системасын киргизүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу | Суроо-талап менен сунуштун ортосундагы баланс камсыз кылынды | ||||
14 | Социалдык маанилүү товарларга салыктык жеңилдиктерди берүү | Социалдык маанилүү товарларга салыктык жеңилдиктерди берүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу | Социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүнө жол бербөө | ЭКМ, САЧКӨМ, МСК | Зарылдыгына жараша | Тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан каралган каражаттардын алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрели № 253-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ