Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VI сессиясынын
2025-жылдын 26-февралы №7
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 13.02.2025-жылдагы кезектеги V сессиясынын №9 токтому жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/1001 сандуу каты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 13.02.2025-жылдагы кезектеги V сессиясынын №9 токтому жокко чыгарылсын.
2. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып бүткөн Пригород суукампасын (Водозабор) ичиндеги жабдуулары менен (идентификациялык номер 3-10-02-0020-0603) күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адиси (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Турдубеков |