Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-январы № 19
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 "Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан маселелерди регламенттөө максатында, "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 "Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелеринде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү операторлору жыл сайын 2028-жылга чейин жогоруда аталган Эрежелердин 8-пунктунда каралган талаптарга ылайык маалыматтарды сактоо көлөмүн көбөйтүүгө милдеттүү.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелеринде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, маалымат берүү кызматтары жөнүндө маалыматтар оператор белгилеген формадагы кайрылуунун негизинде маалымат берүү абоненттерине же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө гана берилиши мүмкүн. Үчүнчү жактарга маалыматтарды берүү кызматтары жөнүндө маалыматтар мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде гана берилет. Маалымат берүү кызматтары жөнүндө төмөнкү маалыматтар, ошондой эле окуялар журналынын жазуулары (log-файлдар) маалымат берүү оператору тарабынан маалымат берүү кызматын алган учурдан тартып үч жылдан кем эмес сакталат:
1) абонентти белгилүү бир убакыттын ичинде Интернет протоколунун дарегине (IP-дарекке) байланыштыруу (фамилиясы, аты, атасынын аты, кошуу дареги, тариф, телефон номери, тармактык даректерди кайра өзгөртүүдө IP-даректерди салыштыруу (Network Address Translation, ж.б.);
2) сеансты каттоо мезгилинин башталышы (Datetime);
3) сеансты каттоо мезгилинин аягы (Datetime);
4) баштапкы IP-дарек (Source IP);
5) баштапкы порт (Source Port);
6) алуучунун IP-дареги (Destination IP);
7) алуучунун портунун номери (Destination Port);
8) пакеттердин саны (Packet number);
9) байттардын саны (Bytes number);
10) тармактык агымдын (Netflow/Netstream) маалыматтарына же протоколдун дарегинин агымы (IPFIX) жөнүндө маалыматтын экспортуна негизделген протокол (Protocol);
11) домендик ат (Domain name) (бар болсо);
12) акыркы түзүлүштүн дарегине кирүүнү башкаруу дареги (МАС-дарек);
13) тармактык агымдын протоколу (Netflow/Netstream) же протоколдун дарегинин агымы (IPFIX) жөнүндө маалыматтын экспорту боюнча.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-январындагы № 4 (3660) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |