Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 10-февралы № 87-чуа
КР КЧ 40-04:2025 «Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
Жаңы курулуп жана реконструкцияланып жаткан өндүрүштүк, коомдук жана турак жай имараттарында суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун ички тутумдарын долбоорлоого талаптарды белгилеген жалпылоочу ченемдик документти түзүү жана жаңылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Тиркелүүчү КР КЧ 40-04:2025 «Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө бул буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында КЧжЭ 2.04.01-85* «Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы» бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып колдонулушу жокко чыгарылсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Иманакун уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
| Н.К. Орунтаев |