Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2024-жылдын 11-декабры № 2619-VII
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 2832-VII токтому)
Мамлекетибиздеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү, жүргүзүлүп жаткан ири реформаларды, калк турмушун жакшыртуу жаатындагы жетишкендиктерди эске алып жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, эркиндигин, бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин даңазалаган жана кыргызстандыктардын келечекке умтулуусу менен үмүтүн чагылдырган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу зарылчылыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринен, жазуучулардан, композиторлордон, окумуштуулардан, башка маданият ишмерлеринен жана чыгармачыл инсандардан турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо боюнча ведомстволор аралык адистештирилген комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлоруна республикалык сынак жарыяласын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын долбоорлорун талкуулоого коомчулуктун кеңири катышуусун уюштурсун жана камсыз кылсын.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары кирсин:
С.М.Зулпуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Рустамбек уулу С. - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.Т.Бердиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Б.А.Марипов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан;
А.Т.Маткеримов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинен.
3. Ведомстволор аралык комиссия сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын эң мыкты 3 долбоорун 2025-жылдын 21-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 2832-VII токтому)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |