Загрузка документа…
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралындагы № 7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №9
“Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына Европалык өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланып бүткөн насостук станцияларын күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/694 сандуу каты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын Европалык өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланып бүткөн насостук станцияларын күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Турдубеков |